Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Касаболотов: Башчылар ЖМКга жакын болгону эп


Жыргалбек Касаболотов
Жыргалбек Касаболотов

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарын улуттар аралык кастыкты козутту делген гезиттерге чара көрүүгө чакырды. Бул канчалык өзүн актайт? - медиа-эксперт Жыргалбек Касаболотов "Азаттыкка" ой бөлүштү.

- Журналисттерди эл аралык стандарттарга үйрөттүү үчүн ар кыл тренингдер байма-бай өткөрүлгөнүнө карабастан, эмне үчүн кыргыз журналистикасынын абалы жакшырбай жатат?

- Бул маселе кыргыз эле эмес, башка тилдүү журналистикада деле көтөрүлүп жатат. Бул жерде кеп президенттин кыргыз тилдүү журналисттерге көбүрөөк көңүл бурганында болсо керек. Орус тилдүү гезиттерде деле андай маселелер толтура. Окутуулар жөнүндө айта турган болсок, алар кайрадан эле орус тилинде өткөрүлүп жатат. Андыктан маалыматтар кыргыз тилдүү журналистикага жетпей жатышы мүмкүн. Экинчиден, биз айтып жаткан басылмалардын көпчүлүгүнүн саясий кожоюну бар. Алардын кызыкчылыгы таптакыр башкада. Үчүнчүдөн, тренингдерде айтылып жаткан ойду кызыктуу жеткирүүнүн да башкача жолдору бар.

- Журналистиканын эрежелери сакталбай жатат деп күч органдарына кайрылуу маселени чечүүнүн жападан жалгыз жолубу?

- Негизи журналистика коомдун күзгүсү. Демек коомдо ошондой эле окуялар жана ошондой эле маанайлар болуп жатат десек болот. Президенттин кайрылуусу боюнча айтсам, ал кандай айткан күндө да, стратегиялык жактан ката кетиргендей болуп жатат. Анткени кыргыз тилдүү журналисттер элге көбүрөөк таасир бере турган күч. Кыргызстандын аудиториясынын көпчүлүк пайызы кыргыз тилдүүлөр.

- Бирок кыргыз тилдүү маалымат каражаттарынын да жоопкерчилиги болушу керек го?

- Сөзсүз түрдө жоопкерчилик болушу керек. Мунун башкача жолу бар болчу. Эгерде кыргыз тилдүү гезиттерге көбүрөөк интервью берип, ошолор аркылуу көбүрөөк позициясын билдирсе, ал административдик ыкмаларга караганда алда ганча таасирдүү ыкма болот.

- Сиз Кыргызстандагы журналистиканын абалын оңдоо үчүн эмнени сунуштаар элеңиз?

- Эгерде абалды оңдоону каалагандар өз позициясын жеткиргиси жана өзүнүн таасирин күчөткүсү келсе, алар айтылып жаткан сегментти өздөрү ээлеп алууга тийиш. Адатта медианын мыйзамы ушундай. Башында, Акаев заманында да бийлик органдары абдан чоң ката кетиришкен. Маселен, «Азаттык» өңдүү маалымат каражаттарын жапты. Чындыгында алар маалымат каражаттарына келип, өз позициясын билдирип, сөздүн жакшы маанисинде, ал жерди «оккупациялап» алышы керек болчу.

Андыктан ачык болушу керек. Алар менен тыгызыраак байланышта болуу абзел. Жакшыбы, жаманбы жалпыга маалымдоо каражаттары, гезиттер менен иштешүү керек. Иштешпей койсо, алар башка тарапка өтүп кетет. Натыйжада күч, негизги таасир кимде экени жакшы билинбей калат.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG