Бишкектеги митинг күч менен таркатылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында уюштурулган митингди милиция кызматкерлери таратты. Тартип сакчылары бир канча жаранды кармап кетти. Кармалгандардын саны так эмес. Милиция жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар суракка алынарын айтты. 17-январдагы митингди жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөрүштү. Түшкө жакын башталган митингге күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңдей киши келгенин айтууда.