Анда камакка алынган “Элдик курултай” кыймылынын лидери Эрнест Карыбековдун коңшу мамлекеттин тыңчылары менен кызматташканы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин оперативдүү тасмалары жарыяланды. Мындан тышкары Карыбековдуку делген электрондук почтадан кат алышууларды чыгарды.
Өткөн аптадан бери оппозиция лидерлеринин бийликти күч менен кулатуу боюнча сүйлөшүүлөрү делген, тымызын жаздырылып алынган аудио-видео тасмалар жарыяланып жатат.
Коомдук биринчи каналдын иликтөөсүндө ушул тушта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Эрнест Карыбековдун Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышы болгон деп айтылат.
Анда Карыбековго энергетикалык маселелерде Ташкендин кызыкчылыгын коргогон, коңшу мамлекеттин атайын кызматынын Фархад Парпиев аттуу өкүлү менен тымызын кызматташып жүргөн деген доомат коюлган.
- Эрнест Карыбековдун акыркы кездери Ташкенге тез-тез каттап калганы Кыргызстандын атайын кызматтарында шек жаратты. 2016-жылдын 15-мартында Бишкектеги “Уголек” кафесинде “Элдик курултай” оппозициялык кыймылдын лидери Эрнест Карыбеков Жалал-Абадда төрөлгөн Өзбекстандын жараны Фархад Парпиев менен жолугат. Маалыматтарга ылайык, Парпиев Өзбекстандын атайын кызматтары менен тыгыз кызматташат. Парпиев ошондой эле криминалдык дүйнөдө “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал болгон Салимбай Абдувалиевдин ишенимдүү адамдарынын бири. Белгилүү болгондой, Өзбекстанда криминалдык дүйнө Улуттук коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүндө,- деп айтылат Коомдук канал даярдаган видеоматериалда.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Эрнест Карыбековдун Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы тууралуу расмий комментарий бере элек. Өткөн аптадан бери оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти күч менен басып алуу тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөрү делген бир канча аудио-видео тасмалар жарыяланды. Чекисттер бул тасмалар мыйзамдуу жаздырылганын айтып, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековду камакка алган жана сүйлөшүүлөргө катышты делген Дуулат Турдуналиевге издөө жарыяланган.
Коомдук биринчи каналдын кыргыз оппозиционерлери өзбек чекисттери менен кызматташат деген мазмундагы сюжетинде Азимбек Бекназаровдун аты аталган. Анда Аксыда кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайды чечүү үчүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кайрылганы мисал келтирилген. Бекназаров болсо муну бийликтин каралоо, жаманатты кылуу аракети деп билдирди:
- Азыр бизди жок нерселер менен шыбап жатат. Эгер ошенте беришсе, элди “булар акмак, бузуку экен, буларга тополоң керек экен, булар бийликти басып алгысы келет экен” деген ой пайда болот. Бийлик ошондой максатына жетип жатат. Бирок бул көпкө узабайт. Акаев да убагында ушундай иштерге барган. Атамбаев да ошол жолго түштү. Дагы убакыт келет, Абдил Сегизбаев 2005-жылдагы тагдырды дагы көрүшү мүмкүн.
Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуяга ички-тышкы күчтөр аралашканын, жаңжалды ырбатып, өз максатына колдонгусу келгендердин үмүтү таш капкан деп жарыялаган болчу:
- Патриот болумуш болуп, атүгүл талаштуу жерден өзбек чек арачыларын кууп чыгалы деп чакырык жасагандар, элди согушка, куралдуу кагылышка чакырып жатат. Бул Кыргызстандын ичиндеги жана сырттагы кээ бир саясатчыларга керек. Мен ачык айтып коёюн, бул алдын ала макулдашылган “оюнга” окшоп калды. Бул патриоттуулук эмес, бул улуттук кызыкчылыкты, өлкө кызыкчылыгын сатуу, чыккынчылык.
Анткен менен, оппозиция өкүлдөрүнө карата соңку аракеттерди айыптагандар да жок эмес. Алардын бири коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев:
- Оппозицияда Өзбекстандын атайын кызматтары менен биригип алып Кыргызстанга кыянаттык кылганы жатканына мен ишенбейм. Ал жөн эле куру доомат. Азыр бийлик оппозицияны тизгиндеп, биротоло жок кылууга абдан аракет кылып жатат. Бул эми туура эмес. Черчиль "Оппозиция жок болсо, аны ойлоп табыш керек" деп айткан. Кандай оппозиция экени, бүгүнкү биздин оппозициянын абалы, деңгээли кандай экени бул башка сөз. Болбосо оппозицияны жетерине жетип жамандап, башка мамлекеттик атайын кызматтары менен биригип алып, Кыргызстанга жамандык кылганы жаткан деп күнөөлөө таптакыр акылга сыйбаган нерсе.
Талдоочу Марс Сариев болсо оппозициянын чет өлкөлүк чекисттер менен байланыштырган дооматтар салмактуу фактылар менен далилдениши керек деп эсептейт:
- Ислам Каримовго Кыргызстандагы кырдаалды дестабилдештирип, бийликке башка адамдарды алып келүүгө кызыкчылыгы деле жок. Себеби бул жакта кырдаал курчуп кетсе, Өзбекстанга дагы таасирин тийгизет. Бирок атайын кызматтар, агентуралар тымызын иштейт. Бирок атайын кызматы ушундай чоң операцияга барган дегени салмактуу, негиздүү фактылар менен далилдениши керек. Анткени азыр саясий күрөш, ар кандай “оюндар” жүрүп жатат.
Оппозиция өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү делген соңку аудио-видео тасмада мурунку мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов жүрөт. “Азаттык” Сарыгуловдун өзүнөн комментарий ала алган жок. Ал эми тасмада сөз болгон Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров өңдүү саясатчылар менен да байланышуу мүмкүн болбоду.
Үн тасмада сүйлөшүүгө катышты деген “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова Дастан Сарыгыгулов, Эрнест Карыбеков баштаган адамдар менен жолукканын бышыктады. Бирок анда бийликти күч менен басып алуу тууралуу сөз болбогонун айтты:
- Мен ыңкылап, төңкөрүш кылабыз деген сүйлөшүүгө катышкан эмесмин. Дастан Сарыгулов курултайга даярдык болуп жатат деп чакырды. Кимдерди чакырып келе аласың деп сурады. Мен болсо эч кимди чакыра албай турганымды, андай мүмкүнчүлүгүм жок экенин айттым. Ошентип айтканым жазылып турат. Мындан башка алар менен байланышым жок.
Ал арада оппозициянын Ошто 24-мартта болбой калганы жыйыны Бишкекте 30-мартта өтөрү белгилүү болду.