Жалал-Абад: Автобус айдоочулар иш таштады

  • Ырысбай Абдыраимов

Иш таштоочулар айлык маянанын аздыгына, аялдамаларда автобус токтотууга шарттын жоктугуна жана өз билдирүүлөрү мындан беш күн мурун берилген шаар мэри, облус башчысы келип, алардын муктаждыктарын укпаганына нааразы болушуп, талаптары аткарылмайын иш таштоо токтотулбай тургандыгын 8-июлда алар менен автобазада жолугушкан шаардык мэриянын бөлүм башчысы Малика Мустапакуловага да билдиришти.

Ишке чыкпай, автобазанын короосунда турган автобустар жана башка техникалар, иш таштаган жумушчулар , алар көйгөйлөрүн жана талаптарын мэриянын өкүлдөрүнө айтышууда

Жалал-Абаддын көчөлөрүнө чыкпаган автобустардын ордуна жүргүнчүлөрдү кичи автобустар менен менчик таксилер ташып жүрүшөт.