"Азаттык": 2014-жылы Коргоо кеңешинде учурунда дин чөйрөсүнө тиешелүү маани бербей койгондуктун өзү радикалдашууга алып келди деп айтылган. Ал эми бүгүн мамлекет диний чөйрөгө жетиштүү көңүл буруп жатабы?
Токтомушев: Мурда деле жакшы концепциялар, документтер болгон. Бирок тилекке каршы ишке ашпай келген. Аны моюнубузга алышыбыз керек. Экинчиден, буга чейинки жылдары бүгүнкүдөгүдөй дүйнөнү дүңгүрөткөн радикализм, экстремизм, терроризм окуялары жок болчу. Бул коркунучтар акыркы бир, 1,5 жыл ичинде күчөп кетти. Коргоо кеңеши эки жыл мурда, 2014-жылдын 3-февралында өткөн эле. 7-февралда президентибиздин дин чөйрөсүндөгү саясатка байланыштуу жарлыгы чыккан. Концепция иштелип чыгып, “Ыйман” фонду түзүлүп, "имамдардын деңгээлин көтөрөлү, динге көңүл буралы" деп айтылгандыктан, азыр мамлекет динге жакшы карап жатат деп айта алабыз.
“Азаттык”: Максат ажы, сиз өзүңүз да айтып кеттиңиз, дүйнөдө, глобалдык деңгээлде диний маселе курчуп кеткенин. Ушунун себебин эмнеден деп ойлойсуз? Мусулман мамлекеттеринин илим-билим жагынан артта калганынанбы?
Токтомушев: Ортодо динди жаманатты кылыш үчүн муну ислам душмандары кылып жатат. Негизи эле бул мунайга байланышкан саясат деп ойлойм. Ага чоң-чоң мамлекеттер кийлигишип, акыркы учурда ага динди да камтып алып, кандайдыр бир чоң оюндар кетип жатат.
“Азаттык”: Эгерде мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип калган шартта мамлекет диний чөйрөнүн ишине кийлигише алат деген маселе бар. Ушундай кырдаалга жетип калдык деп мамлекеттик жетекчилер айтып жатат. Кыргызстанда радикализм коркунучу канчалык?
Токтомушев: Мамлекет кайсы учурда кийлигишет, кайсы учурда кийлигишпейт. Биз буга туура баа беришибиз керек. Эгерде мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан жаман иш-аракеттер болсо, албетте кийлигишет. Анткени коопсуздук маселесинде, элдин тынчтыгына байланыштуу маселеде бардык мамлекеттик бийлик бутактары кийлигишип карашы керек.