Кыргыз бийлиги көп жылдан бери эле милицияны реформалай албай келет. Байкоочулар буга чейин ички иштер органдарында кызматкерлердин санын азайтуу, бир түзүмдү жоюп, башкасын түзүү, формасын өзгөртүү сыяктуу иштер жасалганы менен натыйжа чыкпаганын белгилешет.
Ички иштер министрлигиндеги оптималдаштыруунун биринчи этабына ылайык, борбордук аппараттын, башкы башкармалыктардын жана башкармалыктардын аппараты кыскарды. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, мунун эсебинен облустарда аймактык, жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөр кошулат. Нөөмөт бөлүктөрү чыңдалат.
- Бул кыргыз милициясынын тарыхында алгачкы чоң оптималдаштыруу, тактап айтканда, борбордук аппаратты кыскартуу болуп саналат, - деди ал.
- ИИМде бир эле учурда 625 адамды кыскартуу болгон эмес. Биздин министр Кашкар Жунушалиев Кыргызстандын бардык райондоруна барып, аймактардын милиция бөлүмдөрүнүн акыбалы менен жеринен таанышып, көйгөйлөрүн билип, ошонун негизинде бири-бирин кайталаган же ашыкча деп эсептелген штаттык бирдиктерди карап, талдап чыгып, ушундай оптималдаштыруу, кыскартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алды. Эң негизги маселе - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата колдо болгон ички мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен 100 штаттык бирдик аймактык тескөөчүлөрдү түзүүгө, 25 штаттык бирдик жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөргө, нөөмөт бөлүктөрүн чыңдоого 45 штаттык бирдик берилет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жоруктар жөнүндөгү кодексинин” 2019-жылдан баштап ишке киришип, ИИМдин Тергөө кызматынын курамындагы анча оор эмес кылмыштарды тергөө бөлүгү түзүлүп жатканына байланыштуу 255 штаттык бирдик ошол кызматка берилет.
Бакыт Сеитов жаңыдан түзүлүп жаткан туристтик милиция тууралуу да айтып берди:
Туризм милициясы толук түзүлүп бүткөндөн кийин анын презентациясы өткөрүлөт.
- Өлкөдөгү туризм саясатын өркүндөтүү, эс алуучу жайларда коомдук тартипти сактоо максатында туристтик милиция бөлүгү да түзүлүп жатат. Ага азырынча 100 штаттык бирдик берилгени жатат. Анда чет тилдерди билген кызматкерлер иштешет. Туризм милициясы толук түзүлүп бүткөндөн кийин анын презентациясы өткөрүлөт. Андан сырткары калган штаттык бирдиктер жаңы түзүлө турган айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө жана аймактык милиция органдарынын өздүк курамын чыңдоо максатында милициянын бөлүмдөрүнө берилет.
Бакыт Сеитов учурда оптималдаштыруунун экинчи этабы башталганын, ал ушул жылдын этегинде аяктай турганын, анда да кыскартуу, кайсы бир түзүмдөрдүн санын, сапатын жогорулатуу болорун кошумчалады.
Мурунку ички иштер министри, Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев реформанын алкагында милиция кызматкерлерин азайтууга каршы экенин айтты:
- Алсыз ИИМ кимге кереги бар? Мисалы, Кытайда эки миң киши митингге чыкса, ошол жерге 4-5 миң кызматкерди алып барып коюшат. Түркияда деле ошондой. Он миң киши көчөгө чыкса, андан эки эсе ашык полицияны чыгарат. Бизде болсо көчөгө он миң адам чыкса, ал жерге эки миң эле милиция барат. Анан байкуш милициялар келтек жеп эле жүрөт. Көчөдөн кармаганы көчөдөн сабайт, таяк жеп бүтүштү. Ансыз деле милиция кызматкерлери жетишпейт. Менин балдарым милицияда иштейт, күнү-түнү жумушта жүрүшөт, алган айлыгы аз. "Борбордук аппараттан кыскартып, ал орундарды аймактарга беребиз" дейт. Аймактарга эч ким барбайт да! Көбү эле кетип калат. Бул туура эмес. Реформаны негизи башкача кылат. Эң биринчи элдин милицияга ишенимин арттыруу керек.
Өткөн аптада президенттик аппаратта жол коопсуздугун камсыз кылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Ага жагдайды иликтеп, оптималдаштыруу жагын карап, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жаңы түзүмдөр, алардын башкаруусу, милдети боюнча сунуштарды иштеп чыгып, президенттин кароосуна киргизүү тапшырылган.
Милициянын генерал-лейтенанты, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев реформа жаатында иштен сөз көп болуп жатканына кейиди:
- "Реформа" деп эле баарын элге жарыялабаш керек. "Реформа жасайм, андай кылам, мындай кылам" деп баарын жарыялап жаткандардан реформа күткөн болбойт. Ар ким өз ордунда, өз ишинде акырындык менен алдыга жылдырыш керек, берилген тапшырмаларды аткарышы керек. "Реформа" деп, "муну жасап жатабыз, аны кылып жатабыз" деген көп учурда сөз боюнча эле калат. Президент айтты, тапшырма берди, аны акырын жасай бериш керек. Баягыда карасам, "прокуратура кемчилик кетирди" деп милицияларды кармап жүрөт. Ошол кантип реформа болсун? Ал реформа эмес, аны рейд деп коет. Бир күн болгондон кийин эле унутуп коюшат.
Былтыр күзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин күч органдарын реформалоо тууралуу жардыгынын негизинде ИИМде өз алдынча алты кызмат - Криминалдык милиция, Тергөө, Коомдук коопсуздук, Ички иликтөө, Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматтар түзүлгөн.
"Реформалар жана натыйжа үчүн" жарандык союздун өкүлү Урмат Казакбаев милициядагы жаңы түзүмдөр пайда болуп, кызматкерлердин саны кыскарганы менен сапаты өзгөрбөй жатат деп эсептейт:
- Борбордук аппараттагы кызматкерлердин санын, албетте, кыскартыш керек. Бул туура. Бирок бизде азыр кичинекей иштерге реформа жасалып, негизги өзөгү алмаштырылбай жатат. Өзөгү дегенде ириде милицияны демилитаризация кылыш керек. Аларды аскердик буйрукка баш ийдирген системаны жоюш керек. Ар бирин үч жылдык же беш жылдык мөөнөт менен эмгек келишимине ылайык жумушка алып, жыл сайын ишине баа берип туруш керек. Эгерде ал адам тууралуу арыз-доомат көп болсо же өз ишин туура эмес аткарса, коррупцияга барса, кызмат абалынан пайдаланса аны менен келишимди токтотуп, экинчи мамлекеттик органдарда иштебегендей кылыш керек. Ошондо гана ички иштер органдарынын өзөгү өзгөрөт. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери алганын айлыгынан он эсе көп ишти аткарат, алар өздөрүнөн чоңдорунун бардык буйруктарын аткарууга аргасыз.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков милицияны "абийирин акчага саткандардан, атына көө жапкандардан" тазалаш керек экенин айтканы бар. Андан кийин күч органдарындагы ротациялоо салтын жандандырууга чакырган. Азырынча терең тазалоо да, ротация да жүрө элек.