Оштогу орус чек арачыларынын макамы аныктала элек

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Чүйдөн Ош шаарына которулган Орусиянын чек ара кеңешчилеринин тобунун макамы аныкталган эмес.
Мына ошондуктан аскер адистери алардын кеңеш берүүдөн башка дагы кандай иштер менен алектенип жатканы түшүнүксүз экендигин белгилешүүдө.

Өткөн жылы Тажикстандагы орусиялык чек ара кеңешчилери тыңчылык менен алектенет деген маалымат тарап, ал эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын ортосундагы кайым айтышууга чейин жеткен.

Коогалаңдан кийинки орун которуштуруу

Мурда Чүй облусунун аймагында турган Орусиянын чек ара кеңешчилеринин тобу 2010-жылы июнь калабасынан кийин Ош шаарына которулган. Жалпы саны кырк офицерден турган орусиялык чек арачылар шаардын чок ортосундагы менчик үйдү ижарага алып, өз алдынча мекеме катары пайдаланышат.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева орусиялык чек ара кеңешчилер тобу жергиликтүү кесиптештерине чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн келгенине токтолду:

- Бул кеңеш берүүчү аппарат чек араны кайтаруу боюнча кеңеш берет. Кээ бир учурда чек арага байланыштуу укуктук ченемдерди иштеп чыгууга көмөктөшөт. Жалпысынан алганда алар биздин өздүк курамдын моралдык-психологиялык даярдыгы, тылдык камсыздоо жана аскердик күжүрмөн даярдык боюнча кеңеш берип келатышат.

Бирок орусиялык чек ара кеңешчилеринин макамы жана алардын Кыргызстанда жүрүүсүнүн жалпы жоболору аныкталбай калган. Мына ошондуктан аталган орусиялык аскер кызматкерлери кандай дипломатиялык кол тийбестикке ээ, же алардын ишмердүүлүгү кандай мыйзамдар менен жөнгө салынат деген сыяктуу суроолорго Кыргызстандын чек ара кызматынан жооп ала алган жокпуз.

Коопсуздук боюнча адис Иманберди Жалилов орусиялык чек ара кеңешчилеринин Кыргызстанда жүрүшү эл аралык укуктук ченемдерге туура келбей тургандыгын белгиледи:

- Жалпы КМШга кирген өлкөлөрдүн түштүк багытындагы чек ара коопсуздугун бекемдөө деген шылтоо менен Орусиянын чек ара кызматынын оперативдүү тобунун иштөөсүнө уруксат берилген. Бирок мына ошол уруксат эл аралык укуктук ченемдердин алкагында жүргүзүлгөн эмес. Мына ошондуктан алар жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиш керекпи? Аталган аскер кызматкерлери кандай иш-аракеттерге укугу бар, кандайына жок экендиги атайын документте көрсөтүлбөй калган. Мына ошондуктан алардын ишмердүүлүгү боюнча бүдөмүк пикирлер орун алууда. Керек болсо аталган аскер кеңешчилери деген макамын бекитүү жагы эки тараптуу расмий макулдашууда каралып, парламентте ратификациядан өткөн эмес.

Тажикстанды чочуткан чек ара кеңешчилери

Былтыр Тажикстандын чек ара аскерлеринин кол башчысы Шерали Мирзонун орусиялык чек ара кеңешчилери милдетин аткарбастан, тыңчылык менен алектенет деген билдирүүсү жарыяланган болчу. Буга чейин тажик-ооган чек ара тилкесинде 300дөн ашуун орусиялык чек ара кеңешчилери иштеген. Мына ошондон кийин алардын саны жүз офицерге кыскарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Кыргызстанда деле расмий жана жашыруун абалда тыңчылык кылган чет өлкөлүк резидентуралар бар экендигин айтты:

- Мына ошол оперативдүү чек ара кеңешчилер тобунун Ошко барып калышы июнь окуясынан кийинки бийликтин чечими болду. Чынын айтканда алардын кандай иштерди аткараарын такташ керек. Муну биздин атайын кызмат кылыш керек болчу. Бирок анын азыркы абалын көрүп турасыңар. Учурда ар кайсы мамлекеттердин атайын кызматтары Кыргызстандын аймагын расмий түрдө да, расмий эмес, жашыруун негизде да тыңчылык кылуунун аянтына айландырып алышкан.

1999-жылы Орусия чек арачыларын Кыргызстандан алып чыгып кеткенден кийин жергиликтүүлөргө көмөктөшүү үчүн чек ара кеңешчилеринин тобу калтырылган. Кеңеш берүү милдетин өзүнө алган аталган топтун өздүк курамы кээде кыскарса, кээде көбөйтүлүп турган.