Шайлоо: демократия жана эски адаттар

15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары көңүл чордонунда турган темага айланды.

Бул жолку мамлекет башчысын шайлоо мурдагыларга караганда демократиялык салттарды өркүндөтө алдыбы? Кандай мыйзам бузуулар көп катталды? Административдик ресурстарды колдонуу, добушту акчага сатып алуу шайлоонун жыйынтыгына канчалык таасирин тийгизди?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөсү Равшан Жээнбеков жана Оштон саясий серепчи Абдыжапар Аккулов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, кечээги президенттик шайлоо мурдагыларга караганда эмнеси менен айырмаланды? Демократиялык салттарды өнүктүрүүгө салым кошо алдыбы, таза өттүбү?

Равшан Жээнбеков: Мен эле эмес, эл аралык абройлуу делген “Гардиан” басылмасы баштаган бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоону ийгилик катары баса белгилеп жазышты. Эл аралык деңгээлдеги эксперттер дагы Кыргызстандагы шайлоо Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу жакшы өттү деп айтып чыгышты.

Биринчиден, Кыргызстанда шайлоо чыныгы атаандаштык менен өттү. Экинчиден, ачык-айкын шайлоо болду, БШК да көп жакшы иштерди алып барды. Үчүнчүдөн, бардык талапкерлер жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгууга бирдей мүмкүнчүлүк алышты, акчасы болсо ага да шарт түзүлдү.

Бирок ошого карабай бул шайлоонун кемчиликтери да болду. Шайлоонун жүрүшүндө, өзгөчө добуш берүүгө эки-үч күн калганда мамлекеттик бийликтин административдик кысымы күчтүү болгонун баса айтышыбыз керек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сооронбай Жээнбеков баскан жол

Улан Примов: Бул шайлоодо административдик, финансылык ресурстар колдонулду деп жатышат. Деги өткөн шайлоо эмнеси менен өзгөчөлүү болду? Күчтүү атаандаштык менен өткөнү болду. Биз мурдагы шайлоолордо президенттик орунга ким келерин билчүбүз, алдын ала эле белгилүү болчу да. Бул жолку шайлоодо акыркы мүнөттөргө чейин ким жеңери, ким президент болору белгисиз, табышмак боюнча турду. Демек биздин коомдо атаандаштыктын негизинде шайлоо өткөрүү калыптанып жатат десек болот.

Ал эми административдик ресурстар аябай көп болду дегенге мен кошула албайм. Бизде чыныгы атаандаштыктагы шайлоо болду десек туура болот.

Абдыжапар Аккулов: Ооба, бул шайлоо чоң атаандаштыктын негизинде өттү. Ким болорун алдын ала айтуу кыйын болуп жатты. Деги бул шайлоо эмнени көрсөттү? Биз бул шайлоодо административдик ресурстардын көп колдонулганын далилдүү фактылар менен айтып бере алабыз. Мурдагы шайлоолордогудай арак куюу болбогону менен акча таратуу токтогон жок.

Ошол эле учурда эл талапкерлерди программалары аркылуу тандап алганга мүмкүнчүлүк алышты. Ким келсе дагы эл өзү тандады. Коом өзүнө “кандай терапия” керек экендигин ачыктап алды. Кайсы жерде кемчилик, кайсы жерде мүмкүнчүлүктөр пайдаланып жатканын билдик. Шайлоонун жүрүшүндө көп маселелер ачыкка чыкты, ачуу болсо да айтылып жатты.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо-2017 эмнеси менен айырмаланды?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.