"Таблиги жамааттын" жаштарга жайган тузагы

Бишкек шаарындагы мечит.

Жогорку Кеңеште “Таблиги жамаат” боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 7-февралдагы парламент жыйынында "Ислам изилдөө институту "Таблиги жамаат" диний кыймылын жайылтууга салым кошуп жатат" деп айтып чыкты.

Ал институттун талкууга чыгарылган иликтөөсүн мисал келтирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) буга көңүл бурууга чакырды.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, Ислам изилдөө институту жүргүзгөн иликтөөлөрдүн биринде "Жаштар арасында "Таблиги жамаатка" ыктагандар көп" деген өңүттө тыянак чыгарылып, коомдук талкууга коюлган.

- Алардын "жаштардын көбү "Таблиги жамаат" кыймылын жактайт",- деп жазганы мени тынчсыздандырууда. Эмне болуп жатканын элестетип көрдүңөрбү? Муну ошол кыймылдын жаштар арасында популярдуулугун ашырууга болгон аракет деп эсептейм. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, Ислам таануу институтунун ишмердигин карап, алар жүргүзгөн изилдөөнүн чоо-жайын текшерүүнү суранам.

​Ислам изилдөө институту жаштардын радикализмге азгырылышынын күңгөй-тескейине баа берген изилдөөсүн 2017-2018-жылдары жүргүзгөн.

Ага катышкан адистер анда бир катар диний уюмдардын аталышы жазылып, жаштардын көбү башка уюмдарга салыштырмалуу "Таблиги жамаатты" жакшы билерин айтышкан.

Евробиримдик каржылаган изилдөөнүн жыйынтыгы коомдук талкууга коюлган эмес, бирок быйыл январдын аягында Интернетке чыгарылган.

Изилдөөнү жүргүзүүгө катышкан эксперт жана “Таблиги жамаат” тууралуу илимий китептин автору Канатбек Мурзахалиловдун белгилешинче, изилдөө үгүт максатында эмес, жаштарды радикалдашууга түрткөн жагдайларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн.

Канатбек Мурзахалилов.

- Ал жерде эч кандай үгүт жок. Бир гана "Таблиги жамаат" эмес, Кыргызстандагы жамаат аттуунун баары көрсөтүлгөн. Алардын ичинен жаштар "Таблиги жамаат" жөнүндө кабардар дегенди билдирип жатат. Жаштар, эксперттер арасында сурамжылоо, фокус группалар өтүп, изилдөөнүн методологиясында болгон. Бул өтө чоң, көлөмдүү изилдөө. Жаштарды радикалдаштырууга кайсы факторлор, эмне түрткү болуп жатат деп, ошол жерде кайсы диний уюмдарды билесиңер деген суроо болгон.

Кыргызстанда ислам жана ага байланышкан татаал процесстерди изилдөөчү, көз карандысыз илимий институт 2014-жылы ачылган.

Дагы караңыз Президент исламды булгабоого үндөдү

Институттун башкы максаты - исламдагы агымдар, кыймылдар жана уюмдар жөнүндө маалыматтарды элге туура жеткирүү менен диний радикализмдин алдын алуу, диний сабатсыздыктын шартында мамлекетке жана коомго андан сактанууга көмөктөшүү экенин мекеменин директору Маметбек Мырзабаев билдирди.

Ал бардык аймактарда жүргөн көлөмдүү изилдөөнүн толук отчету коомго чыга электигин кошумчалады:

Маметбек Мырзабаев.

- Илимий изилдөөдө көйгөйдү иликтеген адам өзү каалаган жыйынтыгын чыгарып койбойт. Андай кылса, илимий изилдөө болбойт. Социалдык изилдөөдө ким кандай жооп берсе, болгону болгондой чыгат. Илимий изилдөөлөрдү саясатташтыруу коркунучтуу жана өкүнүчтүү. Биз дагы расмий жооп даярдап жатабыз. Биз деле радикалдашуу тууралуу кырдаалды күч органдарына пайдалуу болсун деп иликтеп жатабыз.

"Жаштардын көбү ушул кыймылга ыктайт же ал тууралуу билет" деген изилдөөнүн жыйынтыгы - Кыргызстанда ушул уюм активдүү иш алып барат дегенди билдирет.

Институт Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун өкүлдөрүнүн көп болушу кооптуубу же жокпу, анын коопсуздукка тийгизген таасири туурасында да өзүнчө изилдөө жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мамлекеттин диний саясатын, ушул багытта жасап жаткан иштерин жетишсиз деп сынга алды. Ал жаштардын көбү динди сырткы формасына карап кабыл алып жатканын айтты.

Исхак Масалиев.

- Биздин диний башчыларыбыз кайсы багыт, кайсы кыймыл зыян, кайсынысы жакшылык алып келерин өздөрү түшүнбөйт. Менин коркконум, өкүнгөнүм биздин жаштар кээ бир учурда түшүнүп-түшүнбөй, сырткы формаларга азгырылып, "таза мусулманбыз" деген ишеним менен жашап жатат. "Мен дааватка чыктым, сен да чыгышың керек, чыкпасаң мусулман эмессиң" деген талап таптакыр башкача болуп жатат. Мен ошого кайгырам, туура эмес болуп жатат. Аны жаштарыбыз түшүнбөй туруп, "Исхак аке, сиз "Таблиги жамаатка" каршы сүйлөп койдуңуз, мусулман эмессизби?" деген сөздөрдү айтышат.

“Таблиги жамаатты” Кыргызстан мүчө болгон ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) жана ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюму) "экстремисттик уюм" деп тапкан.

Кыргызстандын кошуна жана стратегиялык өнөктөш өлкөлөрү саналган Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган.

Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келет.

"Таблиги жамаат" уюм катары Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин каттоосунда турган эмес. Эксперттер аны агым деп атоо туура эмес деген пикирде. Уюмдун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат. Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары мүнөздөшөт.

Дагы караңыз "Таблиги жамаат" жараткан суроо


Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир”, Жихад Союзу, "Жайшүл Махди" сыяктуу экстремисттик-террордук уюм катары таанылган агымдарга аралашып, алардын куралына жана жемине айланып жаткан жаштардын катары да калың экени соңку кезде көп айтыла баштады.

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен “Таблиги жамаат” уюму тыюу салынбаган жалгыз өлкө болгондуктан дааваттын КМШ аймагындагы борбору катары да кабылданып жүрөт.

Анткени Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан атайын Кыргызстанга келип, дааватка чыккандар жок эмес. Ошол эле кезде ондогон кыргызстандык дааватчылар Орусияда жана Казакстанда ишмердик жүргүзгөнү үчүн соттолушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.