Репрессия эч кимди аяган эмес

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында катаал жаза өкүм сүрүп, ага миллиондор туш келген.

Жазалоо 1937-38-жылдары өзгөчө күчөгөн. Кыргызстан компартиясынын ошол кездеги жетекчиси Алексей Вагов, республиканын Ички иштер комиссарлыгынын жетекчиси Иван Лоцманов мына ушул канды булоон учурда баарынан алдыда болгусу келишкен.

Изилдөөчүлөр ырастагандай, Кыргызстанда 12 жаштан 82 жашка чейинки карылар эркинен ажыратылган. Өспүрүм балага “бухаринчи” деген жалаа жабылып, ал эми аксакал мамлекеттик сырды жарыя кылгандыгы үчүн атылган.

“Эл душманын” табуу мелдеши

Кыргызстанда канча адам репрессияга кабылганы ушу кезге чейин так эмес. Бул пикир Бишкекте өткөн “Тарыхый эстутум: саясий репрессиялар жана алардын капшабы” деген эл аралык илимий конференцияда да айтылды. Башка республикаларда деле жагдай ушундай. Оор кылмышка тиешеси барлар бул иштин көп айтылбай, жашырын сыр катары жабык калышын каалашкан.

Унутта калган репрессия курмандыктары

Унутта калган репрессия курмандыктары

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

Бекем катылган ошондогу опсуз кыргындар тууралуу маалыматтар Никита Хрущевдун тушунда бир четинен ачыла баштаганынан чочулап, колу канга малынып калгандардын кыйласы ээлеген кызматынан, таасиринен пайдаланып, маанилүү документтердин көбүн жок кылууга жетишкен. Польшанын Лодзински университетинин профессору Альбин Гловацки Бишкектеги эл аралык илимий конференцияда:

- Ыкчам бүткөрүлчү тапшырма болгон репрессиянын курмандыктарынын так тизмеси, аларды жок кылган желдеттердин аты-жөнү аталышы керек. Адамды аянбай жок кылган бул канкорлордун аты-жөнү жашыруун калып, алар көзүн тазалаган саясий курмандыктардын сөөгү кайсы жерге жашырылганы да белгисиз калууда. Алар жасаган кылмыштарынын изи билинбей калышын каалашат. НКВДнын поляк операциясы тууралуу маалыматтарды көпчүлүк эл билбестигин эске алып, билинбей калып бараткан тарых мектептерде окутулса жакшы болмок. Польшанын Улуттук эстутум институту бул боюнча жакшы окуу китебин даярдаган, - деп айтты.

Эки согуш ортосунда СССРде 140 миң Польша жарандары репрессияланган.

Ким билет, социализм тарых тактысынан кулап түшпөсө кандуу иштин капшабы мезгилдин өтүшү менен унутулуп, ал тууралуу кеп болбой, акыйкаттын ачыкка чыгышы дагы кыйлага созулуп кетиши деле мүмкүн болчу.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштууларынын аракети менен ушу тапта Коопсуздук кызматынын архивинде сакталып турган материалдар орусчадан кыргызчага которулуп, "Эскерүү китеби" түзүлдү. Бул иштин башында турган тарых илимдеринин кандидаты, коопсуздук кызматынын ардагери Болот Абдрахмановдун айтымында, китепке керектүү маалыматтардын баары киргизилген.

- 3,5 жыл ичинде архивдеги 13,5 миң кылмыш иши каралып чыкты. Илимий-изилдөөчү топ репрессиялангандар тууралуу маалыматтардын текши баарын орус тилинен кыргызчага которуп чыкты, - деди Болот Абдрахманов. - 4 миң барактан турган 20 миңден ашуун кишинин маалымат базасы системага салынды. Репрессиянын масштабы адамды айран калтырчу деңгээлге жеткен. Ага 16 жаштагы баладан 82деги чалга чейин камтылган. Системага 1920 – 1953-жылдардагы кылмыш иштери салынды. 1918-жылдан 1920-жылга чейинки материалдар Ташкенттин архивинде. "Эскерүү китеби" 10 томдон турат, азыр алгачкы нускасын гана чыгардык. Жакын арада аны толугу менен чыгарабыз. Максат – акыйкатты ачыкка чыгаруу. Атылган, сүргүнгө айдалган, камалган адамдар тууралуу маалыматтар топтолду.

Репрессия СССР аймагынын бардык жеринде бирдей жүргөн. Бардык жерде "эл душмандары", "чет өлкөлөрдүн тыңчысы", "мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 1938-жылы кандуу жазалоонун арааны жүрүп турган чагында Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Вагов ички иштер кызматынын жетекчиси Лоцмановду “эл душмандарын” арбын тапкандыгы, иштеги демилгеси үчүн жеңил машине берип сыйлаган.

“Жайлоодо Алаш менен Туран аксакалга жолуккам”

Иш кызуу жүрүп турган учурда кайсы бир аймакта “эл душмандарынын” саны негедир 99 адамга гана жетип калганына ичи чыкпаган Фрунзедеги жетекчилердин көңүлүнө жагыш үчүн жергиликтүү НКВД баштыгы сыртка чыга коюп, уюн жетелеп кетип аткан жөн-жай адамды кармап, уюн байлатып, так эсеп үчүн жүзүнчү кылып бейкүнөө эле бирөөнү соттоп ийгенин Кыргызстандагы репрессия тарыхын изилдеп келаткан окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев маалымдады:

- Мендеги маалымат боюнча, Кыргызстанда, мисалы, Нарын районунда "кичинекей бухаринчилер" деп мектепте окуган 12 жаштагы балдарды чыгарышкан. Эң карысы, 82 жаштагы аксакал "мамлекеттик сырды сактабаган чыккынчылыгы үчүн" деп Нарындын түрмөсүндө атылган. Демек, бизде жаш өзгөчөлүгү жагынан 12 жаштан 82 жашка чейин тартылган. Кыргызстандагы репрессиянын өзгөчөлүгү кандай? 1937-жылдын 4-сентябрында Ежовдун сунуштамасы менен Кыргыз ССРинин ички иштер эл комиссары болуп Лоцманов дайындалган. Ал келери менен райондор ортосунда НКВДчылардын социалисттик мелдешин уюштурган. Архивдик маалыматтарда Беловодск НКВДсынын башчысынын рапорту сакталып калган. Анда ал 99 эл душманын кармаганын айтат. Борбордогулар: “Эмнеге 99? Жүзгө теңеп койгула!” дешет. Тигил сыртка чыкса бир киши уюн жетелеп кетип баратыптыр. Анын уюн мамыга байлатып киргизип тигинден: “Сен качан Алаш-Ордо партиясына мүчө болгонсуң? Социал-туран партиясына кантип мүчө болгонсуң?” деп сураса, ал байкуш “Мен жайлоодо жүрүп Алаш менен Туран аксакалга жолуккам, ошондон бери көрө элекмин” дейт. Мына ушундай акылга сыйбас иштер менен репрессия жүрүп атса, 1937-жылдын 31-декабрында ВКП(б) Кыргыз БКнын биринчи катчысы Вагов Лоцмановго жеңил машине берип, аны репрессияны дагы күчөтүүгө шыктандырып салат.

Жертөлөдөгү кыйноо

Кыргыздын мыктылары бир четтен камалып, адам чыдагыс азаптарды көрүп жатканын сезип-туюп чыдай албай Абдыкадыр Орозбеков ушу тапта Бишкектеги “Раритет” китеп дүкөнү турган жердеги НКВДнын камалгандарга адам чыдагыс азап-тозокторду көрсөткөн жертөлөсүнө өзү кирип барып, күнөөсү болсо жазалап, ак болсо актап чыгарышын талап кылып, кандуу капканга өзү барып кабылганын небереси Жылдыз Орозбекова айтып берди:

- Ал өзү НКВДнын жертөлөсүнө кирип чыгып келаткан жеринен кармашат. Бекем кучактап алып кирип кетишет. Ал "мен эл душманы эмесмин, барып айтам" деп кирген экен. "Мен акмын, совет бийлигине иштегемин" дейт. 1937-жылы 20-сентябрда түрмөдөн чыкпай калат. Ошондон 1938-жылдын 18-майына дейре суракка алышат. Күнүгө. Тиштери жок. Бармактары менен тырмактарын эшиктин кырчоосуна салып эзип, азапты көрсөтүшкөн. КГБ архивиндеги делосунда атам тууралуу маалыматтар турат. Ошо даярдаган айыптоолорго кол коюш керек экен. Менин атам болсо кол койбой койгон.

Дагы караңыз Тыныстановду окутканы үчүн жазаланган карыя

Ишеналы Арабаевдин үй-бүлөсү да репрессиянын азабын баштан кечирген. Улуу агартуучунун небереси Майрамкан Арабаеванын айтуусунда, Ишеналы Арабаевди эч кимге айтпай капыстан келип кармап кетишкен.

- Эч кимге айтпай, иштеген жеринен эле алып кетип атса эмне болот? - деди Майрамкан Арабаева. - Чоң жоготуу, жалаң эле туугандарына эмес, кыргыз элине чоң жоготуу. Жалгыз эле Ишеналы Арабаев эмес, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сындуу кандай залкар адамдарды жаш кезинде жок кылышкан!

1991-жылы сталиндик репрессиянын 138 курмандыгынын сөөгү табылып, ал жер “Ата-Бейит" деп аталып, кандуу жазалоонун курмандыгына айлангандарды эскерчү ыйык жай болуп калды. Чоң-Таштагы кыш заводунун чуңкуруна көмүлгөндөрдүн сөөгүн казып чыгып, алардын ким экенин иликтеп, кайра сый-урмат менен жерге көмүү жөрөлгөсүн уюштургандардын бири, коопсуздук кызматкери Болот Абдрахмановдун маалыматына караганда, тизмеде 137 адамдын кимдиги такталган. Ал эми 138-адам ким экендиги белгисиз калган.

- Тактоо: мен өз колум менен каздым да, - дейт Болот Абдырахманов. – Ошондо, чынын айтканда, биз 138 кишинин сөөгүн чыгардык. Бул иштин уникалдуугу КМШ боюнча жалгыз табылган жер болуп атат. Ошол 3-3,5 метр тереңдиктеги кыш бышырчу чуңкурдан сөөктөр менен кошо кийимдердин фрагменттери чыга баштабадыбы. 53 жыл ичинде ошондой шарттар түзүлүп, кийимдер чирип кетпептир. Ошолордун арасында Төрөкул Айтматов менен Жусуп Абдрахмановдун айыптоо өкүмдөрү чыгып калды. 5-ноябрда 1938-жылы “жапондун шпиону, эл душманы атылсын" деп Лоцмановдун колу менен. Анан ошол документтин копиясын архивден караганда 137 кишинин ысмы чыгып атпайбы. Ошолордун ичинде Исакеев, Тыныстановго окшогон биздин аталарыбыз. Биз казганда 138 кишинин сөөгү чыгып атат. Бир кишинин сөөгү - биз кийин талдадык - же бул тизмеге кирбей калган киши, же болбосо ошол жерде капыс күбө болуп калып, атып салып ыргытып ийишкен. Анын атын билбейбиз, бирок бир киши айырмаланып турат.

Дагы караңыз 1937: Актыгы ачыкка чыкпагандар

Кыргызстанда канча киши репрессияга кабылганы тууралуу так маалымат жок экенин Жумагул Байдилдеев да ырастап, ал жазалоого кабылгандардын саны болжол менен 40 миң адамдын тегерегинде экенин билдирди:

- Муну бир да илимпоз так айта албайт. Болжол менен бүгүнкү күндө 40 миңге жакын адам деп, ушуну менен жыйынтыктап келатабыз. Мына жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги архивдик материалдар жарыяланып, "Эскерүү китеби" чыкканы турат. Ошондогу акталгандардын тизмеси 20 миңге чамалаш деп атышат. Ал эми бүгүнкү күнү эч бир тарыхчы канча адам болгонун так айта албайт.

"Эскерүү китебин" түзүп жаткан илимий топтун жетекчиси Болот Абдрахманов репрессиядан 20 миң кыргызстандык жабыркаганын айтат:

- КГБнын атайын фондундагы мурда жабылган, репрессияга дуушар болгон 13,5 миң кылмыш иштерин изилдеп чыккан соң биздин Кыргызстанда 1920-жылдан 1953-жылга чейин репрессияга дуушар болгон 20 миң кишинин ысымдары бар. Алардын арасында эң көбү кыргыздар, орустар, уйгурлар. Ошол учурда Кыргызстанда жашап аткан дунган, корей, поляк – 55 улуттун өкүлдөрүн биз ушул жерден таптык.

Дагы караңыз Чынчыл коммунисттин чыркыраган чындыгы

Кийинки ачылган архивдик материалдар бу кандуу иш пландуу жүргөнүн, ар бир аймакка, союздук республикаларга чоң борбордон канча кишини атуу, канчасын түрмөгө тыгып, сүргүнгө айдоо боюнча тапшырма берилип, анын ишке ашырылышы “темир кол” комиссар Николай Ежовдун тушунда так текшерилип турган. Ошол башкы НКВДчы кол койгон буйрукка ылайык Кыргызстанга 1-категорияга кирчү 250, экинчи категорияга кошулчу 500 кишини камакка алуу планы 1937-жылы келген. Республиканын коопсуздук менен ички иштерин жетектеген комиссар Лоцмановдун аракети менен бул сан үч эсе көбөйтүлүп, ашыгы менен аткарылган. 1-категорияга киргендер жазанын эң ооруна – атууга кетчүлөр. Экинчи категориясы узак мөөнөткө абакка кесилчүлөр, сүргүнгө айдалчулар. Бул мезгилде кулакка тартылгандардын саны 3 миңге жакын адамды түзгөн. Миллиондон ашуун калкы бар республика үчүн бул канабайрам аябай эле оордук келтирген.

А бирок репрессия чалгысы опсуз көп кишинин өмүрүн кайсап ийгенинен чочулаган коопсуздук кызматынын өзү бир топ иштерди кайра карап, абакта жаткандардын айрымдарын актап, кыйла иштерди токтотууга далбас урган.

Никита Хрущёвдун ХХ курултайдагы айтылуу баяндамасынан кийин бул иш кыйла жанданып, жүз миңдеген адамдар акталышкан, жабык жайларда, эмгек лагерлеринде, абактарда отургандардын көбү боштондукка чыккан.

Никита Хрущёвго жазган катында ошол кездеги прокуратура, коопсуздук кызмат жетекчилери “үчилтик”, “өзгөчө кеңешме” тарабынан 4 миллионго жакын адам соттолгонун, анын 643 миңи атууга кеткенин, 2,5 миллионго жакыны узак мөөнөткө түрмөгө камалганын, миллионго жакын адам эркинен ажыратылганын билдирген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаш-карыны аябаган репрессия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.