Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Мэрликке талапкерди ачык талкуунун негизинде тандоо сунуш кылынды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кайрылуу таратты.

Анда “кландардын жабык, жашыруун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мэрликке, жогорку мамлекеттик кызматка келаткан адамдардын баарына коомчулук, массалык маалымат каражаттары, жарандык коом, саясатчылар жана бишкектиктер каршы болушу керек” деп айтылат.

Ошону менен катар Равшан Жээнбеков мамлекеттик жогорку кызматтарга, өзгөчө Бишкек шаарынын мэрлигине ачык талкуу менен так чен-өлчөмдөрдүн негизинде гана талапкер көрсөтүлсө туура болот деп эсептейт.

Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы 26-июлда мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандады.

46 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон.

БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал жемкорлук боюнча айыпталып 19-июлда кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG