Иш издеп баратып ажал тапкан мигранттар

Иллюстрациялык сүрөт

Орусияга ишке бараткан кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды.

Жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын биринин сөөгү 9-декабрда Кыргызстанга жөнөтүлөт. Калган үч маркумдун тек жайын аныктоого, документтерин даярдоого убакыт керек. Кыргызстандын Оренбургдагы консулу Таалайбек Жандар уулу буларды айтты:

- Бир маркумдун туугандары табылды. Документтери жанында экен. Калган үчөөнүн денеси катуу күйүп кеткендиктен туугандары таанып, документтерин даярдаш керек.

8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак жолунун 76-чакырымында «Тойота Превна» каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан. Кырсыкта 29, 34, 35 жана 38 жаштагы төрт кыргыз жараны каза таап, дагы үч кыргыз жабыр тарткан. Консулдун билдиришинче, ооруканадагы бир адамга операция жасалды, экинчиси стационарга которулду, үчүнчүсү реанимацияда жатат. Кырсыкка кабылган Ысык-Көл, Нарын облусунун тургундары Орусияга иш издеп келатышкан.

- Эки машине тең күйүп кеткен экен. Үч бала эптеп сыртка чыккан. Үчөө ошол жерден күйүп кеткен, төртүнчүсүн терезеден чыгарып жаткан маалда үзүлгөн. Ошентип төрт жигит каза болуп, үчөө ооруканада жатат. Эгер дарыгерлер уруксат берсе, алар менен жолугуп, чоо-жайын сураштырып көрөбүз, - деди Таалайбек Жандар уулу.

Ал эми «Мерседес Спринтерде» бараткан Өзбекстандын жараны ооруканада жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жол кырсыгынан жабыркагандарга зарыл болгон жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Милдеттүү камсыздандыруу аракети

Өкмөт чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткириш үчүн 2018-жылдын июнь айынан бери 50 миң сомдон жардам бөлүп келет. Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов буларды айтты:

- Компенсация боюнча быйыл 279 арыз түшүп, 275и боюнча чечим чыкты. Жалпысынан 2019-жылдын ноябрь айына чейин 13 290 000 сом төлөндү. Төрт арыз боюнча документтери толук болбой калып, жөлөкпул берилген жок. Толуктап келишсе, дагы деле ала алышат. Ал эми 2018-жылы 191 арыз каралып, 8 миллион сомдон ашык жардам берилди.

Мындай жөлөкпулду адам каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана тууганчылыгын аныктаган документ менен алууга болот.

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет жакта кырсыктагандарга көмөк көрсөтүш үчүн мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу демилгесин бир топтон бери көтөрүп келатышат. Чет жакка ишке чыгып бараткан жарандарды өз өмүрүн камсыздандырууга милдеттендирүү менен сөөк жеткирүү көйгөйүн гана чечпестен, көпчүлүк учурда багар-көрөрүн жоготкон үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүүгө болоорун белгилеп келишет.

Толкунбай Акматов

Былтыр ноябрда Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен президентке караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш кеңеши түзүлгөн. Кеңештин мүчөсү Толкунбай Акматов мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу демилгеси анда да көтөрүлгөнүн белгилейт:

- Орусияда иштеген камсыздандыруу компаниялары менен сүйлөшүп, алардын ишин карап көрдүк. Башында өкмөттүк эмес эле, мигранттардын фондун түзүү тууралуу ой болгон. Бирок кийин адам фактору таасир этип, ар кандай алдамчылыкка жол берилбесин деп, өкмөттүк болсо туура болот деп чечкенбиз. Бир жараныбыз чет жакка чыгарда 200 сомду камсыздандырууга төлөп берсе, кийин кырсыкка кабылган, каза болгондорго 100-150 миң сомдон жардам көрсөтүүгө болот экен. Бул демилгени президентке караштуу кеңештин жыйынында да айтканбыз. Бирок өкмөт "Конституцияда "жарандар чет жакка тоскоолдуксуз чыгууга укуктуу" деп жазылган, милдеттүү камсыздандырууга болбойт" деген позицияда турат. Депутаттар шайлоо алдында элге жаман көрүнүп албайлы деп, мындай мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан жок. Бир жагынан элде да өкмөткө ишенич жок. "Ал акчаны ким жеп коёт?" деп чочулагандар андан көп. Мыйзам кабыл алып, ушундай фонд түзүп, анын коомдук кеңешине ишеничтүү адамдар кирсе, ошондо иш жүрөбү деп ойлойм. Антпесе, талаш-тартыш менен эле бир орунда турабыз.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогондуктан, бул иш убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Орусиянын органдарынын маалыматына ылайык өлкөдө 750 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча быйыл жыл ичинде Москва шаары менен облусунан Кыргызстанга 136 адамдын сөөгү жөнөтүлгөн. Ал эми сентябрда ТИМдин башчысынын орун басары Азамат Усенов жети айда Орусиядан 430 мигранттын сөөгү келгенин кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​