Кыргызстанга келген америкалык имам Яхия Хенди муфтий Чубак Ажы Жалилов менен көздөшүп, кийин жаштар менен жолугушуу өткөргөн эле. Имам Ош, Жалал-Абадда диний жана коомдук ишмерлер, коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп келди.
Кыргызстандын муфтийи менен жолугушуп чыккан соң америкалык имамды кабарчыбыз сөзгө тарткан эле. Америкалык имам Яхия Хенди белгилүү Жоржтаун университетинин диний кызматкери жана «Чек арасыз диниятчылар», «Имамдар аалам, адам укуктары жана диалог үчүн» деп аталган уюмдардын негиздөөчүсү.
- Кыргызстандын муфтийи менен эмне тууралуу сүйлөштүңүз?
- (Күлүп) Биз муфтий менен биринчиден, менин визитим, америкалык жана кыргызстандык мусулмандар менен алаканы бекемдөөнү сөз кылдык. Экинчиден, АКШдагы ислам тууралуу сүйлөштүк. Үчүнчүдөн, мен АКШдагы “Чек арасыз диниятчылар” уюмунун мүчөсү экендигимди айттым. Бул уюм диний лидерлерди жаңжалдарды тынчтык жол менен жөнгө салууга үйрөтөт.
- Мусулмандарды эле үйрөтөсүңөрбү же башка диндин өкүлдөрү да барбы?
- Биз бардык диндердин өкүлдөрү менен иштешебиз.
- Сиздин Кыргызстандагы сапарыңыздан күткөнүңүз эмне?
- Мен имам жана мусулман аалым катары дүйнөнүн көп жерлеринде болгом, бирок Кыргызстанга биринчи келишим. Мен Кыргызстандын эли менен таанышкым келет. Алардын жашоосу, исламды кандай түшүнөөрүн билгим келет. Биз АКШда алардан эмне үйрөнө алаарыбызды сурайм, ошол эле убакта мен кыргызстандык мусулмандар бизден таалим алса деп ойлойм. Башкача айтканда, биз бири-бирибизден үйрөнсөк дейм.
- Кыргызстандын мусулмандары америкалык мусулмандардан эмнени үйрөнө алат?
- Менимче, биз Америкада билим берүүгө, агартуучулукка көбүрөөк басым жасайбыз. Америкалык мусулмандар дин менен эле чектелип калбайт. Биз балдарга куранды, хадистерди гана эмес, ар бир илимди, математика, химия, география жана башка илимдерди үйрөтүш керек деп эсептейбиз. Жараткан бизди жалаң диний илим менен чектелип калсын дебейт. Экинчиден, АКШда биз балдарыбызды башкалар менен тынчтыкта, ынтымакта жашоого үйрөтүүгө чоң маани беребиз. Ислам бул тынчтыктын, боорукерликтин дини.
Ислам мусулмандардан бардык адамдарды сыйлоону талап кылат. Ислам адам укуктарын сыйлайт. Үчүнчүдөн, ислам аялдарды сыйлайт. Биз Америкалык мусулмандар, аялдардын ийгиликке колу жетип, жетекчилик кызматтарда болушун каалайбыз. Исламда мамлекет башчысы болгон Балкыз каныша тууралуу жакшы сөздөр айтылат. Ал эми биз, мусулмандар, Куранды карманабыз. АКШда мусулман аялдар юрист, дарыгер, сот болуп иштешет, бизнес менен шугулданышат. Ислам буга каршы эмес. Ислам тескерисинче аялды урматтайт, ислам аялдарды даңазалайт.
- Куран боюнча аялдар кымтынып жүрүш керек деп саналат, ушул туурабы?
- Куранда аялдар кымтынып, же жоолук салынып, же хижаб жамынып жүрүш керек деп айтылган эмес. Курандагы бул сүрө Мухаммед пайгамбардын аялдарына карата гана бөтөн эркектер менен ортодо тосмо же көшөгө болуш керек деп айтылат. Бул пайгамбарыбыздын аялдарына гана тиешелүү.
- Аялдарга карата мамиледе Кыргызстанда сизди бардыгы эле түшүнөт деп ойлойсузбу?
- Мен муну дароо айта албайм, жаңы эле келбедимби. Бирок аялдардын укуктары, алардын коомдогу жаратмандык ролу тууралуу менин пикиримди Кыргызстанда мусулмандар туура кабыл алат деп ишенем.
- АКШда мусулмандар азчылыкты түзөт. Мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Кыргызстанда аялдарга гана эмес, башка диндин өкүлдөрүнө карата да терс көз караштар айтылган учурлардын көбөйүп жаткандыгы байкалат. Сиз аларга эмне дейт элеңиз?
- Ислам абдан мыкты дин деп ойлойм. Ислам «динде күчкө салууга болбойт» деп үйрөтөт. Куранда «Биз силерди бир эркек, бир аял кылып жаратып, экөөңөргө теңдик бердик» деп айтылат. Куранда ошондой эле «Биз бири-биринен үйрөнсүн деп силерди улуттарга жана урууларга бөлүп жараттык, биз силерди бири-бириңерди жек көрсүн деп жараткан жокпуз» деп айтылат.
Ошондуктан биз бардык улуттар менен ынтымакташып, бардык улуттар менен иштешибиз керек. Куранда биздин ар түрдүү болушубузду каалайт. Куранда биз башка диндеги, же башка улуттагы адамдарга чыдап гана койбостон, ар түрдүү экенибизди даңазалашыбыз керектиги айтылат.