Президент айрым гезиттерге чара көрүүгө чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү гезиттер улуттар аралык кастыкты козутуп жатканын айтып, тартип коргоо органдарын чара көрүүгө чакырды.
Алмазбек Атамбаев журналисттерди жоопкерчиликке тартуу тууралуу пикирин жыл аягындагы маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Кыргыз тилдүү гезиттердин президенттин жогорку кызматтарга башка улут өкүлдөрүн алып келип жатканын сындаган макаласына жооп кайтарган Атамбаев айрым гезиттер улут аралык кастыкты козутуп жатканын айтып, аларды “кыргыздын душманы” деп атады:

- Тээ Манастын заманынан бери кыргызга душмандык кылган “Учур” гезити же анын редактору Аслан Сартпаев сыяктуулар болуп келген. Алар кечээ эле Жаныш Бакиевди “жылдын адамы” деп жарыялап жүрүшкөн эле. Прокуратура мындайларга көңүл бурушу керек деп ойлойм. Албетте бизде азыр демократия, журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт. Бирок мындай жоруктар үчүн жаза алыш керек. Жакында эле Британияда ББСинин журналисти бир саясатчыга байланыштуу туура эмес маалымат берип коюп, үч жума өтпөй ага 300 миң фунт стерлинг айып пул төлөп берди. Бизде да ошол сыяктуу жок дегенде айып пул төлөш керек. Жазгандарын окуп отурсаң, ушундай ыплас нерселер. Ошондуктан мындай ыплас нерселер үчүн жазалоо зарыл, жок дегенде чөнтөгүн кагып, акчалай айыпка жыгуу зарыл.

Мамлекет башчысынын мындай жообу журналисттер арасында ар кыл пикирлерди жаратты. Атамбаев айтып жаткан “Учур” гезитинин редактору Асланбек Сартпаевдин айтымында, гезиттерди улут аралык ынтымакка доо кетирди деп айыптоого негиз жок. “Жөн гана президент айрым гезиттердин сынына теригип мурдагы бийликтердей сөз эркиндигине кысым жасоого өттү”- дейт Сартбаев:

- Мен өз гезитимди айтсам, улут аралык кастыкты козуткан же мамлекетке кыянатчылык кылуу деген жоруктар бизде жок. Биз жөн гана бийликтин туура эмес иштерин көзүнө сайып көргөзүп, сындап жатсак, бизди ар кыл жол менен коркутуп-үркүтүп, сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылып жатышат. Мен президенттин бул сөзүн сөз эркиндигине жасап жаткан басым деп эсептейм.

Ал эми “Московский Комсомолец Азия” гезитинин редактору Улугбек Бабакулов бул чакырыкты эки жактуу баалоо керек деген пикирде:

- Албетте айрым кыргыз тилдүү гезиттер улутчул маанайда чектен чыккан макалаларды жазып жиберген учурлар бар. Аларды жоопкерчиликке тартуу зарыл. Бирок экинчи жагынан бул ишти президенттин көрсөтмөсү жок эле УКМК, Башкы прокуратура өзү эле аткарышы керек. Эми муну президенттин көрсөтмөсү менен кайсы бир маалымат каражаттарына басым жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Мисалы, мен жетектеген “Московский комсомолец Азия ” гезити президентти сындай баштасак, прокуратура улуттар арасындагы мамилеге доо кетирдиң деген шылтоону бетке кармап, бизге басым жасай башташы мүмкүн.

Ошол эле кезде журналисттердин бир даары президенттин айтканында жүйө бар экенин билдиришүүдө. “Медиа Полиси” институтунун маалыматы боюнча, быйыл аталган институт ЖМК же журналист жоопкер болгон 25 доо арыз боюнча сотко катышкан. Аталган институт өкүлү Бегайым Үсөнованын айтымында, алардын арасында улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталгандар да кездешет:

- Биздин уюм ММКлар арасында июнда эле иликтөө жүрүгүзүп, анын жыйынтыгын жарыяладык. Ага ылайык, өлкөдөгү маалымат каражаттары эч кандай булакка таянбай эле маалымат таратканы, же өз пикиринин чегинде эле кимдир бирөөгө оң же терс баа бергенине, же улут аралык мамилеге доо кетирген макалаларды жазып жатканына күбө болдук. Маселен, өзү жазган макалага шалаакылык менен мамиле кылып, аны текшербестен соттук териштирүүгө да негиз бергендер бар. Биздин институт быйыл 25 соттук ишке катыштык. Алардын арасында улут аралык кастыкты козуткандар бар. Булардын теңинен көбү кыргыз тилдүү маалымат каражаттары.

Президент менен айрым кыргызча гезиттер ортосундагы пикир келишпестик алгач ирет болуп жаткан жок. Буга чейин президент өлкөдөгү сөз эркиндигинен ашкере пайдаланып, кыргыз тилдүү гезиттер сөздүн баркын кетирип “такталбаган маалыматтарды жазып калды” деп сындап чыккан эле. Мындан соң 10дон ашык кыргыз басылмасы “Кыргыз гезиттер биримдиги” аттуу уюм түзүп, президентке каршы оппозицияга өткөнүн жар салган.

Кыргыз мыйзамдарында жалган маалымат же жалаа жапканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги алынып, анын ордуна инсандын ар-намысына, абийирине жана кызмат беделине доо кетиргендиги үчүн акчалай айып пул салуу каралган. Быйыл Кыргызстанда улут аралык кастыкты козутту делген блогер Владимир Фарафонов жоопкерчиликке тартылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Фарафоновду 50 миң сом айыпка жыккан болчу.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова журналисттерди жалган маалымат үчүн жоопко тартуу демилгесин көтөрүп чыккан.