Ошол эле кезде башка бир талдоочулар президент сот иштерин кайра каратууга кийлигише албай тургандыгын эске салышууда. Иштин саясий буюртма экенин далилдөө алардын жактоочуларынын милдети экени белгиленди.
Үзүлбөгөн үмүттөр...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликти күч менен басып алуу, коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык кылуу боюнча шек саналган Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаров ж.б. - ар кимиси ар кандай жагдай боюнча кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы жана жарандык активист камакка алынган.
Абактагы саясатчылардын көбүнүн кылмыш иштери Жогорку сотто каралып, акыркы сот өкүмдөрү чыккан.
Дагы караңыз Камактагы саясатчыларды бошотуу чакырыгыАбактагы саясатчы Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты Бактыбек Жумашев бийлик алмашып, саясий кырдаал өзгөргөнү менен ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдирди:
Президент дагы бул маселеге көңүл бурбай келе жатат. Атамбаев түзүп кеткен система өзгөрбөй турат. Бул жерде кылмыш ишин козгоого негиз жок болчу.Бактыбек Жумашев.
- Тилекке каршы, бул иштер боюнча эч нерсе өзгөрбөй эле турат. Текебаев менен Чотонов абакта. Мага быйыл жайында "бул быйыл күзүндө кайрадан калыс каралат" деген маалымат келген. Күз айы бүтүп бара жатат. Бирок ишти калыс кароого мүмкүнчүлүк берүү жагынан эч нерсе ордунан жылган жок. Эмнеге? Мисалы үчүн жаңыдан дайындалган башкы прокурор керек болсо, биз тараптан арыз күтпөй эле кылмыш ишин козгоодогу одоно мыйзам бузулган учурларды териштирип чыкса болот эле. Адвокаттар арыз берген күндө да башкы прокурор бул иштерге көңүл бурган жок. Президент да бул маселеге көңүл бурбай келе жатат. Атамбаев түзүп кеткен система өзгөрбөй турат. Бул жерде кылмыш ишин козгоого негиз жок болчу. Анан иш козголгондон кийин сот андагы көптөгөн мыйзам бузулган жагдайларга баа берип, актоочу чечим чыгарып же ишти кайра тергөөгө жөнөтүшү керек эле. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароого толтура негиздер бар. Бирок ошолорду кайрадан соттон каратууга мүмкүнчүлүк берилбей жатпайбы!
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында камалып, эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчылардын иштерин калыс кароого мүмкүнчүлүк берүү маселеси жаңы президент кызматына киришкенден бери эле көтөрүлүп келе жатат.
"Унуткарууга убакыт жок"
Бирок коомчулукта "бийлик "саясий туткундардын" иши кайра каралып, алар эркиндикке чыкса, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун астында саясий күчтөрдүн тең салмагынын бузулушунан чочулайт" деген божомол бар.
Саясатчы Эмилбек Каптагаев азыркы бийлик Атамбаевдин убагында мыйзамсыз камалгандарды абакта кармап турганы ага абийир алып келбей турганын эскертти:
- "Саясий туткундар" маселеси албетте, каралышы керек. Бул маселени бир жыл же андан бир аз көбүрөөккө дагы билмексен, көрмөксөн болуп койсо болот. Бирок бүгүнкү күндө Атамбаевдин убагында саясий куугунтуктун негизинде кармалып, камакка алынган адамдардын иши кайрадан каралбаса, анда коомчулукта бийликке карата көз караш кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мындай нерсени унуткарып коюуга болбой турганын ачык эле айтуу абзел.
"Президент сот ишине кийлигише албайт"
Буга чейин болуп өткөн "Жарандык форумда" активисттер мурдагы бийликтин тушунда бир катар адамдар саясий мүнөздө соттолгонун белгилеп, алардын укуктарын калыбына келтирүү маселесин көтөргөн. "Саясий туткундарды" камакта кармоо демократиялык мамлекеттин беделине шек келтире турганы белгиленип, бул жагдай Саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга каршы келери айтылган.
Мындай кайрылууга президент Сооронбай Жээнбеков ага сот иштерине кийлигишүүгө мыйзам жол бербесин айтып, жооп кайтарган.
Юрист жана саясат талдоочу Кайрат Осмоналиев саясий кырдаалдын өзгөрүшү менен менен ишти кайра кароого негиз берчү андагы жаңы ачылган жагдайлар сотто аныкталышы керек экенин белгиледи:
- Албетте, азыркы күндө саясий кырдаал жакшы жагына өзгөргөнү менен аталган иштерди соттон кайрадан каратууга укуктук негиз болууга тийиш. Анткени биз Баш мыйзамга ылайык, укуктук мамлекетте жашайбыз. Ал соттолуучулардын иштери жасалма токулганын жана саясий буюртмалардын негизинде болгон саясий куугунтук экенин алардын адвокаттары соттон аныктап, далилдеп бериши керек. Ошондо гана Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароого жол ачылат. Ал эми бул жерде президент же өкмөт башчысы сыяктуу мамлекеттин жетекчилери соттун ишине кийлигишип, буга чейин Жогорку соттон каралып, өкүм чыгып калган ал иштерди "жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карап кой" деп, сотторго көрсөтмө берүүгө укугу жок.
Жасалма иштерди "жасагандарга" жаза жок
Парламенттин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев жасалма далилдердин негизинде мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөр, аны мамлекеттик айыптоого алып чыккан прокурорлор жана анын баарын териштирбей туруп айыптоочу өкүм чыгарган соттор жазаланмайынча системада өзгөрүү болушу кыйын экенин айтты.
Депутат Кенжебек Бокоев жасалма далилдердин негизинде токулган жана саясий буюртма менен мыйзамсыз козголгон кылмыш иштери боюнча бир да кызмат адамы жоопко тартылбаганын эске салды:
- Мыйзамсыз, далилдери жок же жетишпеген фактылар боюнча кылмыш ишин козгогон тергөөчү, аны көзөмөлдөгөн прокурор кандай жаза алды? Канча тергөөчүгө, прокурорго же сотко бул маселе боюнча кылмыш иши козголду? Мыйзамсыз козголгон кылмыш ишинин натыйжасында укугу тебеленген жарандардын тагдыры кандай болду? Аларга келтирилген моралдык жана материалдык зыяндар үчүн мамлекет кенемте төлөп бердиби? Эң башкысы - ошондой мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон жана сотко ашырган кызмат адамдарынын жазасыз калып жатышы. Анткени бул жерде "кылмыш жазасыз калбашы керек" деген принцип бузулууда.
Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев кылмыш иштерин козгоонун мыйзамдуулугу боюнча арыздар бардык соттук инстанцияларда сот өкүмдөрү чыккандан кийин гана каралып, текшериле турганын билдирди:
- Ыкчам кеңешмеде ар бир ошондой шектүү кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөрдүн, аны караган прокурорлордун катышуусу менен талдоо жүрөт. Эгерде ошондой кеңешмелерде ал кылмыш иштерин козгоо мыйзамсыз болгону аныкталса, анда ал иштерди козгоп, ачкан тергөөчүлөргө жана аны көзөмөлдөгөн прокурорлорго чара көрүлөт.
Саясий туткундарды коргоо коомдук комитетинин маалыматы боюнча, бийлик алмашкандан бери алардын арасынан депутат Канатбек Исаев гана үй камагына чыгарылып, ага карата козголгон кылмыш ишин калыс каратууга мүмкүнчүлүк алган.
Аны менен бирге мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу боюнча шек саналган, президенттикке талапкер болгон саясатчы Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулганын жарыялаган.