Бишкекте адвокат Айткуловду сабап кетишти

Адвокат Икрамидин Айткулов өз үйүнүн жанында сабалгандан кийин. Бишкек, 13-ноябрь, 2013. (Сүрөт Икрамидин Айткуловдун бир тууганы Хансар Айткуловдун Facebook баракчасынан алынды.)

Кечээ кечинде оор жараат менен ооруканага түшкөн адвокат Икрамидин Айткулов бүгүн реанимациядан кадимки бөлмөгө которулуп, абалы туруктуу экени кабарланууда.
Адвокат Икрамидин Айткуловду 13-ноябрь күнү кечки саат ондор чамасында үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкенин “Азаттыкка” анын иниси Хансар Айткулов маалымдады. Анын айтымында, токмоктолгон адвокатты жакындары эс-учун жоготкон абалында таап, Бишкектеги №4 ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалып, буту сынганын билдиришти:

- Башы жарылып, мээси чайкалган. Тиштери күбүлгөн. Бутун сындырышкан. Атайын үйдүн түбүнөн күтүп туруп, Икрамидин автоунаасын коюп, үйгө кирип келе жатканда башка урушкан окшойт. Жыгылып калганда дагы тепкилеп, бутун сындырышкан өңдүү. Биз муну атайын буйрутма менен жасалган иш деп эсептейбиз. Анткени анын жанындагы акчасына, автоунаанын ачкычына тийишкен эмес, болгону телефонун көтөрүп кетишкен, - деди Хансар Айткулов "Азатыкка". Ал ошондой эле агасы бүгүн таңга жуук эсине келгенин кошумчалады.

Айткуловдун сабалышы боюнча Свердлов райондук милициясы иликтөө иштерин баштады.

Икрамидин Айткулов бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары көбүрөөк белгилүү. Ал “Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын, экс-министр Равшан Сабировдун, “Мегаком” иши боюнча айыпталып жаткандарды сотто жактап келген.

Айрым каяшалары үчүн Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лицензиясын чакыртып алуу маселесин Башкы прокуратура бир нече жолу көтөргөн болчу.