Башкы прокуратуранын белгилешинче, журналист Дайыр Орунбеков 2010-жылкы июнь каргашасынын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы, трагедиянын күнөөкөрлөрү туурасында билип туруп, атайын эле президентти жана Убактылуу өкмөттүн башка өкүлдөрүн өтө оор кылмыш үчүн айыптаган.
"Бирок тергөө жүрүшүндө Орунбеков келтирген жүйөлөрдүн так эместиги аныкталды" деп жазылган аталган органдын билдирүүсүндө.
Башкы прокуратура буга байланыштуу аталган макалада президенттин ар-намысына шек келтирген жагдайлар бар деген негизде Кылмыш кодексинин 4-беренеси боюнча (“Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү”) сотко кайра арыз жолдоду.
Журналист Дайырбек Орунбеков ага карата козголгон кылмыш иши мыйзамсыз экенин айтууда.
- Сот менин июнь окуясы үчүн Атамбаев менен Отунбаева күнөөлүү деп айтканымды жокко чыгарган жок. Демек бул чындык. Бүгүн баш прокурор Индира Жолдубаева бул макала президенттин ар-намысына шек келтирди деп мени сотко берди.
2014-жылдын 30-сентябрында журналист Дайыр Орунбеков «maalymat.kg» жана «Kyrgyztoday.kg» интернет сайтына “Отунбаева көз жуумп, Атамбаев унутуп калган Ош окуяларына качан саясий баа берилет?” деген макаланы жайгаштырган.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура Дайыр Орунбековго карата Кылмыш кодексинин 329-беренеси боюнча (оор жана өтө оор кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайын жалган маалымат таратуу) кылмыш ишин козгогон.
Бирок Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту 2015-жылдын 16-апрелинде Дайырбек Орунбековго карата жазык ишти мамлекеттик айыптоочунун жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу өндүрүштөн кыскарткан.
Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү, учурдагы экономика министри Темир Сариев айрым журналисттер же ММК такталбаган маалымат жазарын айтты. Анын пикиринде, мындай нерсеге бир-эки жолу көз жумууга болот, бирок мындай көрүнүш системалуу түрдө уланып жатса мамлекеттик органдар реакция кылып, коомчулукка так маалымат бериши керек деп эсептейт.
– Биз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өзүбүзгө алган бардык милдеттерди аткарганбыз. Аларды атай кетсем, парламенттик башкарууга өтүү, ачык телеканалды түзүү, сөз эркиндигин өнүктүү жана журналисттерди куугунтук кылууну токтотуу болчу. Бул азыр иштеп жатат. Бирок сөз эркиндигин туура кабыл алып, жоопкерчиликти да сезе билүү керек... Эгер айтылып жаткан жаран такталбаган жана жалган маалымат таратса, атайын органдар буга маани бериши керек. Бизди эч ким жабык коомдо жашап атабыз деп айыптай албайт, бирок тартип да болушу керек.
Ал эми айрым эксперттер муну журналисттерге каршы басым катары сыпаттоодо. Саясат таануучу Марс Сариев журналисттерге карата мындай мамилени колдобойт.
- Эгер Башкы прокуратура журналистке иш козгосо, бул ММКга жана жарандык коомго “бурамаңар” буралат деген белги. Мындай көрүнүш азыркы бийликке аброй алып келбейт, басым канчалык күчтүү болсо, каршылык да ошончо болот.
Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов мындай аракеттер башкы прокурорго болгон ишенимди жоготот пикирде:
- Жолдубаева жаңы шайланганда айрымдар анын жаштыгына карап, прокуратура бейтараптык жана объективдүүлүк менен иштей баштайт деп ишенген. Бирок азыркы кадамы ал үмүтикө суу сепкендей болду. 2010-жылдагы июнь окуясынын күнөөкөрлөрү боюнча Дайыр Орунбеков эле эмес, ага чейинки үч эл аралык комиссия да жазган. Баш прокурор президенттин айланасындагы коррупциялык иштерге анча маани бербей жатат. Президенттин ар-намысына токтолсок, молдовалык олигархтын учагына түшүп, кримавторитеттерди абактан бошотуп, кримдүйнөнүн өлгөн анабашысы үчүн башка мамлекеттин лидерлерин айыптоо менен кыргыз элинин ар-намысына шек келтирүүдө.
2011-жылы Кылмыш жана жаза кодексинен “ушактоо”, “мазактоо” беренелери алынып салынган. Ал эми быйылкы жылы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине ылайык, жалган кабар тараткандарды кылмышынын оордугуна карай айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.