Жалал-Абаддын Ак-Терек айылында эки баланы капкан иттин кутурганы 5-марттагы текшерүүдө аныкталды.
Сузак районундагы Ак-Терек айылынын эки өспүрүмүн 2-мартта өз көчөсүндө бош жүргөн ит каап алган. Алардын бири Эркин Иманбаев окуянын эртеси Жыргалбек Асан уулу экөө ооруканага жеткирилип, кутурмага каршы эмделишкенин билдирди:
- Ушул жерде отурсак, алдыбызга бир ит келип калды. “Чып” десек, артыбыздан келип тиштеп алды. Менин белим менен бутумду, Жыргалдын колун тиштеп алды. Ден-соолугум жакшы эле. Жети жолу укол алдым. Доктурлар 31-майга дейре улам келип алып турасың дешти.
Баланын энеси Айсалкын Иманбаева жолбун иттер азая электиктигин, андыктан балдар үчүн дагы эле коркунуч бар экенин айтат:
- Ошондон бери тамак ичпей атат. Балдардын жолдо жүрүүсү мүмкүн эмес, жолду тосуп алышкан бирөөлөрдүн үйүнүн алдынан өтүшөт, окууга барыш өтө тозок. Ошон үчүн балдарды ит каап атат да. Тигил жерде бир аял “итими аткыча ,мени ат” дейт. Бош жүргөн иттер дале көп.
Балдарды тиштеген ит ошол эле күнү ээси тарабынан өлтүрүлүп, иттин башы текшерүүгө жеткирилген. Ветеринардык лаборатория иттин кутурганын 5-мартта аныктаган. Анткен менен жер-жерлерде дейди жүргөн иттер дале арбын.
Гүлмайрам Темирбаева итинин мурда кутурмага каршы эмделбегендигин, ага Ак-Терекке башка жактан келген дейди иттерден кесел жугушу мүмкүндүгүн айтууда. Анын ырасташынча, айыл четине жаныбарлардын өлүмтүктөрү ташталат:
- Итибибизди кутуруп кетиптир деп лабораториядан айтышты. Биздин итибиз эле эмес, бардык эле иттер бош жүрөт. Өйдөңкү айыл жактагылар үйүндө эмнеси өлсө ыргытып кетишет талаага. Ошо өлүмтүктөрдү ар жактан келген иттер жейт. Кутурма ошо башка иттерден жуккандыр. Мал доктурлар келбейт, иттерди эмдегени такыр келишкен эмес, биздин ит кутурмага каршы эмделген эмес.
Айыл башчы Калбай Карагулов анын сөзүн төгүндөдү. Ал айылдагы иттер кутурмага каршы эмделгенин, ит атарлар атылган дейди иттердин өлүктөрүн жүктөп кеткендигин билдирди:
- Он үч итти аттырдык, кырк сегиз итти кутурмага каршы эмдеттик айыл боюнча. Башка ит калган жок. Кутурмага каршы былтыр эмделген, быйыл эми берип атышат. Вакцина эми келди, бирок ага чейин кутурма чыгып кетти. Өлгөн мал-кой жок азыр, бул айылда. 17 мышык бар экен, эмдеттик. Дейди ит жок азыр.
Айыл караган Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү башка кыштактардын ит-мышыктарын эмдетүүгө дары жетишсиз. Айыл өкмөт башчынын орунбасары Тынычбек Мусановдун айтымында, дейди ит-мышыктарды атуу үчүн мергенчилик коомуна он беш миң сом каражат чегерилген:
- Айыл өкмөттүн аймагында жыйырма айыл бар. Айыл өкмөтөгү иттердин жыйырма пайызы эмделип бүттү. Дары жетишсиз болуп жатат. Ветврачыбыз өзүнүн аракети менен тааныштарынан жыйырма процент вакцина таап келип, иттерге сайдырып атат. Ит атарлар өлгөн иттерди өздөрү машинага салып, Жалал-Абадда аң бар экен, ошого көмүшөт. Биз билбей да калат экенбиз, эл деген эл экен ошо айыл четине өлүмтүктөрдү алып барып таштоосу да мүмкүн. Бирок биз айыл өкмөттөгү бардык айыл башчыларга өлүмтүктөрдү башка жерге көмдүрүү тууралуу айтканбыз.Сузак райондук ветстанциядан бизге хлор бөлүнөт.Ошо хлорду ветадистер өлгөн мал ташталган жайларга сээп, дезинфекция кылат.
Облустун айыл-кыштактары мал доктурлары менен 25 пайыз гана камсыздалган. Жыл башынан бери жети уй, жылкы, эшек, иттин кутурма болгону такталды.
Кутурманын дарысы келген февраль айынан бери миңге чукул ит-мышык эмделген. Ветеринардык башкармалыктын башкы адиси Эрмамат Калмаматов үй ээлери өз жаныбарларын жугуштуу жана коркунучтуу ооруларга каршы эмдетүүгө кызыкдар болушу керектигин айтат:
- Өткөн жылдын сентябрь айынан ушу жылдын февраль айына дейре бизде кутурманын вакцинасы болгон эмес. 2012-жылдын 10-февралында биринчи кварталга токсон пайыз жете турган вакцина келди. Кутурмага каршы алдын-ала ит-мышыктар гана эмделет. Кара мал бул планга кирбейт. Качан гана оору чыкса, ошонун тегерегинде гана эмделет. Жергиликтүү айыл өкмөттөрдө эки айдын ичинде төрт миң тогуз жүз алтымыш алты ит атылды. Оору чыккан Ак-Терек айылында ит атуу жүрүп жатат.
Буга чейин облуста дейди иттер беш адамды каап алган. Өз убагында медициналык жардам берилгендиктен кишилер арасында кутурма дарты аныкталган эмес.