Жабыркоочу Елена Авазованын уулу Фарид 2011-жылы Түрк лицейин кызыл аттестат менен аяктап, Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин компьютердик технологиялар факультетинде окуп жаткан. Компьютерге кызыккан жигитке жакындары эксклюзивдүү ноутбук алып беришкен экен. Бирок мурда колдонулган ноутбуктун айрым тетиктери иштебей, ээси аны сатууну оң көрүп, Интернет сайттардын бирине жарнамага коёт. Кылмышкер Василий маркум менен кардар катары таанышып, жыйынтыгында 20 жаштагы студент өз батиринде тонолуп, өмүрүнөн айрылат:
- Уулум Фарид Авазовду 2011-жылы Василий Безродный мыкаачылык менен өлтүргөн. Ноутбугун тартып алуу үчүн баламды балка менен ургулаган. Андан кийин бул иш менен үч жарым жыл сотто жүрдүк. Бул аралыкта биз соттолуучу жана анын апасы - Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгында башкы адис болуп иштеген Галина Безродная тарабынан басынтууга, шылдыңдоого туш болдук.
Сот бошоткон кримтөбөлдөр
Сот бошоткон кримтөбөлдөр
Елена кезинде коомчулукта дуу болгон бул кылмыш иши Свердлов райондук сотунда каралып, айыпкер Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылганын айтат. Жабырлануучу тарап бул чечимге макул болбой, шаардык сотко кайрылып, ал жактан кылмышкерге "Каракчылык" беренеси кошулуп, 18 жылга күчөтүлгөн режимге кесилген.
Кийин өлтүрүлгөн баланын жакындары соттолгон адам түрмөдө отурбай эле СИЗОнун чарба иштерин жасап жүргөнүн билип калып, кайрадан арызданат. Бул иште күнөөкөрдүн жасаган кылмышы үч соттук инстанцияда далилденип, 2015-жылы Чүй облустук соту тарабынан "Мыкаачылык менен өлтүрүү", "Курал колдонуп карактоо" беренелери менен 23 жылга күчөтүлгөн шартта жаза өтөөгө кесилген. Эми ага 2017-жылы 4-ноябрда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырайым берилгени белгилүү болду.
- Түрмө жетекчиси аны өзү коргоп, колдогон экен. Соттолуучуга ырайым берүүнү сунуштап, өтүнмө бериптир. Калган жаза мөөнөтүн башка жаза мекемесинде өткөрүүнү сураныптыр. Бул бизге түшүнүксүз жагдай. Ал өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө барганы аныкталган. Ал жабыркоочу тарапка өкүмдө көрсөтүлгөн материалдык зыянды да төлөгөн эмес. Жасаган күнөөсү канчалык оор экенин өзү түшүнүп, бизден кечирим сурабаган кылмышкер президенттен кантип кечирим алып, эркиндикке чыкты?
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өлкө башчысынан кечирим алуунун жөн-жайы тууралуу буларды кеп кылды:
- Президент ырайым берген чечимин кайра артка кайтарган учур болгонун уга элекмин. Себеби бул адамдар үчүн берилген акыркы мүмкүнчүлүк. Ал соттун чечими эмес. Бул президенттин өзүнүн Баш мыйзамдагы укугу. Мыйзамдын аткарылышы өтө татаал. Ырайым суроого он киши арыз берсе, анын бирөө же экөө гана кечирим алат. Биз өмүр бою кесилгендер менен иштейбиз. Азыр түрмөдө өмүр бою эркинен ажыратылган 350дөн ашык адам отурат. Алардын теңинен жарымы президенттен ырайым сурашкан. Алардын ичинен бүгүнкү күнгө чейин бирөө да өлкө башчысынан ырайым ала элек.
Абдирасулова комиссия курамы эч кимге белгисиз экенин, кээде мунун ишке ашуусуна адамдык фактор да таасир этиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президентке караштуу ырайым берүү комиссиясынын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев ырайым суроо ар бир соттолуучунун укугу экенин айтып, сөз болуп жаткан жаран президенттин ырайымы менен жаза өтөөдөн жарым-жартылай гана бошотулганын белгиледи:
- Маселе мурдагы президент Атамбаевдин убагында каралган. Мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен комиссия карап, чечип, сунуш кылып, президент кийин ага ырайым берген. Өтөй элек жазасын жарымынан кыскартуу менен ырайым кылынсын деген. Ал толук бошотулган эмес. Дагы жазасын өтөмөк. Ал эми аны азыр жатак абакка которуп жаткан маселе бизге тиешелүү эмес. Ал боюнча прокурордун катышуусу менен сот атайын чечим кабыл алат.
Айыпкердин жакындары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Маалыматтарга караганда учурда ага карата президенттин ырайымын ишке ашыруу жараяны уланып жатат.
"Кактус" сайты Ысык-Ата райондук соту Безродныйды жатак абакка чыгарганын, соттолуучунун жаза өтөө жайын жеңилдетүү канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин Жогорку сот жакында карай турганын жазды. Жогорку сот бул тууралуу так маалымат бере элек.