Дохадагы кыргыз жигит Мансур

Мансур Раманкулов

Доха шаарындагы ири отелде иштеп жүргөн кыргызстандык Мансур Раманкулов ал жактагы жашоонун оош-кыйыштары жана ой-максаттары тууралуу ой бөлүштү.

26 жаштагы Мансур Раманкулов учурда дүйнөгө белгилүү Hyatt мейманкана тармагынын Доха шаарындагы отелинде тейлөөчү болуп иштейт. Жумуш менен кошо спирт иштеп чыгаруу сырларын үйрөнүп жаткан кези. Келечекте Кыргызстанга кайтып, ушул багытта ишкерлик кылгысы келет.

Токтогулда төрөлүп-өскөн Мансур Бишкектеги Юридикалык академияны бүтүргөн. Англис тилин үйрөнүп, 2015-жылы Катарга кеткен. Ал кыргыз жаштарынын өнүгүүсүндөгү тоскоолдуктар, мамлекетти жана адамдын өзүн өркүндөтүү жаатындагы пикирлерин ортого салды. Андан тышкары Катардагы жашоонун айрым оош-кыйыштарын да сөз кылды.

Бишкектен Дохага...

“Мен эки жылдан бери Доха шаарындагы Grand Hyatt отелинде тейлөөчү болуп иштеп жатам. Бул мейманкана америкалык компанияга таандык. Бул компания дүйнөнүн ондогон шаарларында конок үйлөрүн салышкан. Көп жерде беш жылдыздуу болот. Бишкекте деле бир бутагы бар – Hyatt Regency деген. Компаниянын отелдери рейтинги жана стандарттары боюнча бөлүнөт. Мен иштеп жаткан бутагы ири стандарттагысы. Аты айтып тургандай эле Grand – чоң деген мааниде.

Дохага келип калганыма, албетте, тил чоң роль ойноду. Кыргызстанда жүргөндө англис тилине кызыгып, үйрөнө баштадым. Анан интернеттен карап, Катарга иштегени келдим. Чын айтсам бул жакка келгенде тилден кыйналдым. Анткени, Кыргызстанда жүргөндө англис тилин китеп менен үйрөнүп, теория менен гана чектелиптирмин. Практика керек экен. Ошентип, бул жакта бир аз түйшүккө кабылып, кийин көнүп кеттим, өзүм да жакшы сүйлөй баштадым. Кайсыл улуттар кандай акцентте сүйлөрүн байкадым. Жарым жыл ичинде тил табышып кеттим.

Башында келгенде албетте, Кыргызстанга салыштырдым. Айырма өтө чоң болчу. Биз постсоветтик өлкөдө жашап, жашоо-шарт салыштырмалуу начар экен. Катар болсо дүйнөдөгү бай мамлекеттердин бири. Келатканда арабдар гана жашайт го деп ойлогом. Андай эмес экен, чет өлкөлүктөр аябай көп. Меймандос жана коопсуз өлкө. Түн бир оокумда жалгыз жүргөндөн чочубайсың. Аялдар деле жалгыз жүрө беришет”.

Мыйзам сыйлаган өлкө

“Полиция кызматкерлери адам укугун урматтайт. Каалаган жерден токтотуп, документ сурап, башыңды оорутпайт. Эки жылдан бери жүрөм, бир да жолу күч кызматкери токтотуп, суракка алган учур болгон жок. Өзүң тынч жүрүп, башкаларды сыйласаң сени да сыйлашат. Бул жакта мыйзамдар жакшы иштейт. Көчөдө спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынган.

Доха.

Катарда аба ырайы Кыргызстандан кескин айырмаланат. Азыр кыш болсо да аба ырайы 20 градус жылуу. Жайында болсо элүү градуска чейин жогорулайт. Бардык жерде кондиционер иштейт. Көчөдө басып жүргөндөрдү көрбөйсүз. Үйдөн машинеге, машинеден офиске чейин эле басышат.

Жашоонун деңгээли кыйла эле бийик. Элдин түшүнүгү да жогору. Сырттан келгендерди басмырлоо, алдап кетүү деген сапаттарды байкаган жокмун. Мыйзам чегинен чыкпаганга аракет жасашат”.

Катарда кыргыздарга талап бар

“Мен келгенде Катарда Кыргызстандын элчилиги жок эле. Бир жыл мурун элчилик ачылып, аябай жакшы болду. Ал жакта иштегендер мекендештерди чогултуп, аңгемелешип турат. Маселелерибизди угат, жардам бергенге аракет кылышат. Башында кыргызстандыктар аз эле болчу. Азыр көбөйүп калдык. Менин байкашымча, алгач келген кыргызстандыктар үлгү көрсөттүк окшойт. Компаниялар өздөрү кыргыз жарандарына кызыгып жатышат. Аңгемелешүүлөрдү уюштуруп, жумушка чакыра башташты.

(Расмиий эсепте Катардын Доха шаарында 330 кыргызстандык бар - ред.)

Катарда иштеп жаткан мигранттар арасында мыйзамсыз келгендер жокко эсе. Орусияда, Түркияда иштегендер арасында мыйзамсыз жумуш кылып жүргөндөр көп болуп жатпайбы. Акча үнөмдөйбүз дешет, бирок бир кемчилиги байкалса, олчойгон айыппул салышат, жазаланышат. Арасында кылмышка аралашып калгандар болууда. Катардын эрежелери боюнча мыйзамсыз ишке орношуу такыр мүмкүн эмес”.

Окшоштуктар жана кемчиликтер

“Биздин өлкөдө деле негизинен мусулманчылык эрежелери сакталат эмеспи. Бул жагынан алганда окшоштуктар бар. Катарда Рамазан айында орозо кармагандарга жакшы шарттарды түзүшөт.

Мансур Дохадагы кесиптештери менен.

Чет элден келгендердин көбү кемчилик деп эсептей турган жагдайлар да бар. Мисалы, катарлык аялдарга түнкү клубдарга кирүүгө уруксат жок. Мен бир да кыздын клубга барганын же барда отурганын көргөн жокмун.

Миграция эрежелеринде ыңгайсыздыктар бар. Эреже боюнча, чет элден келген адам бир ишканада иштесе, эки жыл болмоюнча жумуш ордун которо албайт. Башкача айтканда, мыйзамдар компанияларга ыңгайлуу, жумушчулардын кызыкчылыгы жакшы корголбой калган. 2016-жылы бул мыйзам өзгөртүлөт деп айтылган. Күтүп жатабыз, өзгөрөт го жакында.

Катарлыктар спортко кызыкпайт

Катардын жаштары бир топ өнүккөн. Баары англис тилин билишет. Ага кошумча дагы бир тил үйрөнүшөт. Мамлекет колдоп турат. Өкмөттө жаштарды кызыктырган долбоорлор көп. Жумуш менен камсыздоо жакшы, дээрлик баары иштейт. Бирок эс алганды да жакшы билишет.

Эмнегедир катарлык жаштар арасында спортко кызыккандар жокко эсе. Мага бул аябай таң калычтуу болду. Мамлекеттин атынан таймашып жүргөндөр баары эле чет элдиктер. Мындайча айтканда, спортчулар жалданат. Жергиликтүүлөрдүн өзүндө спортко шык жок өңдүү. Ошентсе да өкмөт спортко чоң көңүл бурат. Шарттар сонун, колдоо мыкты, айлыктары жогору. Ушул жагын баалайм”.

Дистилляцияга кызыгуу

“Мен бул жакта иштеп жүрүп, Кыргызстанга барып ишкерлик кылуу пландарын да түзүп жатам. Бул жактагы европалыктар менен сүйлөшүп, дистилляцияга кызыгып калдым. Дистилляция - жемиштерди кайнатуу жолу менен кайра иштетүү. Дистилляция менен спирт алууну Европага барып үйрөнүп келейин деген оюм бар.

Эмнеге буга кызыгып калганымдын себеби – Кыргызстанда спирт иштеп чыгарууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Көрсө, мөмө-жемиштин көбүнөн, жүгөрүдөн, күрүчтөн шекер алып, андан спирт жасаса болот экен. Экономиканын өнүгүшүнө да салым болот. Спирт десе эле алкоголду ойлобош керек. Медицинага пайдаланылат, деги көп пайдасы бар. Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан, бизге ыңгайлуу ишкерлик деп эсептейм”.

Жаштарга кеңеш

“Кыргызстандык жаштар кесип тандоого маани бербейт экенбиз. Окуучу кезден эле кесип тандоо жагына басым жасалышы абзел. Бизде эмнегедир юрист, экономист болууга эле умтула беришет. Ушул кесиптер аябай кулакка жакшы угулуп эле умтула беришет. Менталитетте ушундай көз караш калыптанып калыптыр.

Мансур Дохадагы достору менен.

Кыргызстандык жаштардын идеалын алмаштырыш керек. Азыр кандай, билбейм. Бирок мен окуучу кезимде эркек балдардын идеалы – "каралар" эле. Башкача айтканда, криминал чөйрөдөгүлөргө окшогубуз келчү. Мушташ уюштурган, эл арасында айтылгандай “бандит балдар” биздин көзүбүзгө кыйын көрүнчү. Алардай болууга умтулат элек. Спорт менен алектенип, бирок спорттун пайдасын башка жакка колдонгондор көп болчу. Бир мектептен экинчи мектепке барып, мушташып... Спорт, билим жактан балдар көп болчу. Бирок ушул идеал тандоонун айынан өздөрүндөгү мүмкүнчүлүктү колдоно албай калышты.

Мектептерде билим берүүгө көңүл бурулбайт. Сапат жок. Окуучулардын мектепке барып келгени билим алды дегенди түшүндүрбөйт да. Мугалимдердин деңгээлине көңүл буруу зарыл. Бирок сапатсыз билим үчүн мугалимди күнөөлөгөн туура эмес. Аларга жакшы айлык төлөп, шык берүү керек...

Албетте, Кыргызстанга кайтып барам жана жакшы ой-максаттарымды ишке ашырам”.

P.S.: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.