Арстанбек Алайга кылмыш иши козголду

Арстанбек Алай.

Кыргыз бийлиги Арстанбек Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Арстанбек Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Буга чейинки маалыматтарда анын “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Арстанбек Алай "Фейсбуктагы" баракчасына улуттардын кастыгын эч козутпаганын жазды.

Укук коргоочулар айтылган сөздүн коомчулукка оң-терс таасирине жараша маани берүүгө чакырышууда.

Ал арада Бишкектин Биринчи май райондук соту анын онго жакын тарапкеринин арызын кароону белгисиз мөөнөткө жылдырганы маалым болду.

Жарандык активист Рита Карасартова айтымында, аларга буга чейин тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду деп 3 миң сомдон айып пул салынган. Мындай жазага нааразы болгон Алайдын тарапкерлери арыз менен сотко кайрылган.

Соттун башка күнгө жылышына судьянын ооруп калганы себеп болгон.

Диний экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстанбек Алайга (Абдылдаевге) карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди:

- Ишти Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү алып барып жатат. Азыр диний экспертизага жөнөтүлдү. Азыр жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Арстанбек Алай 2020-жылы "бүткүл ааламдын президенти болорун" билдирген жайы бар. Ал жакында "Акипресс" агенттигинде уюштурган басма сөз жыйынында “мен өзүмдү жаңы Кудаймын деп чыктым” деп айткан:

- Анткени төрт жашыман баштап Аалам менен байланыша алам. Көрүнүш көрөм... Мен Ааламдын бергенин гана айтып чыгам. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун сезону бүттү. Убактысы келди деп жатат да...

Ушул билдирүүсүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишке байланыштуу Арстан Алайдын пикирин алуу мүмкүн боло элек. "Фейсбуктагы" баракчасына ал акыркы жолу минтип жазды:

"Мени улуттарды бөлүп атат деп айтышууда. Жок, мен, тескерисинче, алардын башын бириктирип жатам".

Дагы караңыз “Теңир” түшүнүгүнүн терең тамыры


Арстан Абдылдаевдин сөзүнө байланышкан маселе Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жалпы жыйынында «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатканда көтөрүлгөн.

Анда “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов сөздү теңирчилерге багыттаган:

- "Мен Кудаймын" деп жатат. Биз тарыхка да көз чаптырышыбыз керек. Кыргыздар ислам динине чейин Теңирге сыйынып келишкен. Азыр ислам дини бар. Эми тактап коюш керек. Алардын аракети кайсы мыйзамга туура келет? Мыйзамга өзгөртүү керек болсо алып келгиле.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов депутатка жооп берип жатып, өзүн “Кудаймын” деп жарыя кылган адамдын сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн билдирген.

Жалпы жыйында Арстанбек Алайдын ысымы аталган жок. Анын каттоодо турбаган теңирчилер кыймылынын мүчөсү экени тууралуу да маалымат жок. Бирок кийинчерээк экспертизага дал ушул Арстанбек Алайдын “Мен Кудаймын” деген сөзү берилгени белгилүү болду.


Кыргызстандын мыйзамына ылайык, ар бир жаран дин тутуу эркиндигине ээ.

Бирок көпчүлүктүн пикирин биринчи орунга коюш керек дейт дин талдоочу Данияр Мурадылов:

- Кыргызстандын калкынын 80 пайыздан көбү ислам динин карманат. Ошондуктан бул сөз алардын руханий, ички диний сезимдерине шек келтирип жатат деп эсептесек болот. Ал эми мыйзамдуулук жагын карасак, бул диний ажырым жарата турган маанайга алып бара турган иштердин бирине кирип калат.

Атеисттерди кантебиз?

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдрасулова Абдылдаевдин сөзүнө укук коргоо органдары үчүн реакция кылуу эрте деп эсептейт:​

Азиза Абдрасулова

- Бир киши "мен депутатмын", дагы бири "мен президентмин", башкасы Гитлер же Сталинмин деп айтышы мүмкүн. Ал эми бул киши "Кудаймын" деп жатат. Ар бир кишинин өз пикири болот да. Бирок ошол кишини канча киши Кудай катары таанып жатат? Кабыл алып жатабы же жокпу - бул башка кеп. Анын баарын жоопко тарта берсе болобу? Анан мен "Кудаймын" деп койгону үчүн кылмыш ишин козгоп койгонун тушүнө албай жатам. Кайсы берене экени да кызык болуп жатат.

Интернеттеги коомдук тармактарда Арстанбек Алайды соттогусу келгендердин жана анын бул сөзүнө карата атайын экспертизалык талдоо уюштургандардын өздөрүн азилге алган пикирлер да көп айтылууда. "Мынча болуптур, эми "Кудай таптакыр жок!" деген атеисттерди, марксчыларды, коммунисттерди да соттоо керекпи?" деген сыяктуу каяша ойлор да айтылды.

Арстанбек Алай 2011- жана 2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган.

Ал “Кут” сыналгы берүүсүнүн алып баруучусу катары да таанымал. Ага чейин "Зима не будет" (“Кыш болбойт”) деген орус тилинде грамматикалык эрежеге шайкеш келбеген сөзү (туурасы: "Зимы не будет") Интернетте кызуу талкуу жаратып, чет өлкөлөрдөгү орус тилдүүлөр арасында дагы шакабага айланган жайы бар.

Мурда Арстанбек Абдылдаев “Аурдин” жоопкерчилиги чектелген бирикменин ээси катары белгилүү болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.