Бишкекте мэрликке курулуш ишкери ат салышат

Азиз Суракматов.

Бишкек шаардык кеңештеги башкаруучу коалиция мэрликке Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү жана шаар башчысын шайлоо 8-августка белгиленди.

Азырынча Суракматовдон башка эч кимдин талапкерлиги көрсөтүлө элек. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, бул кызматка оппозициялык азчылык менен премьер-министр да талапкер көрсөтө алышат. Ири курулуш компанияларына тиешеси бар экени айтылган, шаардык кеңеш менен Жогорку Кеңеште депутат болгону менен коомчулукка дээрлик белгисиз Суракматовдун талапкерлиги түрдүү пикирлерди жаратты.

"Орус мүнөз"

Азиз Суракматов 46 жашта, Чүй облусунан болот, атасы Эмилбек Суракматов да курулушчу болгону, бул тармакта жетекчилик кызматтарда жүргөнү белгилүү.

Ал 1994-жылы Кыргыз курулуш-архитектура институтун, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Ошол эле жылы "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасына жумушка орношкон жана 2008-жылга чейин инженер, архитектор, юрист-кеңешчи, башкы архитектордун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн.

2000-2002-жылдары Бишкек мэриясында бөлүм башчы, башкы адис болуп иштеген. Андан кийин алты жылдай ишкерлик кылып жүргөн. Суракматов 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, төрагалык да кылган.

2010-жылы парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынын тизмесине кошулуп, алдыңкы 20 адамдын катарында болгон. Анын фракциялашы, экс-депутаты Курманбек Осмонов Азиз Суракматовду "орус мүнөз" деп сыпаттады:

Курманбек Осмонов.

- Аны жаңы муундагы кадр деп айтсак болот. Иштин көзүн, айрыкча курулуш тармагын, өндүрүштү жакшы билет дешет. Көрөңгөсү түзүк, даярдыгы жакшы жигит экенин билем. Бир фракцияда, 5-чакырылышта чогуу депутат болуп жүрдүк. Интригалардан алысыраак, түз жүргөн жигит деп билем. Шаардык кеңеште депутат болуптур, шаардагы муниципалдык кызматтарды да башкарыптыр. Байкашымча, ал жигиттин мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик курулуш боюнча теориялык да жакшы билими бар. Эң башкысы - уудуң-шуудуңу жок, кээде балдар аны "орус кыял" деп да коюшчу, бул анын жакшы гана жагынан айтылчу.

Анткен менен Азиз Суракматов тынбай маселе көтөргөн, жигердүү деп эсептелген депутаттардын катарына кирчү эмес. Түнт экени, маалымат каражаттары менен дээрлик маектешпегени маалым. Ишке себепсиз келбеген депутаттардын арасында анын да аты аталган жайы бар. Парламентте мектептерде бекер окутуу тууралуу мыйзамдагы норманы алып салууну сунуш кылып чыккан жана муну "ансыз деле ар кандай себептер менен акча чогулткан көрүнүш бар" деп түшүндүргөн. Кыргызстандагы эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин текшерүү боюнча да демилге көтөргөн.

2015-жылы Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого КСДПнын тизмеси менен барган жана 54-орунда болгон. Учурда анын кезеги дээрлик келип калган эле, эгер бул фракциянын кайсы бир депутаты кайсы бир себептер менен мандатын тапшырса, анын ордуна Суракматов депутат болмок.

Былтыр "Tazabek" агенттиги чыгарган журналда Кыргызстандагы эң бай 200 үй-бүлөнүн тизмеси жарыяланып, ага Азиз Суракматов да кирген.

Азиз Суракматовдун аты "Елизавета", "Столица строй "жана "Ливерпуль" өңдүү Кыргызстандагы ири курулуш компанияларына байланыштуу айтылат. Бул компаниялар Бишкектин чок ортосуна, эң кымбат жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коммерциялык жайларды куруп келгени менен белгилүү. "Елизаветанын" директору Нуржан Тынымсеитова учурда Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынын депутаты. Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, "Елизавета" менен "Столица строй" компанияларынын негиздөөчүлөрү катары Азиз Суракматовдун уулу Айдар Суракматов менен бир тууганы Гүлбара Суракматова көрсөтүлгөн.

Жарандык активист Айбек Мырза Суракматовго таандык деп эсептелген курулуш компаниясынын балдар аянтчасы үчүн бөлүнгөн жерди талашып чыккан учурду эстеди:

Айбек Мырза.

- Балдар ойной турган аянтчаны тартып алууга ниеттенген адам кантип шаарды оңдосун? Менимче бул адам мэрликке келсе, коррупция менен күрөшпөй эле аны кайра гүлдөтүшү мүмкүн. Мындан беш жыл мурун, 2012-жылы болсо керек, биз, жарандык активисттер, шаардагы мыйзамсыз ээленген жер тилкелерин жана балдар аянтчаларын өзүнө каратып алган фактыларды иликтеп чыкканбыз. Ошондо Бишкектеги №7 кичирайондогу көп кабаттуу үйлөргө караштуу балдар ойногон аянтчаны Азиз Суракматовго караштуу компания талашып, бир топ чыр болгон. Биз буга байланыштуу нааразылык акциясын да өткөргөн болчубуз.

2014-жылы Бишкек шаардык прокуратура Жогорку Кеңештин жанында, Тоголок Молдо көчөсүндө "Елизавета" жана "Ливерпуль" компаниялары куруп жаткан көп кабаттуу имараттын курулушун токтотуу жөнүндө эскертүү берген. Муну көзөмөл органы бир катар мыйзамдар, жоболор бузулганы, талаптар аткарылбаганы менен негиздеген. Бул компания шаардагы район аралык сотко кайрылган жана сот "курулуш мыйзамдуу" деген чечим чыгарып берген.

"Биздин укук" уюмунун жетекчиси Калича Умуралиева Суракматовду шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча айыптады:

Калича Умуралиева.

- "Азиз Суракматовго караштуу болушу мүмкүн" деген "Елизавета" компаниясы "Россия" кинотеатрынын артындагы "№1 кайтаруу тилкеси" деп аталган жерге көп кабаттуу үй сала баштаган. Ошол мыйзамсыз курулушка анын тиешеси бар экенин тууралуу буга чейин какшап эле келатабыз. Ал шаарга эми мэр болуп келсе, буга окшогон жер тилкелерине көп кабаттуу үй салууга уруксат берип, кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн. Анткени ал курулуш ишкердигиндеги адам. Ал буга түп-орду менен байланган. Анан кантип ал бул тармактагы жакындарынын же өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын колдобой койсун? Колдойт. Ошондуктан мен Азизге "эгерде мэрликке бара турган болсоң ошол мыйзамсыз курулушуңду токтот" деп айттым. Угабы же укпайбы, аны билбейм. Бирок ушул бойдон мэр боло турган болсо, ага мыйзам жол бербейт. Анткени бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болуп жатат. "Мыйзамсыз курулуштун артында ким турат?" деп айтып келген элем. Бүгүн биз көрүп тургандай, анын артында Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов турат.

"Бакиевдердин жакын санаалашы"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мэрликке Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн сындап чыкты. Ал өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди шаар башчысына коомчулукта кадыр-баркы жогору кадрды сунуш кылууга чакырды:

Жанарбек Акаев.

- Бул эмне деген кадр саясаты? Өлкөбүздүн борборун качанга чейин бай-манаптар, көпөстөр башкарат? Паркты бузуп, стратегиялык объектинин жанына мыйзам бузуу аркылуу үйлөрдү курган Азиз Суракматов Бишкекке кантип жан-дили менен күйөт? Коомчулукка жабык, Бакиевдердин жакын санаалашы экенин билебиз го. Шаардык кеңешке шайланган башка деле партиялар, түзүгүрөөк талапкер алып чыккандан мынча эмне коркосуңар? Шайлоочуларыңардын үнүн укпайсыңарбы? Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары шаардык кеңештеги кесиптештериме кайрылам, көпөстөрдү колдоодон баш тартыңыздар, урматтуу депутаттар, элдик пикир менен эсептешиңиздер! Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев мырза, талапкер көрсөтүү укугу сизде да бар, жок дегенде Бишкекке курулуш магнаты эмес, иштерман жана коомдук пикир жакшы болгон бирөөнү сунуш кылыңыз.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, мэрликке шаардык кеңештеги оппозициядагы фракциялар жана өкмөт башчы да талапкер сунуш кыла алат. Азырынча Суракматовдон башка эч ким көрсөтүлө элек.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, курулушчу Ишенбай Кадырбеков Азиз Суракматов мэр кызматында өзүн кандай көрсөтөрү коомчулукка бүдөмүк экенине токтолду. Ал "мэр болуп турганда өзүнүн курулуш бизнесин кеңейтет" деген кооптонуу негиздүү экенин белгиледи:

Ишенбай Кадырбеков.

- Негизи Бишкекте эмне болуп жатканын, кандай курулуш жүрүп жатканын - баарын билет. Бул жагынан келгенде адистиги бар. Мэр болгондо кандайча иштеп кетерин турмуш көрсөтөт го. Азыр бийликте тургандардын 60-70 пайызы курулуш жаатында ишкерлик кылгандар да. Ошолорго туруштук бере алабы, "жок" деп айта алабы? Өзүнүн эки-үч фирмасы бар экен. Бул анын ишине албетте, таасир этет. Жерлерди бөлүштүргөндө көп эле маселелер чыгат. Мэр болбой турган убак менен мэр болуп иштеген учур башкача болот да. Ал өзү тизгинин канчалык тарта алаарын да турмуш көрсөтөт го. Ал саясатка да аралашкан экен, парламентте депутат болгон экен, бирок кандай иштегенин мен билбейт экем. Бирок "Ак жол" партиясынын тизмеси менен келди" деген сөздөр болуп жатат. Кандай иштеп кетерин айтуу кыйын.

Ишенбай Кадырбеков мэрликке талапкерди өкмөт башчы көрсөтүшү керек деген пикирлерди колдойт:

- Бишкек Кыргызстандын борбору болуп жаткандан кийин, борборго мэрди тандап жаткандан кийин премьер-министр коркпой эле өзүнүн талапкерин сунуш кылып, жоопкерчиликти өзүнө алса жакшы болот эле. Тилекке каршы, булар жашынып алып эле "шаардык кеңеш өзү талапкер көрсөттү" деп, ал туура эмес иштеп калса "ушулардын айынан болду" деп четке чыга берип жатышат. Бул жерде жоопкерчиликти алышы керек эле.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэрликке эмне себептен Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн учкай айтып берди. Ал "курулуштагы кызыкчылыктары менен жумушун аралаштырууга шаардык кеңеш жол бербейт" деп ишендирүүгө аракет кылып жатат:

Алмаз Кененбаев.

- Бул киши шаарга чоочун эмес, шаарды жакшы билет. Убагында шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон. Андан сырткары мэриянын өзүндө көп жылдан бери иштептир. Мэриядагы да, шаардык кеңештеги жумушту да жакшы билет. Шаарды өнүктүрүп, өстүрүп, шаар тургундары үчүн иштеп берет деген ишенимибиз бар. Кызыкчылыктар кагылышы болуп кала турган болсо - ошон үчүн шаардык кеңеш бар. Биз жумушун көзөмөлдөп, карап турабыз. Мэр деген биринчи кезекте шаардык кеңештин депутаттары менен тыгыз иштеши керек. Алар шаардык тургундардын өкүлдөрү. Азиз Суракматов биз менен чогуу иштешүүгө убада берди.

Буга чейинки мэр Албек Ибримов шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Мындан көп өтпөй УКМК аны камакка алган жана мыйзамсыз жер сатуу, коррупция боюнча айып таккан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мансаптуулардын жер “бизнеси”

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.