Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов да өз кызмат ордунда калды. Курултайда ошондой эле муфтияттын уставына кошумча-алымчалар киргизилди.
Токтомушев: Чогуу иштөөгө чакырам
Курултайда муфтийлик кызматка жалгыз Максат ажы Токтомушевдин талапкерлиги көрсөтүлдү жана аны 220га жакын делегат бир добуштан колдоду. Ал өз сөзүндө эбегейсиз чоң жоопкерчилик жана ишеним артылып жатканын түшүнөрүн, кызматын өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен аткарууга даярдыгын айтты. Дин адамдарын чогуу аракет кылууга чакырды:
- Бул жогорку кызматта мен сиздердин ар бириңиздердин насаатыңыздарга, жолдомоңуздарга жана дубаңыздарга муктажмын. "Бир бутак дарак болбойт" деп айтылгандай, бул ишти жеке адам жакшы ийгиликке жеткирүүсү мүмкүн эмес. Келиңиздер, баарыбыз жапа тырмак Кыргызстандын келечеги үчүн, жаштарыбыздын ыймандуулугу үчүн иштеп, кыямат күнгө чейин келе турган урпактарыбызга элибиздин, мамлекетибиздин эгемендигин, дин тутуу эркиндигин татыктуу тапшырып берүүгө чогуу аракет кылганга чакырам.
Талапкерлигин алып койгон аалымдар
Муфтийлик кызматка башында үч адамдын талапкерлиги сунушталган. Бирок курултайдын алдында Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов менен Ош облусунун мурунку казысы Ниязалы Арипов шайлоого катышуудан баш тартканы маалым болгон. Мындан улам коомчулукка аларга басым болду деген сөздөр да тараган. Мусулмандар курултайында Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп кайра шайланды. Ал талапкерлигин алып салганынын себебин коомдогу ынтымак-биримдикти сактоо ниети менен түшүндүрдү:
- Диний кызматкерлер дайыма саясий чөйрөдөгү кызматкерлерге, мамлекет башкаргандарга үлгү болушубуз керек. "Баш сынса жака ичинде, кол сынса жең ичинде" кала турган саясатты үйрөтүшүбүз керек. Биз карапайым элдин эки-үчкө бөлүнүшүн каалабайбыз. Биз дайыма башкаларга үлгү болуп, ынтымактуу иштегенди, анча-мынча ачууларды ичине катып, жалпы элдин биримдигин, ынтымагын алдыга койгонду өзүбүздүн аракетибиз менен көрсөткөндү кааладык. Менимче, Аалымдар кеңешинин жарыман көбү алмашты. Жеке баамымда бул кеңешке мурдагыдан да күчтүүрөк, өз пикири бар, аксакал адамдар келди. Кийинки төрт жылдыкта Аалымдар кеңеши мурдагы чакырылыштан да кызуурак, күрдөөлдүүрөк иштейт деп ойлойм.
Ниязалы Арипов да ага кандайдыр бир басым болду деген сөздөрдү четке какты:
- Менин талапкерлигим дин таануучулар тарабынан коюлган. Биз акыл калчап натыйжада азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев ишин улантсын деген чечимге келдик. Мына ошол себептен талапкерлигимди кайтарып алдык. Исламда ынтымак, биримдик дайыма биринчи орунда турат. Алла Таала Курани Каримде бөлүнбөй биримдикте иш алып баргыла, жакшылыкта жарышкыла деген буйругун айткан.
Нарматов: Кыргызстанда дин эркиндиги абдан жакшы
Аалымдар кеңешинин кайра төрагасы болуп шайланган Абдышүкүр Нарматов Кыргызстандагы диний эркиндикти айрым коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу мыкты деп баалады:
- Кудайга шүгүр, биздин Кыргызстан мекенибизде дин эркиндиги болуп көрбөгөндөй. Биз Аалымдар кеңеши түштүктү кыдырып Лейлекке барганыбызда союздун убагында окуган, окуткан устаздарыбыз Тажикстанга өткөндө ал жактагы айрым карыялар, аксакалдар "Кыргызстан аалымдарына, имамдарына берилген мындай эркиндик Бухара амиринин кезинде да берилген эмес" деп сөз кылышыптыр. Кудайга шүгүр, кыргызымда "чар тарабым кыбыла" дегендей болуп, каалагандай минбарга чыгып, каалагандай кутба кылып жатабыз.
Муфтияттын уставы да өзгөрдү
Мусулмандар курултайында мындан үч жыл мурун кабыл алынган Муфтияттын уставына алымча-кошумчалар киргизилди. Аларды Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абибила ажы Кадырбердиев тааныштырды. Ага ылайык, муфтийдин, Аалымдар кеңешинин жана анын төрагасынын иш мөөнөтү төрт жыл болуп, мурдагыдан бир жылга көбөйдү. Ошондой эле муфтият мындан ары диний кастыкты козуткандарды мыйзам чегинде жоопко тарттырууга аракет кылаары белгилүү болду:
- Муфтият Алла Таалага, пайгамбарыбызга, динибизге жана мусулмандарга каршы багытталып, ЖМК аркылуу материалдарды жарыялагандарды мыйзам чегинде жоопко тарттыруу аракеттерин көрөт. Кыргызстан мусулмандары курултайы жөнүндөгү документтеги "Курултай үч жылда бир өткөрүлөт, 21 адамдан турган Аалымдар кеңеши үч жылда бир бекийт, аны үч жылга шайланган төрага башкарат, азирети муфтий үч жылга бекитилет" деген пункттардын баарын биз төрт жылга деп өзгөртүүнү сунуштайбыз. Курултайга катышуучу өкүлдөр казыяттар, хатибияттар жана муфтияттын курамына кирген диний уюмдардан жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрүнүн арасынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кеңешүү аркылуу тандалат деп, ар бир айыл өкмөттө бирден өкүл алганда, курултайдын делегаттарынын баары эле айып өкмөт өкүлдөрү болуп калат экен деп жатабыз. Анын ордуна жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешүү аркылуу тандалат деп өзгөртүүнү сунуштап жатабыз.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында жалпысынан он муфтий алмашты жана алардын алтоо жети жыл мурдагы апрель окуяларынан кийин шайланды. Муфтийлер жана аларды шайлоого байланыштуу чуулгандуу окуялар да болгон.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси болуп экинчи мөөнөткө шайланган Максатбек ажы Токтомушев 1973-жылы Кара-Кулжа районунда туулуп, 1990-жылы Кара-Кулжадагы орто мектепти аяктаган. 1991-жылы Бишкектеги Айыл чарба институтуна тапшырып, аны 1995-жылы бүтүргөн. Алгач дин илимин Бишкекте алып баштап, 1997-жылы Пакистандагы Ал-Арабия университетинин шариат факультетине тапшырып, аны аяктаган. Диний башкармалыкты жетектегенге чейин Бишкек шаарынын казысы, муфтийдин орун басары кызматтарында иштеген.