Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясий куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалоодо.
Кылмыш иштин козголушуна “Жаңы жүздөр” гезитиндеги макала себеп болгон. Гезитке Анара Юсупова аттуу журналист Орунбеков өз сайтына бийлик башындагы адамдарды "Ош окуясына күнөөлүү" деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазат. Ал эми Дайырбек Орунбеков дооматтарга макул эмес:
- Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттү күнөөлүү деп бир нече башка маалымат булактары жазган. Ошолордун жазганына таянганымды көрсөтүп, шилтемелерди келтирсем да тергөө аны эске алган жок. Эгер жалган маалымат деп кылмыш иши ачылса, алгач ошол булактарга иш козголушу керек.
Ошондой эле ал өзүнө кылмыш иши президенттин көзөмөлү алдында козголууда деп эсептейт.
- Гезиттеги макаланы жүйө кармап, президент Алмазбек Атамбаев аны көзөмөлгө алып, Саляновага мени жазага тартылсын деген журналистти туура деп эсептейм деп, мага карата “сколько можно терпеть?” деп виза жөнөтүп атат. Бул резолюция мага козголгон ишке тиркелген.
Буга чейин айрым журналисттер эки топко бөлүнүп, бири экинчисин "адамдык беделине, ар-намысына шек келтирген, ушактаган маалыматтарды таратат" деп сындап келишкен. Алардын бири, “Де-факто” гезитинин редактору Жакшылык Бердибек уулу мыйзам кабыл алынгандан кийин аны бузгандар жазага тартылышы керектигин айтууда:
- Сот мыйзамдагы эрежени бузгансың, жоопкерчиликке тартылышың керек десе, Орунбеков мыйзам алдында жооп бериши керек. Соттон озунуп тигиндей же мындай деп айта албайм. Бирок Дайырбек Орунбековдун буга чейинки макалаларынан жалган маалыматтарды көп көрөм. Кээ бир кесиптештерим журналистика баткак болсо да сен ага тийишпе дешет. Бирок ошентип сасып жата берсе журналистика, коом өнүкпөйт.
Журналисттердин укуктарын коргогон медиа өкүл Акмат Алагушевдин айтымында, Орунбековго кылмыш иши туура эмес козголгон.
- Бул укуктук башаламандык. Кылмыш укугун билбеген адамдардын кылганы. “Ушактоо” деген берене бар болчу. Аны биз алып салганбыз. Эми ушак маалымат таратты дегендерди жарандык процесс менен гана кароого мүмкүн.
"Азаттык" бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылганда, аталган органдын маалымат кызматкери Санжар Абжалиев буларды билдирди:
- Кылмыш ишин тергөө аяктап, айыптоо чечими менен Башкы прокуратуранын кароосуна бүгүн түштү. Биз териштирип, текшерип туруп, беш күндүн ичинде сотко жөнөтүшүбүз керек.
Бул арада бир катар журналисттер ушул иш боюнча президент Алмазбек Атамбаевге, башкы прокурор Аида Саляновага, УКМК жетекчиси Бусурманкул Табалдиевге жана адам укуктарын коргогон уюмдарга кайрылуу жолдоп, бийлик өзүнүн былыктарын жаап-жашыруу үчүн сөз эркиндигин, адам укуктарын ачык эле тебелөөгө өттү деген пикирлерин билдиришти.
2011-жылы Кылмыш жана жаза кодексинен “ушактоо”, “мазактоо” беренелери алынып салынган. Ал эми быйылкы жылы Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине ылайык, жалган кабар тараткандарды кылмышынын оордугуна карай айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Дайырбек Орунбековго "бирөөгө оор же өзгөчө оор кылмыш жасады" деген жалган маалыматты тараткан деп айып тагылууда. Беренеде буга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылары көрсөтүлгөн.