Президенттин теги, Чубак ажынын чуусу, Оштогу тентектер

Бишкек

“Азаттык” окурмандардын талабын эске алууга умтулат. Кайсы бир окурман саясатты, дагы бири экономиканы, ал эми үчүнчүсү адам тагдырын окугусу келет. Төмөндө бир жыл ичинде эң көп окулган он бир макала да жашоонун ар кыл учурларын чагылдырган. Аларды биз бүгүн 2016-жылдын соңунда дагы бир жолу назарыңыздарга сунуштайбыз.

25.01.2016

Агентке алданган мургапчы кыз

Tажикстанга караган бийик тоолуу Мургаб районунда интернеттин келиши менен күйөөгө чыгам деген кыздардын алданып калган учурлары да каттала баштады. Мургаб районунун борборунда жарык дүйнөгө келген, Кыргызстандан билим алган Гүлкайыр ооган чек арасына жакын айылдардын бирине келин болгон. Вотсап (WhatsApp) аркылуу таанышып, анан алданып калган кыз окуясын айтып берип, сөзүн өз турмушун баяндоодон баштады.

- Азыр интернет аркылуу таанышкандар көп эмеспи, силерде да ошондой көрүнүштөр барбы?

- Бизде бар, интернет аркылуу таанышып, ала качкандар көп болгон. Мисалга, бир кыз интернеттеги агент аркылуу бирөө менен таанышып, сүйлөшүп жүргөн. Бирок тиги "жигит" ал жакка өзүнүн сүрөтүн эмес, башка баланыкын коюп таанышкан. Той болгонго чейин экөө бири-бирин көргөн эмес. Той болор күнү кыз күйөөнү биринчи көрөт, ал кырк жаштан өткөн, улгайган киши экен. Кыз ага турмушка чыгып жатканына аябай ыйлаган. Бирок кыздын атасы кудаларга макулдугун берип койгон экен, кызын болбой эле кармата берди.

http://www.azattyk.org/a/tajikstan_compartios_murgab/27504356.html

21.02.2016

Бир үйдү баккан 13 жашар кыздын түйшүгү

Бир үйдүн тиричилиги башына түшкөн 13 жашар Айчүрөк Сулайманова эки жарым жылдан бери базарда желим баштык терип, майып энесин жана инисин багып келген.

Айчүрөк: Эки досум бар. Алар да мага окшоп базарда иштешет. Бирөө цехте кийим тигет. Бирөө соодага чыгат. Ошол үчөөбүз жүрөбүз. Башка кыздар кошпойт да бизди.

“Азаттык”: Эмнеге?!

Айчүрөк: Силер базарда иштейсиңер. Подвалдарда жашайсыңар деп айтышат. Алар бай кыздар да. Алардын үйлөрү сонун. Кээ биринин үйүндө атайын үй жыйнаган кызматчылары, өздөрүнүн жеке бөлмөлөрү бар. Биз ал кыздардан ылдый турабыз да...

Бул макаладан кийин Айчүрөктүн жашоосу башка нукка түштү. Март айында Айчүрөк жана анын үй-бүлөсү бардык шарты бар батирге көчтү, андан кийин аларды Москвага, Биринчи каналдагы “Мужское/Женское” берүүсүнө чакырышты. Президент Алмазбек Атамбаев кызга 50 миң сом жана китеп белек кылды.

Учурда Айчүрөк апасы жана кичүү иниси менен ошол батирде жашап жатат. Кыз окуп, бий жана спорт гимнастикасына барып жатат.

http://www.azattyk.org/a/child-labor-the-story-of-aichurok/27558339.html

13.02.2016

Москвада аялды өлүмдөн куткарган Марат

Ош жергесинин кулуну Марат Исаевдин Москвада иштеп жүргөнүнө сегиз жылдын жүзү болгон. Ал жумуштан кийин үйүнө кайтып бараткан кезде "Красносельская” станциясында бир аял эсин жоготуп, рельске кулаган. Марат ага жардам көрсөтүү үчүн полиция кызматкери менен бирге поезддин жолуна секирип түшкөн.

Марат Исаев менен Артем Королюк

- Жумуштан үйгө метро менен барам. Станцияма жетип, поездден чыкканда эле “аял рельске кулап кетти” дешип баары ызы-чуу болуп калышты. Муну уккан полиция кызматкери чуркап жетип, аялдын артынан рельске секирип түштү. Бирок аялды көтөрүп чыгара албай койду. Аны көрүп эле жардам берейин деп, алардын артынан метронун жолуна секирип түштүм. Экөөбүз бирге көтөрө коёлук дегенибиз менен аялды көтөрүп чыгара албадык. Ангыча эле поезддин келе жаткан үнү угулду. Биз аялды поезддин жолундагы аңга сүйрөп барып жаткырып, өзүбүз дагы ал ошол жерге узунубуздан жата калдык. Поезд токтотулса дагы аябай катуу ылдамдыкта келгендиктен, биз анын астында калдык. Аялдын кыймылдаганын сезип, полиция кызматкерине "Тез жардам" чакыр деп айттым. Анан жөрмөлөп вагондун алдынан чыгалы десек, машинист “ордуңардан жылбагыла, ток тартат” деп кыйкырып калды, - деген Марат "Азаттыкка".

Бул эрдиги үчүн Москва шаарынын мэри Сергей Собянин кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкту эрдик көрсөткөнү үчүн сыйлаган. Ошондой эле Исаевге 2016-жылдын 10-мартында Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сыйлык тапшырды. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да көрсөткөн эрдиги үчүн Марат Исаевге ыраазычылык билдирип, кол саат жана акчалай сыйлык берген.

http://www.azattyk.org/a/moscow_kyrgyz-accident/27549404.html

02.03.2016

Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу учкай кеп

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов президент Алмазбек Атамбаевдин тегин сүрүштүргөн макаласын жазды. Бул окурмандар арасында кызуу талкуу жаратты.

"Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу алгачкы маалыматты “Зиябиддин Максым” фондунун төрагасы, раматылык Муктар Бостонбаев агамдан 10 жыл илгери уккан элем. Анда Кокон ордосунда хандыктын тарыхын жазган Зиябиддин Максымдын улуту - кыргыз, уруусу - төөлөс, жердиги - Ноокат экенин жаңыдан эле тактап, тарыхчынын 1666 беттен турган “Фергана хандарынын тарыхы” аттуу Стамбул университетинин китепканасынан табылган кол жазмасын кирил тамгасына котортуп, китеп кылып чыгаруу менен алектенип жүргөн учур эле.

Маркум Муктар акенин айткан маалыматы боюнча, азыркы президент Алмаз Шаршеновичтин Норузбай аттуу чоң аталары Полот хандын (айтылуу Молдо Исхак Асан уулу, 1844-1876) жакын кол башчыларынан болуп, кийин Полот хан Кокондун акыркы эгемен ханы катары даргага асылган соң, Абдылдабектин кошуунуна кетет.

Падышалык жазалоочу аскердин куугунтугунан улам Алымбек датка уулу Абдылдабек Ооганстанга кеткенде, жанындагы жигити Кашкарга кетип, андан Чүйгө, азыркы Арашан айылына келип туруп калганы тууралуу маалыматты жазуучу Акбаралы Мусабеков айтып берген.

Ошондон бери бул пикир көпкө чейин үстөмдүк кылып келди. Алмаз Шаршенович да эки-үч курдай эл менен жолугушуу учурунда: “Айрым уламыштар боюнча менин чоң аталарым Полот хандын кол башчыларынын бири болгон” деп айткан жайы бар", - дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_atambayev_ancestors_archive_blog/27584821.html

08.06.2016

Чубак ажынын опузасы коомду чочутту

Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев кайым айтышты.

Жалилов мындай мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды "динге каршы чыкты" деп айыптап чыкты. Анын билдирүүсүн "экстремисттик чакырык" деп баалап, диний кастыкты козуткан деген берене менен иш козголушун талап кылгандар болду.

Чубак ажы Жалилов

Чыр президент Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, ал өлкөнүн светтик мүнөзүн бузууга жол берилбей турганын жана дин ишмерлеринин саясатка кийлигишүүсүнө каршылыгын билдирди.

Буга чейин Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев намазканага байланыштуу талашып-тартышкан эле. Жанар Акаев Жогорку Кеңеште жана башка мамлекеттик мекемелердеги намазкана кайсы каражаттын эсебинен курулганы ачык болушу керек дегендей пикирин билдирген. Чубак ажы Жалилов болсо анда да депутатты динге каршы чыгып жатат деп айыптаган.

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_religion_security/27786378.html

26.07.2017

Ош: Өмүрзаковдун “өзгөчө” балдарынын жоруктары

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго караштуу делген Оштогу спорт клубдун балдарынын жүрүм-турумуна нааразылыктар арбын.

- Ошто кайсы жерде чыр чыкса, ошо жерде “Мухаммед-Умардын” балдарынын башы чыгат. Алар ушул күндөрү деле басып алуу, рэкетчилик, уруп-сабоо, талап-тоноо иштерин коркпой улантып жатышат.

“Баланчанын башын жарып койду, түкүнчөнүн бутун сындырып койду, машинесин тартып алды” деген нерсе азыр бизге жаңылык деле болбой калган. Бирок алар жасаган бир да кылмыш тергелбейт, бардыгын басып коюшат.

Былтыркы жылы “Мухаммед-Умар” спорт клубунун балдары Ошто бир нече милиция кызматкерин, көп өтпөй мамлекеттик автоинспекция кызматкерлерин сабап салганы белгилүү болгон. Окуя боюнча видеолор интернетке тараганы менен, жабырлануучулар да, айыпталуучулар да бул маалыматтарды төгүндөп чыгышкан.

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_osh_sport_club_criminal/27877817.html

02.10.2016

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.

Алар меймандарды Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий, дасторкон толо дүйүм тамактар менен коноктоду. Сапардын соңунда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салчу меморандумга кол коюшту.

Бул жолугушуу тууралуу Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков:

- Эки тараптын расмийлери, маданий ишмерлери жакшы маанайда жолугуп, баарлашып жатканы да жакшы жышаан, жакшыга жоруй турган окуя. Кошуна жайгашкан кыргыз-өзбек мамлекеттеринин ымаласы бүгүнкү нотадагыдай динамика менен өнүгүп кетсе, бул көп жылдан берки сууп кеткен мамилени кайрадан жаңыртат деп кабылдасак болот. Бул жалпы региондун өзүнө да позитив берет. (http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_uzbekistan_politics_border/28027086.html)

14.10.2016

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

Маркумдун кызы Жылдыз аны райондун имамы мусулман динине кайт деп мажбурлаганын, ачык мазактап-кодулаганын, атүгүл таш бараңга алуу тууралуу сөздөр да болгонун айтып берди. Имам болсо сөөктү көмдүрүүгө айыл эли каршы чыкканын жүйө келтирди.

- "Ушул диниңден кайтасың, кайрадан мусулманчылыкты кабыл аласың" деп мажбурлашты. Анын баарын видеокамерага тартып алышты. Мен апам үчүн макул болдум. Келмелерди айтып, динимден кайтарып алгандан кийин “бизге жер бересиңерби, табыт эки күндөн бери турат, жыттанып да кетти” десек “жок, биз жер бербейбиз, корооңорго көмгүлө, эмне кылсаңар ошону кылгыла” деди.

Окуядан кийин кылмыш иши козголуп, көр казгандардын иши сотко өткөн.

(http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ala_buka_religion_funeral_scandal/28052926.html)

07.11.2016

Президент депутаттын сөзүнө терикти

КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаевдин бийликтин кемчиликтин баарын бирөөгө оодарып, каралоону токтотуу жана бир адамдын айтканындай ойлонууга мажбурлаган саясаттан баш тартууга жасаган чакырыгы коомчулукта кызуу талкууланды.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерди куттуктоо учурунда Жанар Акаевдин саясатка келишине каржылык салымын кошконун баса белгилеп, ишара кылганы да мамлекет башчысы деңгээлиндеги адамга жарашпас майдачылдыгы катары саясий чөйрөдө сынга алынды.

Ушундан кийин депутат Жанарбек Акаев Facebook баракчасында президент Атамбаевдин бул айтканына эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин падышалар тууралуу жазган ыр саптары менен жооп кайтарган. Анда:

“Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт”, - деп жазылган эле.

(http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_politics_atambaev_janar_akaev/28100689.html)

16.12.2016

Жалгыздын өлүмү, жосунсуз жорук

Ош шаарына караштуу Жапалак айылында теңтушун өлтүрүүгө шектелип камалгандарды куткаруу үчүн марафон уюштурулганы кабарланды.

Айыл эли бир өлүм үчүн беш баланы каматып жиберүүдөн пайда жок дешет.​

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нурсултандын өлүмү Жапалакты бөлдү

Классташтарынын колунан ажал таап, сөөгү дээрлик үч айдан кийин талаадан табылган Нурсултан Насиров апасы Шарипа Насирова:

- Мен 4-сентябрда жоголгон уулумду үч ай издедим. Үч айдан кийин баламдын сөөгүн талаадан таап, ар жерден чогултуп, араң жерге бердик. Жалгызым эле. Эмнеге анча тепкилешет? Эмне үчүн талаага көмүшөт? Эмне үчүн баарын билип туруп, мага кошулуп издешет? Аларга керек бала мага керек эмес бекен? Мен ошол беш баланын баары өмүр бою эркинен ажыратылышын каалайм.

(http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_osh_crime/28178317.html)

24.12.2016

Атамбаевдин Өзбекстанга сапары

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда бир күндүк иш сапар менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барды.

Сапар учурунда Атамбаев Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барып куран окуп, гүлчамбар койду.

Атамбаев Ислам Каримовдун бейитине гүл койду

Президент Алмазбек Атамбаев өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда ага сапар менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Көз карандысыздык үчүн күрөштүн убагы бүткөнүн, эми экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасап, чектөөлөр менен маанисиз тоскоолдуктарды алуу керектигин айтты. Ошондой эле эки элдин илгери жалпы мамлекети - Кокон хандыгы болгонун, ортодо чек ара жок болгонун эске салды.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымга жакындайт. Анын 320 чакырымы тактала элек жана басымдуу бөлүгү талаштуу тилке болуп саналат.

(http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_uzbekistan_central_asia_politics/28195015.html)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.