Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Камактагы саясатчылар тууралуу жыйын өтүп жатат (видео)


Өмурбек Текебаевди колдогон акция. 2017-жыл
Өмурбек Текебаевди колдогон акция. 2017-жыл

Бишкекте "Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш" аттуу иш-чара өтүп жатат.

Аталган иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюму уюштурууда. Уюмдан билдиришкендей, форумда Кыргызстанда саясий негизде камакка алынган, кысымга кабылгандарды бошотууга бийликке чакырык ташталат.

Ошондой эле саясатчы, коомдук ишмерлердин камакка алынышынын демократиялык баалуулуктарга канчалык туура келери ортого салынат. Соңунда декларация кабыл алынат.

Форумда сөз алган Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов ырайым кылуу же мунапыс жолдору менен саясий негизде соттолгондорду актоо мүмкүн эмес экенин айтты. Ал жаңы ачылган жагдайлар гана ишти кайра кароого негиз бере турганын билдирди.

- Мамлекеттик комиссия түзүп, алардын корутундусун даярдап, парламентке киргизип, саясий туткундар тууралуу мыйзам кабыл алышы керек. Комиссиянын корутундусу соттор ишти кайра кароого негиз боло албайт. Болгону “жаңы жагдай” деген эле пункт бар. Бирок жаңы ачылган жагдай деп ар кайсы нерсени шылтоо кылып иштерди кайра карап жатат. Себеби чындап эле ошол убакта болгон жаңы жагдайды издеп табуу кыйын, - деди Курманбек Осмонов.

Ал эми саясатчы Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековду камактагы саясатчыларга ырайым кылууга чакырды.

- Бул гумандуулуктун белгиси болуп, жаңы саясий багыттын башталышынан кабар бермек. Камакта жаткан бир да саясатчы төңкөрүш жасоого барбайт болчу. Ал эми жөн гана өз кыялын айтып койгондугу үчүн кишини эч качан соттоого болбойт.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" деп аталган бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта "саясий негизде куугунтукталган" деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашат.

11-апрелде Жогорку Кеңештин он эки депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен жолукканда атайын комиссия түзүп, 30дан ашык кишинин ишин талдап чыгуу сунушталган. Эгер алар саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, сот чечимдерин кайра карап чыгуу талабы айтылган.

Кыргызстанда Башкы прокуратуранын демилгеси менен абакка кесилген, миллиондогон сомдук айыппулга жыгылган журналисттер менен активисттердин маселесин талдаган депутаттык комиссия түзүү демилгесин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да көтөрүп чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG