Орус ишкерлеринин Кыргызстанга кызыгуусу күчөдү

Орусиялык ишкерлер Кыргызстанда энергетикалык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга да кызыкдар. (Сүрөттө:Камбар-Ата-2 ГЭСи)

Орус ишкерлери өзгөчө Кыргызстандын энергетика, тоо-кен тармактарына инвестиция салууга кызыкдар болуп жатат.
Бул маселе Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Орусиянын аймактык кызматташтыгын кеңейтүү максатын көздөгөн эки күндүк жыйында айтылды.
28-ноябрда баштаган форумга катышып жаткан орусиялык ишкерлер энергетика, айыл чарба жаатындагы долбоорлор менен бирге тоо кен тармагын иштетүүгө да инвестиция салуу ниетин билдирип жатышат. Кыргыз тарап кызматташтыктын мындай багыттары кабелтең инвестицияга жол ачат деген үмүттө.

Кабелтең инвестицияга үмүт

Бишкектеги конференцияга Орусия өкмөт мүчөлөрүнөн сырткары Москва, Санк-Петербург, Свердлов, Омск облустарынан келген ишкерлер бир катар тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жол-жобосун талкуулашты.

Орусиялык ишкерлерди кызыктырган тармактарды биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” мындайча санап берди:

- Энергетика, тоо кен, айыл чарба, туризм логистика сыяктуу тармактар бар. Буга көптөгөн ишкерлер келип, мүмкүнчүлүктөрдү карап жатышат. Алар бул тармактарда кандай мүмкүнчүлүк бар экенин, биздин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана аймактардын жетекчилери менен талкуулашы керек. Мындан конкреттүү жыйынтыктар чыкса анда биз конференция максатына жетти деп эсептейбиз.

Кыргыз тарап кызматташтыктын мындай багыттары кабелтең инвестицияга жол ачат деп үмүттөнүп жатат.

Ал эми Орусиянын өкүлдөрү болсо Кыргызстанда тиешелүү шарт болсо эле ишкерлер бир катар долбоолорго акча салууга даяр экенин билдиришти.

Орусиянын Экономика министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташуу жана интеграция департаментинин директору Сергей Чернышевдин айтымында, экономикасы өтө тездик менен өнүгүп жаткан Кытайга чектеш жайгашкан Кыргызстанда иш алып барууга орусиялык ишкерлердин кызыгуусу күч:

- Кыргызстан географиялык жайгашуусунан улам эле Борбор Азияда стратегиялык ролду ойноого жөндөмдүү. Ошондуктан Кыргызстан өтө тездик менен өнүгүп жаткан Кытай менен евразиялык аймакка көпүрө боло алат деп ойлойм. Ошондуктан бул тармактагы өнөктөштөрүн аныктоого Кыргызстандын өкмөтү менен эли өтө чоң маани берсе керек.

Жыйында негизинен үч келишим, эки меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, уран калдыктарын каршы жок кылуу боюнча биргелешип иш алып баруу, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын Орусияга чыгаруу боюнча бирдиктүү система түзүлмөкчү. Ошондой эле макулдашылган меморандумдардын негизинде мамлекеттик “Инвесторгбанктын” Кыргызстанга өкүлчүлүгүн ачылып, “Росагромаш” ассоциация аркылуу айыл чарба техникасы жардам катары берилет.


Кытайга кызгануубу?


Мына ушундай аймактар деңгээлиндеги кызматташууда кандай майнап чыгат деген суроо да кабыргасынан коюлууда.

Саясат таануучу Сергей Масаулов бул жолку келишимдер ишке ашаарынан күмөн санабайт:

- Чындыгында эле бир кездери Орусия менен Кыргызстан ортосунда мамиле солгундап, орус тарап Кыргызстанда бир иш жасаардан мурун шектенүү менен карап калган. Бирок азыркы тапта Орусия Кыргызстандын учурдагы бийлигине ишенип, стратегиялык өнөктөш катары санай баштады. Анын үстүнө Орусиянын элитасы Кыргызстанды мурункудай бир кезде бир өлкө болчубуз деп эле койбой, геосаясий мааниси бар өлкө катары карай баштады.

Ошол эле учурда айрым талдоочулар Орусия Кытайдын Борбор Азиядагы активдүүлүгүн байкап, региондо таасирин биротоло жоготуп албаш үчүн Кыргызстанга көбүрөөк көңүл бура баштаганын айтышууда.

Маселен, экономикалык эксперт Азамат Акелеев Орусиянын аймактарынын келген ишкерлердин кен иштетүү менен гидроэнергетикалык тармактарга маани беришине орус бийликтеринин көрсөтмөсү себеп болушу мүмкүн деп боолгот:

- Бул жерде саясий максат алгачкы орунда турат. Орусиянын экономикасы жогортодон төмөндү карай, буйруктун негизинде иштейт. Мындан улам Орусия бийлиги азыр ишкерлерге Кыргызстанга көңүл бургула деген буйрук берсе керек. Өзгөчө тоо кен жана энергетика тармагында. Акыркы учурда ШКУнун алкагында Кытай менен Орусия ортосунда атаандаштык жаралып жатат. Себеби Кытай көптөгөн маанилүү тармактарда активдүү саясат жүргүзүп, орусиялыктарды мындай аракеттерге түртүп жатат.

Ал ортодо экономика министрлиги быйыл Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 1,5 млрд. доллар болгонун билдирди. Бул санды жакынкы жылдары 2 миллиард долларга жеткирүү аракети болоору да айтылууда.