Жаңы кодекстер: арасат мыйзам, алсыз даярдык

Иллюстрация

2019-жылдан тарта күчүнө киргени жаткан жаза чараларын жөнгө салуу багытындагы кодекстер менен мыйзамдарды ишке киргизүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Анткени өкмөт буга карата сунушталган өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңешке кеч алып келгендиктен, парламенттин тиешелүү комитети алар менен таанышып чыгуу үчүн мыйзам долбоорлорун кароону артка кайтарды.

Жаңы кодекстер күчүнө кирсе, түрмөдө отурган төрт жүздөн ашуун адам боштондукка чыгарылып, айрымдарынын жаза мөөнөтү кыскартылмак.

Шаштырган өкмөт

2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы Кылмыш-жаза кодексинин, Жазык-процесстик кодексинин, Жазык-аткаруу кодексинин, Жоруктар тууралуу кодексинин, Бузуулар тууралуу кодексинин иштешин камсыздай турган мыйзамдар, андан тышкары "Пробация тууралуу" жана "Мунапыс тууралуу" мыйзамдар күчүнө кирет.

Бул жаза чараларын караган укуктук ченемдик документтерге 25 бөлүктөн турган толуктоолор менен өзгөртүүлөр иштелип чыкты. Бирок өкмөт ал өзгөртүүлөрдү 25-декабрь күнү гана парламенттин кароосуна жөнөткөн.

Жогорудагы кодекстер менен мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан тарта иштей баштамак.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитетинин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов өкмөттү бул мыйзам долбоорлорун өтө кеч иштеп чыгып, парламентке чукул алып келгени үчүн сынга алды:

Искендер Матраимов.

- Бир жарым жылдан бери мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтире албай жүрүп, жаңы жылга беш күн калганда алып келдиңерби? Жаңы кодекстердин күчүнө киришине болгону алты күн калды. Бирок ага өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорлорун биз бүгүн эртең менен колубузга алдык. Карап чыкканга үлгүргөн жокпуз. Толук окуп чыкпай туруп кантип колдоп беребиз? Силер "тез карап, бекитип бергиле" деп шаштырсаңар, биз толук карабай кабыл алып койсок, алешемдиктер үчүн кийин ким жооп берет? Бул жерде адамдардын тагдыры турат. Эгер бүгүн биз кабыл алып берген мыйзамдар боюнча кийин кайсы бир адамдар күнөөсүз жерден жоопко тартылса, эмне болот? Мындай мамиле кылсаңар, жаңы кодекстер жаңы жылдан кийин күчүнө киришине деле көзүм жетпей калды...

Үзгүлтүккө учуроо коркунучу

Бирок ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламент жаңы жылга чейин бул өзгөртүүлөрдү бекитип бербесе, анда жаңы кодекстер менен мыйзамдар иштебей калышы мүмкүн экенин эскертти:

Курсан Асанов.

- Мыйзамдагы карама-каршылыктарды жокко чыгаруу жана тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын туура бөлүштүрүүнү камсыздоо үчүн сиздерден муну тез кабыл алып беришиңиздерди суранып жатабыз. Эгер мыйзамдагы өзгөртүүлөр бекитилбей калса, анда 1-январдан тарта күчүнө кире турган жаңы кодекстер менен мыйзамдар түп тамырынан бери иштебей калат. Мына ушундай көлөмдөгү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, окуу, талдоо өтө кыйын. Мен бул беренелердин ар бирин түшүнүктүү кылып айтып берейин. Толугу менен карап беришиңиздерди суранабыз.

Бирок парламенттин тиешелүү комитети аталган мыйзам долбоорлору менен таанышып чыгууга убакыт тар болгонун жүйө келтирип, аны кароону кийинкиге калтырды.

Эгер парламент 31-декабрга чейин аталган мыйзам долбоорун кабыл албаса, жаңы кодекстер жаңы жылдан тарта иштеши күмөн жаратууда. Мындан сырткары "Пробация институтун жайылтуу тууралуу" мыйзамды ишке киргизүү боюнча өкмөттүн жобосу даяр эмес экени белгилүү болду.

Чаржайыт сандар, чабал даярдык

Парламент депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт чаржайыт иштегени үчүн бул мыйзам чала болуп калганын айтууда:

- Мурда түрмөлөрдүн алдында калыбына келтирүү борборлорун куруу үчүн Жаза аткаруу кызматына 1 миллиард 400 миллион сом каралган. Кийин анын чыгымын кыскартып, 700 миллион сомго түшүргөнсүздөр. Ошол акчанын канчасы бөлүнүп берилген? Сиз азыр жалпысынан жети жылга бөлүнгөн акча 3 миллиард 200 миллион сом деп айттыңыз. Башында 3 миллиард 600 миллион сом менен бекитилген эле. Кийин ал каражат 1 миллиард 900 миллион сомго кыскартылганы боюнча баяндама жасагансыздар. Жеңиш Парпиевич, тактап айтыңызчы, 3 млрд. 600 млн. сомбу, сиз азыр айткан 3 миллиард 200 миллион сомбу же буга чейин сиз өзүңүз баяндама жасаган 1 миллиард 900 миллион сомбу? Кайсынысы туура? Мына ушул маалыматтар так болбой жатат.

Разаковдун ишеними

Анткен менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бардыгы ирети менен кетип жатканын айтып, депутаттардын дооматын четке какты.

Жеңиш Разаков бул долбоорду ишке ашыруу жети жылга созуларын, өкмөт жаңы жылга карата аткарыла турган иш-чараларды убагында ишке ашыра турганын айтты:

Жеңиш Разаков.

- 2019-жылга 744 миллион сом бюджеттен каралган. Жаңы жылдан ары ал каражатка курулуш иштери аткарылат. Пробация кызматы азыр өткөөл мезгилде Жаза аткаруу кызматынын курамында болот. 2020-жылдан тарта ал Юстиция министрлигинин курамына өткөрүлүп берилет. Азыркы учурда бул кызмат 10 штаттык бирдик менен түзүлгөн. Кийин өкмөттүн буйругу менен ага кошумча 40 штаттык бирдик ачылды. Жыл сайын 40 адамдан кошулуп отуруп, алдыдагы жети жылда пробация кызматынын курамы 300 адистен ашат. Азыркы мезгилде район-шаарларда пробация кызматынын кеңселерин ачып жатабыз.

Абактан чыга тургандардын абалы

"Пробация институтун жайылтуу тууралуу" жана "Мунапыс тууралуу" мыйзамдардын күчүнө кириши менен абактагылардын жаза чаралары жеңилдейт.

Дагы караңыз Соттолгон аялдын баласы кыйналат

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровдун айтымында жаңы кодекстердеги гумандаштыруу саясатынын негизинде төрт жүздөн ашуун адам абактан бошоп, айрымдарынын жаза мөөнөттөрү кыскарат:

- Биздин анализ боюнча абактардагы 470 адамдын кылмыш иши кайра каралып, алар жабык абактардан чыгып, бошотулат. Алардан башка жаза мөөнөттөрү кыскаргандар болот. Учурда алардын документтери даярдалып, жаңы жылдан кийин сот органдарына жиберилет. Пробация кызматы абактагылар түрмөдөн чыккандан кийин гана иштебестен, алар ал жакка алгач келип түшкөн учурдан баштап иштейт. Психологдор менен социалдык кызматкерлер камалган адамды изилдеп чыгып, аны жабык абакта кармабай, оңолгонго мүмкүнчүлүк берүү шарттарын карап чыгып, сотко өтүнүч келтире алышат. Муну менен биз абакта жаткандардын санын азайталы деп жатабыз. Оор эмес кылмыштар үчүн кесилгендерди жабык абакта кармабай, атайын адистер иш алып барышат. Максат - аларды коомго кайра кайтаруу.

Абактагылардын абалын жакшыртып, аларды коомдун толук кандуу мүчөсү катары калыбына келтирүү үчүн пробация кызматы түзүлүп, атайын түзүлө турган борборлордо социалдык кызматчылар жана психологдор иштей турганы мыйзамда көрсөтүлгөн.

Абакты айланчыктаган аялдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абакты айланчыктаган аялдардын тагдыры (аудио)

Абактагылардын көбү кайра эле түрмөгө түшөрүн, бул абалды оңдоо зарыл экенин айткан Таалайбек Жапаров мыйзамга ылайык, аларды окутуу жана жумуш менен камсыздоо маселеси чечилерин белгиледи:

- Жаза аткаруу мекемелеринин тутумунда атайын техникалык алты окуу жайыбыз бар. Абакта отурганда аларды бир кесипке даярдап, билим берип, өнөр үйрөтүү жагын мына ушул пробация кызматы ишке ашырат. Алар менен тиешелүү иштер жүргүзүлөт. Абактагылардын жакындары менен байланыштарын калыбына келтирүү жана моралдык колдоо көрсөтүү жагы жөнгө салынат. Антпесек, абактан чыкканда эле дайынын таппай калып жатышат. Бара турган жери жок, иштейин деген жумуш жок, анан кайра эле бир кылмыш кылып, түрмөгө түшөт. Ошондуктан аларды калыбына келтирүүчү борборлор аркылуу коомго аралашууга даярдоо милдети турат.

Кылмыш-жаза чараларын гумандаштыруу саясатынын негизинде аныктоо багытындагы беш кодекс жана абактагылардын абалын жакшыртууга арналган эки мыйзам соттук-укуктук реформаларды жүргүзүүнүн алкагында 2017-жылы иштелип чыгып, парламент тарабынан бекитилген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Милиция суракка алуу ыкмасын өзгөртөт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.