Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12-майга чейин камакта калды. Бул туурасында “Азаттыкка” жарандык активист Адил Турдукулов билдирди. Алардын баш коргоо чарасын 26-мартта Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим кабыл алган.
25-мартта оппозициячыл дагы бир активист Эрнист Карыбеков камакка алынган болчу.
УКМК аларга саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет кылган деп айып коюуда. Буга оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жазылган видеолор себепчи болгондой. Айрымдар бул аракетти саясий куугунтук деп түшүндүрүүдө.
"Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров 24-мартта кармалган. Аларды УКМК бийликти басып алуу планына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында кармаган.
УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буларды билдирди:
- Мындан мурун козголгон кылмыш иштин негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына Кыргызстандын эки жараны алып келинди. Бул жарандар коомдук-саясий кырдаалды чайпалтып, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатат. Учурда тиешелүү оперативдүү-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сулаймановдун белгилешинче, тергөө иштерине тиешелүү соттук органдардан жана Башкы прокуратурадан санкция алынган.
УКМК азырынча оппозиция өкүлдөрүнүн кармалышына байланыштуу далилдерди ачык айткан жок. Бирок бул аракетке буга чейин интернетке тараган оппозиция лидерлеринин сүйлөшүүсү тууралуу видео негиз болгондой. Анүстүнө УКМК бул тасмадагы сөздөр өздөрү мыйзамдуу жаздырган сүйлөшүүлөр менен дал келерин ырастаган.
Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дуулатбек Турдуналиевдин сүрөттөрү коюлуп, интернетке тараган биринчи тасмада алар бийликти басып алууну, адамдарды чогултууну жана кызматтар кандай бөлүштүрүлөрү тууралуу кеп болот. Экинчи видеодо болсо Асанов менен Кадыровдон сырткары оппозиционер Азимбек Бекназаровдун да үнү жазылган. Ал тасманын башында "20-мартта Азимбек Бекназаровдун адвокаттык кеңсесинде К.Кадыров, Б.Асанов, Р. Жээнбеков, М.Абылов, У.Маматаев, К.Кошалиев, М.Чолпонбаев, Б.Назаралиев, Э.Карыбеков, Э.Асаналиев бийликти басып алуу планын талкуулашты" деген жазуу турат.
Бирок Азимбек Бекназаров ал жерде “төңкөрүш жасоо” тууралуу сөз болбогонун билдирүүдө:
- Мени менен отурганда алар бийликти басып алуу тууралуу сүйлөшкөн эмес. Биздин сөздөр ал жерде ачык эле, Ошто курултай өткөрүү, Аксыда митинг уюштуруу, бийликке талаптарды коюу сыяктуу эле сөздөр болгон. Эгер ушуну мыйзамсыз деп эсептешсе, анда мени да кармай беришсин. Ал эми Кадыров менен Асановдордун өздөрү отурганда кандай деп сүйлөшкөнүн мен билбейм. Канткен күндө да эгер УКМК Кадыров менен Асановго ошол видео менен гана айып коюп атса, анда бул жетишсиз. Биринчиден, ал үн жаздыруу мыйзамсыз болгон, экинчиден, алар ошентип сүйлөшкөнбү же сүйлөшпөгөнбү, аны далилдеш керек. Андай үндөрдү жасалма кылуу оңой эле да, керек болсо азыр президенттерди туурап деле сүйлөп коюп атышпайбы.
Бекназаров ошондой эле анын иш бөлмөсүнөн жашыруун үн жаздыруучу сегиз аппарат табылганын айтты.
Ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров алардын отурумунда тасмада айтылгандай бийликти күч менен тартып алуу тууралуу сөз болбогонун айтып, муну оппозиция өкүлдөрүн каралоо катары баалашкан. Кантсе да бул эки саясатчынын кармалышын айрымдар саясий куугунтук катары мүнөздөшүүдө.
“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова буларга токтолду:
- Саясатчылар, анын ичинде өзгөчө оппозиция өкүлдөрү өкмөттүн саясатын жактырышпаса, бийлик менен макул болбосо, аны кетирүү боюнча чогулуп сүйлөшүшү мүмкүн. Ал жерде “убакыт келди, бийликти алмаштыруу керек, иштебей атышат” деп сөз кылышы да мүмкүн. Ошентип “чогулалы, митингге чыгалы” деп сүйлөшкөнү бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бул саясий күрөштүн жолу, өзүнчө бир формасы. Анан ошентип төрт киши чогулуп сүйлөшсө эле, аларды “төңкөрүш жасаган жатат” деп камаганы таптакыр туура эмес. Азыркы бийлик өз каршылаштары менен минтип күрөшкөнү уят иш. Бул Акаев менен Бакиевдин заманынан эмне айырмасы бар, ошо кездегидей эле саясий куугунтук да.
Кубанычбек Кадыров 2008-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. Кийинчерээк, 2009-жылы УКМК менен Башкы прокуратура ага Балыкчы шаарындагы башаламандыктарды уюштуруп, бийликти басып алууга аракет кылган деп айып койгон. Бирок депутаттык кол тийбестиктен улам жоопко тартылган эмес. 2009-жылдын аягында депутаттык мандатынан айрылып, Швецияга саясий башпаанек алып кеткен. Кайра кайткандан кийин 2010-жылы ИИМдин министринин орун басарлыгына дайындалган. Соңку мезгилде Кадыров "Чындык" партиясынын жетектеп жүргөн.
Бектур Асанов 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2005-2010-жылкы төңкөрүштөрдүн катышуучусу, ыңкылап учурунда үч жолу сабалган. Апрель окуясына чейин туризм, спорт жана жаштар комитетинин, агенттигинин башчысы, Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп иштеген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. Кызматтан кеткенден кийин учурдагы бийликке нааразы экенин айтып, сындап келет.
Асанов акыркы жолу 14-мартта Жалал-Абаддагы митингде президенттик кетүүсүн талап кылган жайы бар:
- “Эл үнү” деген оппозициялык кыймыл Ошто курултай өткөрөбүз. Биз президенттен тез арада бийликтен кетүүсүн талап кылабыз. Ошого чейин Атамбаев кызматтан кетпесе, мыйзамдуу жолдор менен анын түбүнө жетебиз. Бүгүнкү күндө бийлик криминалга аралашып кетти. Революция элдин үмүтүн актаган жок. Атамбаев бийликти башкара албай калды.
Айрымдар Асановдун кармалышын бийликке карата ушул сын-пикири менен да байланыштырат. Ошол эле кезде кээ бир байкоочулар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов алардын соңку аракеттери үчүн бийлик кысымга аларын билишкенин, ошого карабай саясий упай топтоо үчүн атайын ушундай жолго барышкан деп баа беришет.