Садыркуловдун өлүмүнүн сабактары

Медет Садыркулов.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы, Кыргызстандын чоң саясатындагы «көмүскө башкаруучу» атыккан Медет Садыркуловдун ырайымсыз түрдө өлтүрүлгөнүнө бүгүн он жыл толду.

«Бакиев менен эч маселем жок»...

«Курманбек Салиевич экөөбүз жакшы иштедик. Администрациянын алдында абдан чоң милдеттер болгон. Анын баарын аткарууга аракет кылдык. Бир топ чоң иштерди жасадык. Аны эл билет. Курманбек Салиевич өзү да рахматын айтты. Ошон үчүн эч кандай маселе жок», - деп «Азаттыктын» суроолоруна 2009-жылдын башында президенттик аппараттан кызматтан кеткен учурунда жооп берген Медет Садыркуловдун каза болгонуна бүгүн 10 жыл толду.

Үч ай мурун гана Бакиевге ыраазылыгын билдирип жаткан Медет Садыркуловдун жана анын эки сапарлашы - Стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-жетекчиси Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулаймановдун сөөгүнүн калдыктары 2009-жылдын 13-мартында Аламүдүн капчыгайындагы жолдун чекесинде өрттөнүп кеткен автоунаанын ичинде табылган.

Бул кабар өлкөгө желдей тараары менен расмий бийлик «Медер Садыркулов автокырсыктан мерт болду» деп жарыялаган. Бирок ошондо эле бул маанидеги расмий кабарга көпчүлүк ишенген эмес. Анткени буга негиз болчу абдан көп жагдайлар бар эле.

Ал кезде ачык айтылбай, оппозициянын гана үзүл-кесил маалыматтары берилип турган. Садыркуловдун үзөңгүлөшү, азыркы парламент депутаты Искендер Гаипкулов жада калса ал кездеги президент Курманбек Бакиев да сыр бербей, саясатчынын өлүмүн жашырууга аракет кылганын белгилейт.

Садыркулов менен каза болордон бир күн мурун Алматыга баратып телефондон сүйлөшкөн Гаипкулов досунун каза болгону жөнүндө Бакиевдин жанында отуруп уккан.

Искендер Гаипкулов.

«13-март күнү эртең менен ал кезде мен жетектеген Эсеп палатасынын иши боюнча отчет берейин деп президентке киргем. Президентке отчет берип чыксам эле Медет Чокановичтин жардамчысы чалып, ушундай суук кабарды айтты. Ал учурда Бакиев эч нерседен кабары жоктой эле отурган. Мен Садыркуловду президентке жеткирбестен Жаныш Бакиевдин командасы жок кылганбы деп ойлоп калам», - деген Искендер Гаипкулов Садыркуловдун өлүмү азыркыга чейин түйшөлткөнүн кошумчалады.

Саясий чөйрөдө МЧС деген ылакап атка конгон Садыркулов боюнча суроонун жандырмагы табышмактуу өлүмдөн бир жылдан соң же тагыраагы 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин чечилди. Анда Медет Садыркуловду өзү кызмат кылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары ырайымсыздык менен өлтүргөнү ачыкка чыкты.

Мындан 10 жыл мурун болгон окуянын сабагы бүгүн кандай болду? Бул суроого жооп берүүдөн мурун Медет Садыркуловдун таржымалына токтололу.

Медет Садыркулов ким болгон?

Медет Садыркулов кесиби боюнча тарыхчы болчу. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, Кыргызстан эгемендик алган учурда аткаруу бийлигине өтүп, район акими, Салык кызматынын, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген. Кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин администрациясында жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2000-2005-жылдары Кыргызстандын Ирандагы элчилик кызматын аркалаган.

2005-жылдагы март окуяларынан кийин ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин командасына кошулуп, алгач администрация башчысынын орун басары, кийин жетекчиси болуп калган. Мына ушул учурда Медет Садыркуловдун кыргыз саясатындагы орду бекемделип, Курманбек Бакиевдин эң жакын адамдарынын бирине айланган.

Ал кезде Бакиевдер үй-бүлөлүк башкаруу системасын түптөгөнү боюнча дооматтар айтылып, оппозиция жигердүү каршылык көрсөтүп жаткан эле.

Мына ушундай кырдаалда Медет Садыркулов оппозицияны алсыратууга жардам берген. Жардам гана бербестен, ошол кездеги Бакиевдерге каршы чыккандарды бөлүп-жарган жүрүштөрдүн авторлорунун бири болгонун ошол кездеги оппозициянын өкүлдөрү да эскеришет.

Бакиев бийлигинин даңазалуу «Ак жол» саясий партиясынын да башкы түзүүчүсү, идеологу да дал ушул Садыркулов болгону өз убагында көп айтылган. Маселен, 2010-жылга чейин оппозицияда болгон саясатчы Азимбек Бекназаров Садыркулов ашынган бакиевчи болгон деп эсептейт.

Азимбек Бекназаров.

«Ал ашынган бакиевчи болчу. Бакиевдердин жанында жүрдү, бийлигин бекемдеди. Инилерине, балдарына кызмат кылды. Аны шылдыңдап, колдонгонуна карабай ошол жакты жактады. Ал эми аны апрель ыңкылабына жакындатууга эч кандай негиз жок», - деген Бекназаров оппозиция Садыркуловго деле ишеним артпаганын белгилейт.

Бирок кийин Курманбек Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн бийлиги күчүнө кирип, башкарууга мүмкүн болбой калганын түшүнгөн кезде өзү бир кезде каршы күрөшкөн оппозициядан көмөк алууга аракет кылган.

Ал 2009-жылдын башында кызматын тапшырат. Ошондон кийин дароо эле ал кездеги оппозициячыл саясатчылар менен жолугушууларды өткөргөн. Саясатчы Эмилбек Каптагаев дал ушул оппозиция менен кызматташтыгы Садыркуловдун көзүн тазалоого негиз болгонун «Азаттыктагы» маектеринин биринде айткан эле:

«Мен маркум Медет Садыркулов менен ошол кырсыктан мурда, 12синде жолуккам. Экөөбүз бир жарым сааттай сүйлөшкөнбүз. Ошондо ал: «Азыркы бийлик болбой калды, бул бийликтин келечеги жок, жакында чоң процесстер башталат, бул бийлик, заман өзгөрөт», - дегендей сөздөрдү айткан эле. Азыркы саясат боюнча көп пикир алышкан элек. Ошого таянып, мен Садыркулов бийликке реалдуу түрдө коркунуч туудуруп калган деп айта алам».

Медет Садыркулов Бакиевдерге кандай коркунуч туудурушу мүмкүн эле? Анын шакирттеринин бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиевдин айтымында, Садыркулов Бакиевдин тизгинин тартууга мажбурлоочу планды түзүп келген. Ал план бийликтин ичиндеги көздөй кадрлардын Бакиевдерге каршы чыгып, бийликке сес көрсөтүшүндө болчу.

Алишер Мамасалиев.

«Садыркулов Бакиевдерге каршы жаңы оппозициячыл аянтча түзүүнү каалаган. Жаңы саясий долбоорду ишке ашырууга аракет кылган эле. Ушундан улам Садыркулов менен Жаныш Бакиевдин ортосунда карама-каршылык келип чыккан. Ал кезде «Ак жол» партиясында Садыркуловду колдогон 20га жакын депутат бар болчу. Анын ичинде мен да бар элем. Ошол учурда вице-премьер Элмира Ибраимова бийликтин саясатына каршы экенин айтып, кызматтан кеткен. Бизде деле депутаттар арасында партиядан чыгуу боюнча сөздөр жүрө баштаган эле. Ал эми Садыркулов болсо жаңы саясий күчтү түзүү боюнча бардык топтор менен сүйлөшүү жүргүзгөн», - деп Мамасалиев ошол күндөрдү эскерди.

Бирок Садыркулов өлтүрүлгөн соң ал план ишке ашпай, анын ишенген шакирттери жада калса устатынын табышмактуу өлүмү жөнүндө ачык маселе көтөрө алган эмес. Ошого карабай Алишер Мамасалиев бул өлүм Бакиевдердин бийлигинин чыныгы жүзүн ачып, ыңкылапты жакындатканын айтууда.

Ошол эле кезде Садыркуловдун өлүмүнүн сабагы эмне болду деген суроо турат. Депутат Искендер Гаипкулов «акыры баары ачыкка чыкты. Бул окуя кайсы учур болбосун бийликти бир колго топтоо, аны сактап калуу үчүн ыплас жолдорго баруу эртеби-кечпи жаман аяктаары жөнүндө сабак болушу керек» деген ойдо.

Ушундай эле пикирди колдогон тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматов болсо анын мисалы мамлекеттик кызматкерлерге бир адамдын бийлигин чыңдаш үчүн кызмат кылуу туура эмес экендигин көрсөткөнүн белгилейт:

Алмаз Кулматов.

«Бир жагынан анын өмүрүн текке кетпеген өмүр десек деле болот. Ал бийликти чыңдоого аракет кылды. Бирок акыр аягында аны түшүнүп, оңдогонго аракет кылган учурда өмүрүнөн ажырады. Ошол эле маалда бийлик кыска убакытка максатына жетип, элди, оппозицияны тынчтандырганы менен анын узакка созулбаганы да сабак алчу окуя болду».

Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши 2010-жылдан соң тергелип, күнөөлүүлөр аныкталды. Соттун чечими менен бул кылмыш боюнча 20дан ашык адамга айып коюлган. Ага ылайык, Садыркуловду өлтүрүү планын ошол кездеги президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жетектегени аныкталган. Соттун чечимине ылайык, Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилген. Учурда бул иш боюнча соттолгон 7 киши издөөдө жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.