Белгилүү себептерден улам каарманыбыздын ысымы өзгөртүлдү. Айбек башка балдар короодо ойноп жүргөн чакта тагдырдын буйругу менен кышы-жайы дебей талаалап мал багып, азаптуу күндөрдү башынан өткөргөн. Ата-энесинен эрте ажырагандыктан бала бөтөн үй-бүлөдө опол тоодой түйшүк тарткан:
- Апам каза болуп калганда таежемдин күйөөсүнүн инисинин үйүндө жашап калдым. Ал үйдөн көп таяк жедим. Күнүгө эртең менен туруп, талаага мал жайчумун. Кээде кечинде бирөөсүн жоготуп алып же таппай калсам аябай урчу. Дайыма көзү-башым көк ала болуп жүргөндүктөн мектепте көп шылдыңга кабылдым. Башкалардан таяк жедиң деп мени шылдыңдашчу.
Ал үйдө Айбектен сырткары мал караган өзү менен тең жаштагы төрт бала жашачу. Алардын ичинен бирөө буга дейре көргөн азапка чыдабай качып кетет. Бирок аны кармап келип, катуу жазалашкан. Мындан көп өтпөй Айбек да качып кетүү тууралуу ойлонот. Мал жайып жүрүп Бишкекке кетчү жолду билип калган бала эч кимге үн козгобой Бишкекке жөө келе берген. Үч күндөн кийин Бишкекке келип, борбор калаадан эжесин издеп отуруп Ош базарга жетет. Мына ошол жактан баланын окуясы ачыкка чыгып, аны балдардын укугун коргоо борборуна алып келишет. Азыр Айбек жаңы жашоо баштап, башынан өткөн азаптуу күндөрдү эстегиси келбейт:
- Күнүгө жатаарда кантип качсам экен деп план түзчүмүн. Тээтиги тоодон өтсөм эле таппай калат деп ойлочумун. Ошондой эле болду. Азыр ал күндөрдү эстегенде ыйлагым келет. Башыман өткөн окуялардын баарын унутуп, жаңы жашоо баштагым келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Учурда аталган борбордо турмуштун ар кандай сыноосуна кабылган Айбек сыяктуу 30 чамалуу бала бар. Бул утурумдук жашоого гана шарт түзүлгөн борбор болгондуктан ар бир баланы убактысы бүтөрү менен үй-бүлөсүн таап же башка үйдө жашаганга шарт түзүп беришет. Адатта мындай кырдаалга кабылган адамдар өздөрүн кыйнагандарга арыз жазып же укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Айбек, анын эжеси да башкалар сыяктуу ал кишиге каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан.
Мыйзамга ылайык, 18ге жашы жете элек балдардын билим алууга, ден соолугун чыңдоо жана социалдык камкордук укуктары мамлекет тараптан коргоого алынышы керек эле. Бирок көбүнесе жогорудагы укуктарды ишке ашырууну бейөкмөт уюмдары аткарып келет. Балдардын укугун коргоо борборунун адиси Гладис Темирчиеванын айтымында, атайын комиссиянын чечими аркылуу балдардын келечеги аныкталат:
- Биздин борбордо балдар убактылуу гана болушат. Бул убакыттын аралыгында атайын психологиялык жактан да көмөк көрсөтүлөт. Андан ары биз атайын комиссия түзүп, баланын эгер үй-булөсү болсо аларды таап, үйүнө кайтарабыз. Бирок айрым учурда балдар үйүнө бөлгөнгө туура келет.
Айбектин бир тууган эжеси Алтынай Алыбек кызына байланышка чыкканыбызда, ал буга дейре баланын мындай шарттарда жашаганын билбегенин, учурда тиешелүү документтерди топтоп, жакын арада алып кетүүгө даярданып жатканын айтты:
- Чынын айтсам Айбектин мындай абалда экенин билген эмесмин. Өзүмдүн балдарым болуп, шартым болбогондуктан айылга көп барчу эмесмин. Бирок барган туугандарыбыз “баары жакшы, жакшы эле жүрөт” деп айтышчу. Учурда бардык справкаларды топтоп жатам. Апамдын кара кагазын алдыргандан кийин баланы алып кетем.
Ушул тапта Айбек жашоодон көптү үмүттөнүп, эжесин тапканына кубанычын жашырбайт. Айбек билим алып, келечекте мыкты журналист болсом деп кыялданат.