Аялдардын төрөткө камылгасы начар

Иллюстрациялык сүрөт.

Бир аптада кош бойлуу, айы-күнүнө жеткен эки келин төрөтканага жетпей көз жарды. Бири ымыркайын төрөткананын короосунда кучагына алса, экинчиси учакта төрөдү. Бул көрүнүштөр аялдардын төрөткө кайдыгер мамилесин, алардын кош бойлуу кезиндеги укуктары менен кошо милдеттери тууралуу маселени күн тартибине алып чыкты.

7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарган. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алып, учак Ош аэропортуна кайтып келип коногон эле. "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген эне-бала аман-эсен үйүнө чыгып кетишти.

Жарык дүйнөгө келген ымыркайды алгач кабыл алган Ош шаардык перинаталдык борборунун башкы дарыгери Зейнеп Исраилова келин айы-күнүнө жетип төрөгөнүн билдирди.

- Бала 2 кило 600 грамм, бою 47 см менен төрөлдү. "Тез жардам" алып келери менен эле нөөмөттөгү дарыгерлер жардам беришкен. Келин айы-күнүнө жетип төрөгөн.

Маалыматка караганда, учакта көз жарган келин 22 жашта. Бул анын экинчи төрөтү. 39-40 жума дегенде көз жарган. Буга чейин Орусияда каттоодо туруп, дарыгердин кароосунда болгону менен айы-күнүнө жетип калганда тобокелге барып учакка отурган. Эреже боюнча жети айдан кийин учуугу уруксат берилбейт.

Мунун алдында 3-июлда Бишкек шаарындагы №2 төрөткананын короосунда кош бойлуу аял көз жарган.

Төрөт үйү жайкы оңдоп-түзөөгө байланыштуу жабык болгондуктан, аялдын толгоосу бышып, төрөтканага кире албай, сыртта көз жарганын оорукананын башкы дарыгери Азамат Алымбаев “Азаттыкка” билдирген болчу. Көчөдө төрөгөн келин тартылган видеону көргөн Интернет колдонуучулардын көбү убагында чыга калбаган дарыгерлерди күнөөлөп жазышкан. Айрымдары 7-баласын төрөп жаткан келиндин алдын ала келип даярданбаганын сындашкан.

Ал келиндин аты Фарида, 40 жашта. Ал төрөр алдында, эки жума мурда эле дарыгерге барганын жана ремонт тууралуу маалымат берилбегенин "Азаттыкка" айтып берди. Төрөтканадан дээрлик он күндөн кийин үйүнө чыккан келиндин айтымында, баласын аймактык дарыгерлер көрүп кете элек:

- Ремонт экенин билбей бардык. Болбосо убагында эле барганбыз. Документтеримдин баары бар, анализдерим баары жакшы эле болчу. Кабыл алуу бөлүмүнө барсак жумушчулар бар экен. Терезеден бир дарыгер карап, "биз ремонтко кечээ эле жабылганбыз, графикти карагыла" деп айтты. Аны жолдошум барып караганча суум кетип калды. Кайра чуркап барса кабылдамада отурган медайымдар "суу кеткенден кийин деле бир сааттан кийин төрөйт, жетишесиңер" деп айтыптыр. График боюнча 1-төрөткана кабыл алат экен. Такси таап келгенче эле төрөлүп калды.

Баламдын абалын жакшы-жаман деле айта албайм. Төрөлгөндө да кыйналып төрөлүп калды. Жандандыруу бөлүмүндө жатып, антибиотик алып калды. Ошондуктан айта албай жатам. Өзүм да азырынча жакшы боло элекмин. Дарыгерлерден эч ким деле келген жок. Өзүбүз да батирде, кайненемдин үйүндөбүз. Дарыгерлерге "биз чыктык, азырынча бул жактабыз" деп айтканбыз. "Эгер бир нерсе болсо келгиле же барабыз" деп айтышкан.

Иллюстрация.

Бул эки учур энелердин төрөткө кайдыгер мамилеси, кош бойлуулукка олуттуу мамиле кылбай, көп учурда тобокелге салып жатканы боюнча маселени күн тартибине алып чыкты. Дарыгер Зейнеп Исраилова кийинки убакта эч каттоодо турбаган, төрөт учурунда гана келген аялдар көбөйүп жатканын белгилейт. Ал муну ички жана сырткы миграция менен байланыштырууда:

- Көп катталып жатат. Жума сайын каттоодо турбаган, дарыгерге көрүнбөгөн жок дегенде 1 же 2 аял келет. Же болбосо Орусияга иштегени кетип, кош бойлуу кезинде ал жакта да, Кыргызстанга келгенде да каттоого турбай, төрөгөн учурда гана келген аялдар кездешип жатат. Андайлар көбөйдү десек да болот. Алар өздөрүнүн ден соолугун да, кош бойлуулукка кандай акыбалга кетип жатканын да, кандай акыбалда төрөй турганын да жакшы билишпейт. Кыз-келиндер өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карашат.

Кыргызстанда былтыр 155 миңден ашуун төрөт катталса, алардын 1100дөн ашууну - төрөт үйүнөн сырткары, үйүндө, жайлоодо, жолдо көз жаргандар. Ушундай шарттардан улам былтыр 48 эне төрөт учурунда жана андан кийинки бир ай ичинде каза болгон. Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекованын айтымында, төрөттөн көз жумгандардын 70% өлкөнүн түштүк аймагында катталган жана жети келин бир да жолу дарыгердин кароосунда болгон эмес.

- Каза болгон 48 аялдын ичинен 36сы үй кожойкеси экен. Жетөө дарыгердин көзөмөлүндө болгон эмес, каттоодо турган эмес. Изилдеп көрсөк башкалары дарыгерге өз убагында кайрылган эмес, жазып берген дарыларды ичкен эмес экен. Айрымдары жүрөк, бөйрөк, өпкө ооруларына байланыштуу "төрөгөнгө болбойт" деген сунушка карабай кош бойлуу болуп, "аборт кылып салат" деп коркуп, дарыгерлерге барбай жүрө беришет. Көп аялдардын каны аз. Төрөт учурунда кан кетип, ошондон да каза болуп калгандар бар.

Укук коргоочу Анара Дауталиеванын сиңдиси да үч жыл мурда төрөттөн каза болгон. Ал "кош бойлуу келиндер кайда жашаганына карабай, дарыгердин кабыл алуусунда болушу керек" деп маселе көтөрүп жатат. Ал энелердин дарыгерге барбай жатышын кайдыгерлик же жоопкерсиздик эмес, шарттын жоктугу жана дарыгерлердин акча талап кылганы менен байланыштырууда:

Анара Дауталиева.

- Шайлоо болгондо "Форма-2" менен баарын казып, тизмеге киргизип жатышпайбы. Өлгөн кишини да тизмеге кошуп жатышат. Бирок тирүү кишиге, Кыргызстан калкын көбөйтүп жаткан аялга андай мамиле кылганы туура эмес. Дагы жакшы, короодо төрөгөн аялдын баласы да, энеси да тирүү калды. Азыр баарында телефон бар, окушат, билишет. Аялдар маалыматты ошол жактан да алышат. Бирок дарыгерге барганда гинеколог өзү аял, эне болуп туруп акчага карап мамиле кылат. Биздин акчага карап оокат кылат, күн көрөт. Азыр бирдиктүү маалымат базасы керек. Каяктан келсе да кабыл алгыдай болуш керек. Бул дарыгерлерге кереги жок болуп жатат. Ар бир аял келгенде - ал чөнтөккө түшкөн акча.

Баткенден эки жыл мурда көчүп келген Умсунай Аманкулова учурда кош бойлуу. Дарыгерге көп барбаган себебин өзү жашаган жаңы конуштагы шарттын жоктугу жана дарыгердин улам дарыларды жазып бере бергени менен түшүндүрдү:

- Бул жакка "Тез жардам" деле эки саатта келсе керек. Эми төрөсөм такси чакырабыз да. Түндө болсо билбейм, кандай кылабыз. Азыр барсаң эле "каның аз, бала мындай, бала андай" деп дарыга акча алат го. Дары жазып берген. Билбейм, аны ичиштен деле коркосуң. Өздөрүнүн дарыканасына эле жөнөтө беришет. Дары ичпей эле төрөгөм, дары ичпейм.

Ак-Жар жаңы конушунун туругуну Айтолкун Мусаева айыл жеринде үйдө төрөгөн учурлар кадыресе көрүнүш экенин айтты:

- Менин эжем төрт баласын үйдө төрөгөн. Биринчисинде гана төрөтканага барган. Калгандарын бүт эле энем төрөтүп алган. Киндигин кесип, бир-эки саатта туруп кетип эле жүргөн.

Самара Романова Бишкектеги ички мигранттар көп жайгашкан, беш конуштун тургундары келчү №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда гинеколог болуп иштейт. Анын айтымында, күнүгө жок дегенде 40-50 аялды кабыл алууга туура келет. Дарыгер кыз-келиндер ден соолугуна кайдыгер карап, төрөткө көп маани бербегенин белгиледи:

- Айы-күнүнө жетсе деле колунда анализи жок, эч кандай дарыгердин бүтүмү жок эле келгендер көп. Бизге кайрылгандардын дээрлик 95 пайызы ден соолугуна кайдыгер карайт десек жаңылышпайбыз. Жыл сайын же жылдын башында, аягында төрөгөн кадыресе эле көрүнүш. Андан кийин өзүнүн, баласынын ден соолугу кандай болоруна маани беришпейт. Бизде деле акыркы учурда айы-күнүнө жеткенде келип иш бөлмөсүндө төрөп койгон эки учур болду. Бактыга жараша биз убагында жардам берип үлгүрдүк. Эненин да, баланын да абалы жакшы.

Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпөева үй-бүлөнү пландоо жана ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрдү:

- Биздин айымдар жоопкерчиликти албай жатышат. "Кокустан боюмда болуп калды", "боюмдан алдырып коём" же "түйүлдүк чоңоюп калса таштап кетем" деген мамиле болуп жатат. Күйөөсү менен аялы отуруп: "Ден соолугу тазабы, мүмкүнчүлүгүбүз барбы?" деп сүйлөшпөй жатышат. Ар бир төрөттүн аралыгы 2,5-3 жыл болушу керек. Анткени аялдын организми кош бойлуу кезинде эки эсе көп иштейт, эки кишинин ордуна иштейт. Анын баары калыбына келиши керек. Үй-бүлөнү пландоо - бул чектөө эмес. Силер сегизди да, онду да төрөсөңөр болот. Болгону балага ылайыктуу шарт түзүп берип, кааалаган кош бойлуулук болсун. "Кыздын ден соолугу - кыргыздын ден соолугу" деген жакшы сөз бар. Кыздарыбыздын ден соолугуна керектүү кам көргөнүбүз улутубуздун, балдарыбыздын саламаттыгына таасирин тийгизет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза табат. Буга өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын өздөрүнүн ден соолугуна кош көңүлдүгү себеп болуп жатканы айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.