Ал жабырлануучунун алысыраак тууганы экени кабарланууда.
Башкы прокуратура кылмышка шектүүнүн тек-жайын ачыкка чыгара элек. Коопсуздук боюнча талдоочулар муну кылмыш ишинде жетиштүү далилдин жоктугу менен байланыштырып жатышат. Ал тапта тинтүү учурунда шектүүнүн үйүнөн жардыргыч заттардын табылганы укук коргоо органдарынын дарегине сынды күчөттү.
Жардыруунун себеби айтыла элек
Прокурор Эркин Курманалиевди тындым кылууга кимдер кызыкдар экени, анын автоунаасын жардырууга эмне себеп болгону, бул ишке ким буйрутма бергени азырынча беймаалым. Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Алманбет Абдраманов иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү адам кармалганын жана тергөө уланып жатканын айтуу менен чектелди:
- Шектүү сурак берип жатат. Анын берген көрсөтмөлөрү тергөө учурунда топтолгон материалдарга дал келүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн шектүү ким экени, тууганыбы же башкабы деген суроолорго жооп бере албайбыз. Тергөө бүткөндөн кийин толук маалымат беребиз. Аны “баланча убакытта бүтөт” деп айтуу да кыйын.
Иликтөөнүн жүрүшүнө дурус эмес деген баа берем. Анткени, төрт айга жакындап калды, дале окуяга эмне түрткү болгону белгисиз. Муну буюртма менен киши өмүрүнө кол салуу аракети десек болот.
Ошентсе да прокурордун тели-теңтуштарынын арасында кол салган адам жабырлануучу менен куда-сөөк, алысырак тууган болгон деген кеп аралап, окуяны үй-бүлөлүк себептерге байланыштыргандар да болууда.
Башкы көзөмөл органы кылмышка шектүүнүн тек-жайы тууралуу эмдигиче так маалымат бербей жатканын сындагандар да бар. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кылмышкерлерди таап, кармоо узакка создугуп кеткенин, далил жоктугуна байланыштуу жардырууну ким ишке ашырганы алигиче айтылбай жатканын белгиледи:
- Иликтөөнүн жүрүшүнө дурус эмес деген баа берем. Анткени, төрт айга жакындап калды, дале окуяга эмне түрткү болгону белгисиз. Муну буюртма менен киши өмүрүнө кол салуу аракети десек болот. Бир жагынан бул өтө татаал, кыйынчылык менен ачыла турган кылмыштардын катарына кирет. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери өз кесиптешине болгон кол салууну ача албаса, анда бул көрүнүш аларга аброй алып келбейт. Ал эми ачык маалыматтын жоктугу - кармалган адам кылмышты уюштурганы же аткарганы боюнча тергөө өзү толук бир тыянак чыгара албай жатканы менен байланыштуу деген ойдомун.
Табылган шектүү заттар
Укук коргоо органдары шектүүнүн үйүнөн прокурордун машинесин жардыруу учурунда колдонулгандай заттарды табышкан. Кылмышкер колго жасалган жардыргыч зат пайдаланганы буга чейин кабарланган болчу. Мындай заттарды жасоого тыюу салууда Кыргызстандын күч кызматкерлери чабал болуп жатканын көз карандысыз эксперт Эдил Осмонбетов маалымдады:
- Прокурордун автоунаасынан кийин Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде да жарылуу болуп, анда да колго даярдалган жардыргыч заттар колдонулганы аныкталбадыбы. Бул чоң көйгөй. Себеби, жардыргыч заттар кантип, кимдин көмөгү менен жасалып атканын иликтеш керек. Катардагы эле жаран аны жасай албайт. Башка мамлекеттерде теракт, жардыруулардын алдын алып жатышат. Бизде окуя болуп бүткөндөн кийин аракеттенип калышууда.
Эркин Курманалиевдин автоунаасы быйыл 29-июлда өзү жашаган үйдүн алдында жардырылган. Андан прокурор катуу жаракат алып, оң колу билегинен үзүлүп, сол көзү көрбөй калган. Өпкөсү да жабыркап, оор операциялар жасалган. Окуядан көп өтпөй туугандары аны Москвага алып кетишкен. Ал жактан келип, азыр Бишкекте амбулатордук дарылануудан өтүп жатканы белгилүү болду. Жакындары анын абалы тууралуу маалымат беришкен жок.
Бул окуядан кийин коомчулукта прокурор кимдир бирөөнүн укугун тепсеп же пара алганы үчүн ушундай тагдырга туш болду деген пикирлер айтылып келет. Анткен менен жабырлануучунун досу Ислан Турганбаев ал прокуратура кызматкерлерине байланышкан иштерди гана тергеп келгенин билдирди:
- Элде прокурор десе эле акча алат деген түшүнүк калыптанып калган. Эркин прокуратуранын ичинде кылмыш жасагандар менен иштечү. Алардан пара албайт да. Ал иштеген бөлүмдө төрт эле бала эмгектенет.
34 жаштагы Эркин Курманалиев Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору кызматында соңку беш жылдан бери эмгектенип келаткан. Иш тажрыйбасында мекеменин башкы тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев, Ысык-Көл облусунун прокурорунун мурунку орун басарына байланышкан иштерди иликтеген.
Прокурордун машинасы жарылды. 29-июль, 2016-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.