Прокурордун өлүмү: сот иши создукту

Баткен облусунун мурдагы прокурору, киши колдуу болгон Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов соттун создугушуна нааразы болуп, президентке кайрылды.

Жабырлануучу соттор менен айыпталуучу Мелис Калыковдун адвокаттары процессти атайын создуктуруп, аны актоо аракетин көрүп жатат деп айыптоодо.

Жабырлануучу тараптын даты

Маркум Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов президент Сооронбай Жээнбековго жасаган кайрылуусун Интернетке видео форматта жарыялады. Анда ал уулунун өлүмүнө байланыштуу иш аягына чыкпай, айыпталуучуну жазадан качыруу аракети жүрүп жатканын билдирди.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге кайрылбасам болбой калды. Менин уулум, Баткенде прокурор болуп иштеп жатып киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн билесиз. Уулумдун өлүмүнө байланыштуу сот иши 11 айдан бери бүтпөй турат. Сотко чакырышат, барып атабыз, бирок жыйынтык чыкпай жатат. Айыпталуучу Мелис Калыковдун Сартпай Жайчыбеков жана Асылбек Кунгуров деген адвокаттары бар экен, алар “эптеп ишти 2020-жылга чейин созуп алсак, бирдеме кылып куткарып кетебиз” - деп жатышат. Эч нерсени көрбөгөн эле күбөлөрдү, келбей турган кишилерди чакыртып созуп жатышат”, - деди.

Кубатидин Мамажакыпов.

Кубатидин Мамажакыпов уулу менен чогуу иштеген, окуя болгон күнү чогуу жүргөн прокуратура кызматкерлеринин да жоопкерчилиги көңүл сыртында калып жатканына айтып, даттанды.

“Мына прокурорлор да жоопко тартылышы керек дедиңиз эле. Алар болсо эркиндикте эле жүрөт. Жок дегенде буларды кызматка илештирбей, укук коргоо органдарына кызматка албаш керек. Булар жакшы адамдар эмес экен, болбосо менин баламды ушуга салып берип, өздөрү жөндөн-жөн калып калмак беле? Уулум өлүп атса, алар адвокаттары менен чогуу кайра мага опурулуп, өлтүрүп салганга даяр болуп жатышат. Ушул ишке калыстык менен баа бериңиз урматтуу Сооронбай Шарипович. Акыбалым кыйын болуп калды”, - деди ал.

Жабырлануучунун уулу, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет.

Бул боюнча иш Ош шаардык сотунда каралып жатат. Аталган мекеменин өкүлдөрү ишти кароо кечеңдеп жатканын мойнуна алып, бирок алар да айыпталуучу тарапка доомат артты.

Бекзат Осмонкулов.

Ош шаардык жана Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов айыпталуучунун жактоочуларынын жасалма аракети менен ишти кароо создугуп жатканын билдирди.

“Эми соттук отурумга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилбей турган болду. Себеби, соттолуучу жана анын жактоочулары процессте ар кандай билдирүүлөрдү жасап, иштин материалдарына тиешелүү эмес нерселерди айтып, шоуго айлантып алышкан. Жактоочулар ар кандай шылтоо менен ишти создуктурууга аракет кылууда. Же өздөрү отурумга келбейт, же сотко ишенбестик көрсөтүп кечеңдетип жатышат. Акыркы соттук отурумда шектүүнүн акыл-эси жайында эмес экенин айтып, ага экспертиза дайындоо боюнча өтүнүч келтиришкен. Бирок ал сот тарабынан канааттандырылган эмес. Судьянын ишти мыйзамдуу жана өз убагында карашы үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Бирок ага жактоочулар тоскоолдук жаратууда”, - деди.

Ооба, айыпталуучу Мелис Калыковдун адвокаттары буга чейин ишти алып барып жаткан судья Жолборс Кудаяровго бир нече жолу ишенбестик көрсөткөн. Муну алар сот өзү да кылмышка аралашкан деген күмөн ой менен байланыштырып келет. Калыков ал тургай ортодо он күнчө ачкачылык да кармап, кайра жакындарынын өтүнүчү менен акциясын токтоткон.

Айыпталуучунун адвокаттарынын бири Асылбек Кунгуров ишти кароого соттун моралдык укугу жок экенин айтты.

“Биринчиден, биз сот процессинде мыйзамда каралган укуктарыбыздын баарын пайдаланып жатабыз. Экинчиден, айыпталуучунун укугун толук түрдө коргогонго милдеттүүбүз. Ал аксакал биздин үстүбүздөн адвокатурага, эми президентке кайрылды. Бирок биздин аракеттер толук мыйзамдуу, иштин созулушуна адвокаттардын эч кандай күнөөсү жок. Ал жерде тергөө начар жүргөндүктөн сот учурунда ошонун баарын калыбына келтирүүгө аракет болуп жатат. Мындан башка жагдай Мелис Калыков күнөөсүн таптакыр мойнуна алган жок. Экинчиден, тергөө жана экспертиза күнөөлүү экендигине далил келтире алган жок. Ошондой эле судьянын өзүнө эки кылмыш иши козголуп, ага да тергөө иши жүрүп жаткан экен. Бул куру сөз эмес. Бизде ал тургай башкы прокурордун орун басары судья Кудаяровдун үстүнөн үч кылмыш иши козголгону, анын экөө боюнча ИИМдин түштүк аймагындагы тергөө кызматы тергеп жатканы тууралуу расмий кат берген. Башкача айтканда, бул жерде Калыков да, судья да айыпкер болуп жатат. Ушул мыйзамдуубу?”, - деди адвокат.

Ош шаардык соту болсо шектүүнүн адвокаттары судья Жолборс Кудаяровго койгон айыптар негизсиз экенин билдирүүдө. Калыковдун жакындары ушул эле позицияны да карманып, кийинки отурумдарда каршылык билдире турганын жашырышкан жок.

Кантсе да коомчулукта чуу жараткан прокурордун өлүмү боюнча ишти калыс кароого күмөн санатканы, создуккан соттук иштердин көйгөйүн дагы бир эске салды.

Муратбек Иманкулов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов бул чуулуу иштин аягына чыкпай жатканын сынга алды.

“Албетте соттордо иштерди кароо көбүнчө создугуп келе жатканы нааразылык жаратып келет. Бирок бул иш көп иштердин бири эмес. Коомчулукта чоң резонанс жараткан иш. Облустук прокуратуранын жетекчиси, бийлик өкүлү өлтүрүлүп жаткандан кийин иш кылдат тергелиши керек эле. Экинчиден, соттор колунан келишинче ыкчамыраак карап, калыс, адилет чечим чыгарып бериши керек. Сот жүрүп жаткан мезгилде жабырлануучулар президентке кайрылып, момуну карап бергиле дегени туура эмес. Анткени сот да бийликтин бир бутагы болуп эсептелгендиктен, президент соттордун ишине кийлигише албайт. Болбосо бардык эле ишке президент кирише бербейби. Ооба, мен тараптарды түшүнүп жатам, бул иш создукканына жаны ачып жатат. Ал эми жабырлануучулардын прокурорлордун жоопкерчилиги боюнча айтып жатканына президент көңүл бөлүшү керек, анткени прокуратура ага түз баш ийген орган".

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны ушул жылдын 7-майында башталган. Тергөө ишинде элүүдөн ашык күбө суралса, сотто алардын кыркка жакыны көрсөтмө берген. Келерки отурум 3-сентябрга белгиленди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.