Оогандан келген качкын кылмышка шектелүүдө

Сирия качкындары Түркия менен чектеш жерде суу ичүүдө. 26-сентябрь, 2014-жыл.

УКМК чек арадан мыйзамсыз өткөн Ооганстандын үч жараны кармалганын кабарлады. Алардын бири Улуттар уюмунун качкын мандатын алганы белгилүү болду. Ал Ооганстандан Кыргызстанга адамдарды алып келип турган жана ушул ишти уюштурган деп шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөн Ооганстандын үч жараны 9-декабрь күнү кармалган.

Алардын биринде БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү берген качкын деген макамы болгон. Дал ушул адам Ооганстандан Кыргызстанга адамдарды алып келип турган деп шектелүүдө. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка алынганын комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Алар Кылмыш-жаза кодексинин мыйзамсыз миграцияны уюштурган, кылмышка катышкан жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн деген беренелери боюнча айыпталууда.

Пакистандагы ооган качкындарынын балдары. 2014-жыл.

- Мамлекеттик чек араны бузган Ооганстандын үч жараны кармалды. Алардын бирөөсү БУУнун качкындар макамын алган экен. Ал адамдар чек арадан мыйзамсыз өткөрүү боюнча каналды уюштуруп жүргөн деп шектелүүдө.

Кармалган адам буга чейин канча адамды өткөргөн, качантан бери бул ишти уюштуруп жүргөн деген маалыматтар азырынча такталууда. БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Бишкектеги өкүлчүлүгү качкын макамын алган жеке адамдын аты-жөнү, кандай шартта ал бул мандатты алганы тууралуу маалымат берилбесин билдирди. “Ушул окуядан кийин качкын макамын берүү жобосу өзгөрөбү?” - деген сурообузга өкүлчүлүктүн кызматкери Айнагүл Абдрахманова мындайча жооп узатты:

- Кармалган адамга качкын статусу мурда эле берилген, аны өзгөртө албайбыз. Бирок мындан кийинкилерине жобо өзгөрүшү мүмкүн. Канткен күндө да сот чечим чыгармайынча, ал күнөөсүз деп эсептелет. Ошондуктан биз сот чечимин күтүшүбүз керек. Эгер алар күнөөлүү деп тапса, качкын макамы болгонуна карабай мыйзамдын негизинде соттолот.

Аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 500гө чукул качкын жашайт.

Мындан сырткары Кыргызстанда жашап жаткан, бирок качкын статусун ала элек дагы 300гө чукул чет өлкөлүк бар экени айтылууда. Кыргызстанда баш калкалап жүргөн жалпы 753 адамдын 500дөн ашыгы Ооганстандан. Андан кийин Сирия, Өзбекстан жана Ирандан келгендер турат. Баш калкалагандар арасында Пакистан, Орусия, Сомали, Тажикстан, Кытай атуулдары да бар.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушундай макам берген 190 адам бар. Министрликтин качкындар менен иштеген бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаевдин айтымында, качкындар жыл сайын каттоодон өтүп турат. Ошол себептүү алардын мыйзамсыз иштерге аралашуусу кыйын деген ойдо. Бирок мыйзам бузса, башкалардай эле жоопко тартыларын билдирүүдө.

Артур Медетбеков.

Анткен менен Кыргызстандагы “Антитеррор” бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков качкын макамын жамынып алып, мыйзамсыз иштерге аралашкандар буга чейин да болгонун белгиледи:

- Качкын макамын алгандар соңку жыйырма жылда аябай көбөйүп кетти. Аларды ийне-жибине чейин эч ким текшерген эмес. Ошондуктан алар өз мамлекеттеринде террористтик, эстремисттик топторго кирип, адам өлтүрүүгө, согушка катышкан эмес жана Кыргызстанда да ушундай идеяларды таратпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андан сырткары маңзат сатуу менен шугулданып жана биздин өлкөдө өзүнчө канал жасоого аракет кылышы да мүмкүн. Буга чейин качкын макамын жамынып алып мыйзамсыз миграция менен алектенген жана эстремисттик идеяларды жайылткандардын айрымдары кармалган.

Ал ортодо Тажикстандын коопсуздук кызматы согушкерлер качкын макамын жамынып, өлкө аймагына кирүүдө деп билдирип чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды. Тажик коопсуздук кызматынын башчысы Абдулмажид Солиев улуттук коопсуздукту сактоо үчүн качкындарды кабыл алууга тыюу салганын билдирди. Жарандык коом бул чечимди эл аралык нормаларды бузуп жатат деп сындап чыгышты.