Шайлоонун эртеси оппозиция митингге чыкты

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышкан дагы бир нече саясий партия биригип, бул жараянды мыйзамсыз деп табууну чогуу талап кылмай болушту. 5-октябрда "Реформа", "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ыйман нуру" жана "Ордо" партиялары бириккенин жарыялашты.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы жарандар. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектеги Опера жана балет театрынын имаратынын жанында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жокко чыгарууга чакырган митинг өттү. Ага "Ата Мекен", "Республика" жана "Замандаш", "Бир Бол" партияларынын лидерлери, өкүлдөрү катышты. Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдиришти.

Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

БШКнын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар чогулууда. 2020-жылдын 5-октябры.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантуу үчүн баратышат.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митингде кайрадан чуу чыкты. Трибунада "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда "Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок.

Талас шаарынын мэриясы жана облустук администрация тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген жок.

Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясында пикир келишпестик жаралды.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантуу үчүн баратышат.

Шайлоо жыйынтыктарына нааразылар.

Караколдо да чакан пикет өттү.