"Ачык асман": тобокелдик жана мүмкүнчүлүк

"Манас" аэропорту.

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү боюнча эксперттердин пикирлерин сурап жатат. Бул боюнча өкмөттө вице-премьер-министр жетектеген топ да иштеп жатат. “Ачык асман” долбоору Кыргызстанга эмне берет? "Ал ишке кирсе, жергиликтүү авиакомпаниялар банкрот болот" деген кооптонуу канчалык негиздүү?

Көйгөйү арбын жарандык авиация

Өткөн аптада премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын авиация тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Анда кыргызстандык авиакомпанияларды Еврошаркеттин “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси, Кыргызстанда сунушталып жаткан “Ачык асман” долбоорун киргизүү зарылдыгы боюнча кеп болду.

Премьер-министр Сапар Исаков эгер эксперттердин изилдөөсүнүн жыйынтыгы “Ачык асман” долбоору зарыл экенин көрсөтсө, жергиликтүү компаниялардын каршылыгына жана күтүлгөн чыгымдарга карабастан, ага өтүү боюнча чечим кабыл алынарын белгиледи. Ал Кыргызстандын авиация тармагындагы маселелер боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатканын да айтып өттү:

- Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин жетекчилиги астындагы жумушчу топ иш алып барууда. Бирок Жарандык авиация агенттигинде өлкөнү ИКАОнун “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча так пландары бар адамдар жокко эсе. Менин пикиримде, эксперттерди тартып, алга жылууга мүмкүндүк берүүчү иш-аракеттер планын түзүү зарыл.

Сапар Исаков "Манас" аба бекетинде.

"Ачык асман" деген эмне?

Сапар Исаков премьер-министр катары берген алгачкы тапшырмасы "аба эркиндигинин бешинчи даражасы укугун берүү", башкача айтканда “Ачык асман” долбоорун киргизүү маселесин карап чыгуу болгонун эске салды.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов "аба эркиндигинин бешинчи даражасына" мындайча түшүндүрмө берди:

- “Ачык асман” дегенде чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргызстанга учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учуп кете алат. Кайра артка келе жатканда да ошондой. Ушуну "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" деп коет. Биз бир тараптуу “Ачык асман” долбоорун киргизгенибизди жарыялагандан кийин чет элдик компанияларга Кыргызстанга учуп келиш үчүн өзүнчө уруксат алуунун кереги жок калат.

Адистердин пикиринде, "Ачык асман" биринчиден, чет өлкөгө бараткан же жүк жөнөткөн кыргызстандыктар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы. Экинчиден, Кыргызстанга келген саякатчыларды арбытат деген да үмүт бар.

Темирбек Ажыкулов эң башкысы - чет өлкөгө барчу авиабилеттер арзандамак деген ойдо:

- Кыргыз жарандары чет өлкөгө Алматы аркылуу учуп калабыз. Анткени бизде учуу багыттары аз. Бишкек-Стамбул, Бишкек-Москва эле болбосо, башка багыттар жок. Ал эми Алматыга барсаңыз сиз Куала-Лумпурга уча аласыз. “Ачык асман” кирсе, мисалы, УЧАК Москвадан Таиландга уча турган болсо, биз аркылуу учса болот. 12-13 саат түз учкандан көрө, Кыргызстанга конуп, бул жерден да кардар, жүк алып, май куюп, андан ары учуп кетсе деген максат болуп жатат. Ошондо билеттер арзан болот эле. Биздин каалаганыбыз ошол.

Темирбек Ажыкулов.

Жергиликтүү ишканалардын чочулоосу

Деген менен кыргызстандык авиакомпаниялар “Ачык асман” долбооруна каршы болуп келишет. “Эйр Манас” компаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев “Ачык асман” Кыргызстандагы чакан компаниялардын жолун бууп салат деген оюн өкмөт мүчөлөрү катышкан жыйында билдирди.

Ал эми авиация тармагы боюнча адис Таалайбек Окенов “Ачык асман” долбоорундагы тобокелдиктерге мындайча токтолду:

- “Ачык асман” - "баарыңар каалагандай учкула" деген сөз. Бирок Кыргызстанда ал үчүн экономикалык шарт жок. Мисалы, Дубай “Ачык асман” кылса түшүнүктүү. Ал жакка эл учкусу келет. Демек авикомпаниялардын да ал жакка учканга шарттары болот. Бул “Ачык асмандын” жакшы жагы. Ал эми Кыргызстанда кандай жакшы жагы бар? Эмне, бизде эл келе тургандай жыргаткан курорттор барбы? Биз азыр деле “Американ эйрлайнс”, “Люфтганза”, Европанын чоң-чоң компанияларына "бизге келип учкула" деп айтып жатабыз. Бирок алар учуп келбейт да. Бул жаныбыздагы авиациясы күчтүү Орусия, Өзбекстан, Казакстанга гана жакшы болот. Алар бизге уча баштайт да, биздин кичинекей, эптеп-септеп иштеп жаткан авикомпанияларды "муунтуп" салышат.

“Ачык асман” долбоору боюнча жергиликтүү авиакомпаниялардын пикири негизинен окшош. Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өзүндө азыр иштеп жаткан “Эйр Манас”, “Эйр Кыргызстан”, “Авиатрафик”, “Тез жет” деген төрт авиакомпания бар. Алардын ичинен “Тез жет” Кыргызстандын ичинде гана учат. “Эйр Манастын” эки, “Авиатраффиктин” беш, “Тез жеттин” үч учагы бар. “Эйр Кыргызстан” учурда жалгыз учагынын кыймылдаткычын оңдотуп жатканына байланыштуу каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Жүргүнчүлөр агымы

Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши нары-бери учат. Анын жарым миллионго жакыны өлкөнүн ичинде учкандар. Ал эми 2 миллион адамдын ичинен 1 миллион 150 миң адамды чет элдик компаниялар ташыса, кыргызстандык компаниялар 800-850 миңдей адамды тейлейт. Пайыздык көрсөткүч менен алганда, жүргүнчүлөрдүн 60-65 пайызын чет элдик, 35-40 пайызын кыргызстандык компаниялар ташыйт.

"Манас" аба бекети.

Учурда Кыргызстанга учкан “Сибирь”, “Аэрофлот”, “Урал авиа жолдору”, “Түрк аба жолдору”, “Эйр-Астана”, “Тажик эйр”, “Өзбек аба жолдору”, “Ямал, “Флай Дубай” сыяктуу чет өлкөлүк ондон ашык авиакомпания бар.

Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Алымбай Абакиров булар менен кыргызстандык чакан ишканалар атаандаша албай турганын айтты:

- “Ачык асман” иштесе, биздин авиакомпаниялар “Аэрофлот”, “Түрк аба жолдору”, “Сибирь”, “Өзбек аба жолдору” менен атаандаштыкка туруштук бере албай, учпай калышы мүмкүн. Анткени бул компаниялар күчтүү, ресурстары көп. Ири компаниялардын жүздөй учактары бар. Биздин компаниялар аларга атаандаша албай, бир жылдан кийин рыноктон кетет. Эгер алар кете турган болсо, чет өлкөлүк компаниялар биздин ички каттамдарда учат деп айтыш кыйын. Анткени ал чыгашалуу. Азыр биздин компаниялар ички каттамдар боюнча тарифти эл аралык каттамдардын эсебинен кармап турат. Эгер чет элдик компаниялар рынокту толук ээлеп, биздин компаниялар эл аралык каттамга чыга албай калса, ички каттамдарын да токтотушу мүмкүн.

"Манас" аба бекети.

Жарандык авиация жана мамлекеттик коопсуздук

Алымбай Абакиров жергиликтүү компаниялардын ишинин токтошу авиация тармагындагы кыргызстандык адистердин жоголушуна да алып келиши мүмкүн деген ойдо.

Авиация тармагы боюнча адис Таалайбек Окенов жергиликтүү компаниялардын иштеп турганы мамлекеттин кызыкчылыгы жана коопсуздугу үчүн да маанилүү деп эсептейт. Ал кризистик учурларда жергиликтүү компаниялар мамлекеттик маанилүү каттамдарды аткарып турганын эске салды:

- Эл ташыгандан тышкары мунун коопсуздук жагынан да чоң-чоң мааниси бар. Мисалы, 2010-жылдагы окуяларда Ош жабылып, транспорт өтпөй калган. Ошондо көп нерсени жарандык авиация ташыган. Эгер азыр өзүбүздүн авиация жоголсо, ошонун баарын ким кылат?

Кыргызстанда ансыз деле "Ачык асман"

Авиация тармагын жакшы билген адис Кайрат Итибаевдин көз карашында, Кыргызстанга учам деген чет элдик компанияларга тоскоолдук жок. Ал айрым эл аралык ири компаниялар жүргүнчүлөр аз болгондуктан, каттамдарын токтотуп койгон учурлар болгонун белгиледи:

- Иш жүзүндө бизде "Ачык асман" бар. Авиакомпаниялар Кыргызстанга учам десе, каалашынча уча берет, өкмөттөн ага тоскоолдук жок. “Флай Дубай” ишканасынын жетекчилеринен ушул боюнча сурасак, алар да “Кыргызстанга оңой эле кирдик, иштеп жатабыз, абдан сонун, ыраазыбыз” деп Кыргызстанды макташты. Болгону жергиликтүү компаниялар "Орусияга каттаган жүргүнчүлөрдү башкаларга алдырып жибербейбизби" деп коркуп жатышат. Мисалы, Орусиянын “Аэрофлот”, “Урал аба жолдору” деген ири компаниялары биздин ишканаларды жөн эле жеп коёт. Дагы бир айтып коё турган нерсе. Орусия Владивосток дотациялык аймак болуп, алыс жайгашкандыктан, жүргүнчүлөрдүн агымын, сооданы жакшыртыш үчүн андагы аба майданын “ачык” деп жарыялаган. "Бизге учуп келгиле, биз сиздерди күтөбүз, ыразы болобуз" дешкен. Бирок бул куру эле жарнама да. Авиакомпаниялар үчүн ал сыяктуу артта калган, дотациялык аймактарга учууга реалдуу кызыкчылык жок. Мисалы, биз деле "Баткендин аэропорту баарына ачык, келгиле" десек ким учуп келмек эле? Ал жакка учуш үчүн бир себеп, кызыкчылык болушу керек да. Баткен облусуна эл учууну каалагандай бир нерсе болушу зарыл. Экинчиден, инфраструктура болушу керек.

Кайрат Итибаев.

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү же андан баш тартуу боюнча эксперттер менен кеңешип жаткан чагы. Акыркы чечим ошондон кийин гана кабыл алынат.

Ал эми кыргызстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин “кара тизмесинен” 2006-жылдан бери чыкпай жатканы - өзүнчө чоң тема. Кыргыз өкмөтүнүн андан чыгыш үчүн жасаган анча-мынча кадамдары азырынча үзүрүн бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.