Гүлжан 2009-жылы ДААД программасы аркылуу Германияга окууга өткөн. Ал жакта эки жыл жашаган соң билим алуусун Австрияда уланткан.
Учурда Гүлжан окуу менен гана чектелбей Австриядагы Europeankyrgyz Kulturverein (Европада-кыргыз) уюмунда активдүү иш алып барып, Ата-Журттан алыста төрөлүп-өскөн балдарга эне тилин үйрөтөт.
- Европа кыргыз уюму расмий түрдө 2014-жылдын март айында түзүлгөн. Уюмдун жетекчилигине Элдар Бабаев деген байкебизди шайлап алганбыз. Мен анын орун басарымын. Уюм болуп катталгандан кийин дагы алты киши алганбыз. Алар бухгалтерияда, катчылыкта иштейт. Ал эми иш-чараларды уюштурууда бизге 10 чакты активист журтташыбыз жардам берет. Уюмдун башкы максаты - Европадагы кыргыздардын башын бириктирүү. Биз Европанын башка өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспоралары, жамааттары менен иштешүүгө аракет кылабыз. Андан тышкары австриялыктарга Кыргызстанды таанытуу үчүн ар кандай эл аралык иш-чараларга кыргызстандыктардын атынан тынбай катышып келебиз. Венада кыргызстандык студенттер көп. Алардын кандайдыр бир маселелери жаралып калганда, билген кеп-кеңешибизди берип, жардам көрсөтбүз. Ошондой эле Кыргызстандагы балдар, карылар үйлөрүнө бул жактан колубуздан келишинче ар кандай каражат, кийим-кече топтоп жиберип, такай жардам көрсөтүп турабыз.
Венадагы мекендештердин уюму түзүлгөндөн тарта маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Эң алгачкы чоң кече 2014-жылдын март айында Ноорузда уюштурулган. Андан тышкары Кыргызстандан өнөр адамдарын чакырып, Европада алардын чыгармачыл сапарларын уюштуруп беришет. Өткөн жылы уюмдун активисттери өз күчү менен кыргыз тилинин курстарын өткөрө баштаган.
- Бул тил курстары бул жакта төрөлүп-өскөн кыргыздардын балдары үчүн ачылган. Башында үч бала менен баштадык. Азыр окуучуларбыздын саны онго жетип калды. Албетте, оңой болгон жок. Айгүл Мутуева деген журтташыбыз экөөбүз сабак берип баштаганбыз. Азыр Айгүл өзү улантууда. Окуу материалдарын Кыргызстандан алдырганбыз. Ар бир сабак үчүн бир баладан 5 евродон алабыз. Бирок ал акча ошол эле китептерди алдырууга, андан тышкары балдардын тамагына кетет. Бул жакта төрөлүп-өсүп жаткан балдар немис же англис тилиндеги бала бакчага барышат. Башка тилдүү чөйрөдө чоңоюп, эне тилин билишпейт. Ошол балдар кыргыз тилин унутпасын, билип жүрсүн деген максатта ушундай курстарды уюштурганбыз. Сабактар жумасына бир жолу өтөт.
Бейрасмий маалыматтар боюнча Венада 200гө чамалуу кыргыздар жашайт. Алардын көбү студенттер. Эл аралык уюмдарда иштеген да кыргызстандыктар бар. Өзүнүн жеке фирмаларын ачып, ишкердик жүргүзүп жаткан мекендештерибизди да кездештирүүгө болот. Кыз-келиндердин көбү бала багып, ар кандай ресторан, кафелерде иштешет. Туристтер менен иш алып баргандары да бар.
- Жалпысынан Австриядагы кыргыздардын жашоосу жакшы эле. Анткени мамлекет өнүккөн эмеспи. Мен өзүм кыргыз студенттерине өтө баа берем. Алар окууларына да жетишип, кошумча иштеп, акча таап өздөрүн да камсыздашат, андан тышкары айылдагы ата-энесине да акча салып турушат. Ал эми кыйынчылыктар тууралуу айта кетсем, визаны узартуу абдан кыйын жана немис тилин билбей келгендерге жумуш табуу дээрлик мүмкүн эмес.
Европага кирген миллиондой качкындын көбүнүн көздөгөн жери Австрия жана Германия. Жакынкы Чыгыштан Австрияга кирген качкындардын саны жүз миңден ашты. Гүлжанга бул көйгөй тууралуу да суроо узаттык.
- Беш кол тең эмес дегендей ар кандай. Австриялыктардын арасында деле качкындарды жек көргөндөр жок эмес, көптөрү тескерисинче, жакшы кабыл алышып, аларга жардам көрсөткөндөрү болду. Ушул күнгө чейин кийим-кече, тамак-аш жагынан качкындарга жардам бергендер арбын. Биздин уюм да аларга жардам бердик. Жергиликтүү Time to help деген уюм менен биргеликте кыргыз тамактарын жасап сатып, андан түшкөн акчаны качкындарга алып барып бердик. Бирок качкындар көбөйгөнү жергиликтүүлөр көчөлөрдө бир аз этияттык менен жүрө башташты десем жаңылбайм. Биз деле мурдагыдай түн бир оокумга чейин эркин жүрө албайбыз. Баары бир кооптонуу бар.