ИИМдин курал-жаракты кайтаруу убарасы

ИИМ

Кыргыз милициясы элдин колундагы мыйзамсыз курал-жаракты жыйнап алуунун жолдорун издеп жатат.

Ички иштер министрлиги таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү боюнча демилге көтөрдү жана андай адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын дагы бир сыйра эскертти.

2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак миңдеген ок-дарысы менен кошо жоголгон. Айрым адистер милициянын мындай аракетинен анча деле жыйынтык чыкпайт деп эсептешет.

Кыргыз өкмөтү мыйзамсыз курал-жаракты өз эрки менен тапшырып бергендерге акчалай сыйлык берүү тууралуу токтомдун долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

ИИМдин басма сөз өкүлү Назгүл Иманбаеванын айтымында, бул документке ылайык, курал-жарак жыйноо милициянын аймактагы бөлүмдөрүнө жүктөлдү:

Операция учурунда табылган курал-жарак. (Архивдик сүрөт)

- Курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшыруу фактысын ички иштер органдары текшерип, катталган номуру жана октордун кайсы курал менен атылганы (пулегильзотека) да аныкталат. Эгерде текшерүүдө ошол жаран тапшырып жаткан куралды колдонуу менен кылмышка жана укук бузууга барганы аныкталса, анда сыйлык акы төлөнбөйт. Текшерүүнүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын ИИМи аныктайт. Өз ыктыяры менен курал тапшыргандарга сыйлык акы облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын башчыларынын буйруктарынын негизинде гана төлөнөт.

Сыйлыктын өлчөмү курал-жарак менен ок-дарынын түрүнө карап аныкталды жана 1600 сомдон 16 миң сомго чейин деп белгиленди. Тактап айтканда, гранатомет менен пулемет тапшыргандар 16 миң сом, ар түрдүү үлгүдөгү автоматтарды өткөрүп бергендер 9600 сом сыйлык алат. Ал эми сайы жок мылтыктарга жана гранатага 3200 сом каралган.

2010-жылы ошол кездеги Убактылуу өкмөт да жоголгон курал-жаракты кайтарып алыш үчүн атайын токтом кабыл алган. Ошонун негизинде өз эрки менен куралды кайтарып бергендерге сыйлык катары 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Андан кийин дагы 10 миллион сом берилген. Курал-жаракты өз эрки менен кайтаргандарга сыйлык катары автоматка 4800 сом, ал эми тапанчага 3200 сом берилген. Бирок адистер маселен көмүскө базарда автоматтын баасы 1-2 миң доллардан сатыларын, ошондуктан мындай сыйлык акы өтө эле аздык кыларын айтышкан.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев мыйзамсыз курал-жарак чогултуу аракеттери буга чейин деле натыйжалуу болбогонуна токтолду:

Зарылбек Рысалиев.

- Негизи эл өзү алып келип деле бербейт. Убагында атайын "кербен" деген иш-чараларды уюштурганбыз. Көбүрөк курал-жарак жыйнасак керек деп ойлогонбуз. Бирок биз пландагандан бир топ эле аз алганбыз. Курал жоголгон райондордо бир топ иштерди жүргүзүп туруп барганда да ошондой жыйынтык болгон. Андай деле жарытылуу жыйынтык болгон эмес. Азыр курал-жаракты алып келип бергенден деле чочулашса керек. Булар курал-жаракты үйүнө, шкафтардын ичине, короосуна каткан жок. Куралдар көбүнчө мергенчилерде. Тоолордо, токойдо, бадал-садалдын түбүндө, аска-зоонун арасында, үңкүрлөрдө катылып жатат болуш керек. Көбүнчөсү керек болгон убакта ала калып, кайра ордуна барып ката турган куралдар.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2010-жылы апрель окуяларында күч түзүмдөрүнөн баш-аягы бир топ ок-дарысы менен 865 даана курал-жарак жоголгон. Сегиз жылдын ичинде анын 350дөй даанасы гана табылган. Расмий эмес булактарда жоголгон куралдын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылып жүрөт. Дагы бир топ курал ок-дарысы менен 2010-жылы июнь коогалаңында да жоголгон.

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов бир топ курал-жарак кылмыштуу топтордун колунда экенин белгиледи:

Курманакун Матенов.

- Бир жагынан ИИМдин ыкчам маалыматтары так болбогондуктан элге кайрылып жатса керек. Буга чоң деле үмүт артпаш керек, баары эле колундагы мыйзамсыз куралын алып келип бербейт. Балким чочулап, "эртели-кеч атылып кетпесин" деп кооптонуп жүргөн жарандар болсо, ошолор өткөрүп берет чыгар. Кылмыштуу топтордун колуна өткөн куралдар - албетте, кайтарылбайт. Эми куралдарды кайтаруу боюнча ушундай иш-чаралар деле керек. Жүз адамдын ичинен жок дегенде эки-үчөө деле алып келип берсе кичине болсо да пайдалуу нерсе да.

2010-жылы жоголгон курал-жарактар пайдаланылган кылмыштар да катталган. 2011-жылдын башында Бишкекте үч милиция кызматкери өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү деп эсептелген адамдар Бишкектин жанындагы Беш-Күңгөй айылында табылып, атайын операция маалында жок кылынган. Атайын кызмат бул адамдарды ""Жайшүл Махди" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү" деп атаган. Бул окуяга байланыштуу ондон ашык адам кармалып, айрымдары өмүр бою, кээ бирлери сегиз жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратылган. Кылмышка колдонулган куралдар 2010-жылы апрель окуяларында Бишкектеги "Форум" имаратынын жанындагы күч кызматкерлеринен тартылып алынган куралдар экени аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.