Апта: Исаковдун кетиши, Саргсяндын келиши

Президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков.

Кыргызстанда ушул жумада Сапар Исаков жетектеген өкмөт отставкага кетип, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөт бийликке келди. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчы Соронбай Жээнбековдун ортосундагы тирештин бир сыйра жыйынтыкталышы катары каралууда. Ал Сооронбай Жээнбековдун президент катары ордун дагы бекемдеп, бирок өлкөдөгү иштерге жоопкерчилигин мурдагыдан да күчөттү.

19-мартта Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти. Парламенттин чечими боюнча президенттин жарлыгы да көп күттүргөн жок. Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка парламенттин чечими чыккандан кийин дароо кол койду.

Ушул эле сааттарда КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" кирген парламенттеги көпчүлүк коалицияга “Республика – Ата Журт” фракциясы кошулганы белгилүү болуп, алар премьер-министрликке президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуштап жиберди.

Окуялардын чагылгандай тез өнүгүшү Сапар Исаков үчүн да күтүүсүз болгондой. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өнөктөштөрүнүкү делген “Апрель” телеканалына кечкурун берген маегинде парламентти “саясий өлүк” деп сындады:

- Депутаттар тарабынан кандайдыр бир таптакыр принципсиздик болду. Ар адамда, саясатчыда принцип болушу керек. Эгер саясатчы же партия бир позицияны айтса, аягына чейин ошону карманышы керек. Эмне үчүн чукул эле мындай болуп кеткени мага абдан түшүнүксүз болуп калды. Балким катуу айтып аткандырмын, бирок сыягы биздин парламент – Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат окшойт.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Ата Мекен", “Республика - Ата Журт” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалаган. Анда негизги талкуу Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБиндеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болгон. Өкмөттүн отчетун буга чейин коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары карап, экөө тең оң баа берген. Бирок 19-апрелдеги добуш берүүдө коалиция да өкмөттү кетирүү үчүн добуш берди.

Социал демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул чечимди мындайча түшүндүрдү:

- Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин туруктуулугу турат. Мындай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси. Биз парламент президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Бул жерде бир адамдын кызыкчылыгы болбошу керек. Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум.

Он күндөй мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин орун басарлыгынан өз арызы менен бошогон Болот Сүйүмбаевди Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 16-апрелде жетекчи кылып дайындаган. Бирок экс-премьер өкмөттүн кызматтан кетирилишин Сүйүмбаевди дайындаганына байланыштырбайт:

- Конституция боюнча ишенбестик көрсөтүлгөндөн кийин президент парламенттин сунушун же колдойт же четке кагат. Сооронбай Шарипович депутаттарды колдоду. Менимче, эми президент өлкөдөгү бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындан ары боло тургандын баарына президент жооп берет. Балким бул жакшыдыр. Убакыт көрсөтөт.

Сапар Исаков баштаган өкмөттүн сегиз айлык иши боюнча териштирүү жүргүзүү демилгелери да көтөрүлдү.

Ал эми Жогорку Кеңештеги жыйында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” ишканасы боюнча соңку келишим өкмөттүн кечирилгис катасы болгон деген оюн айткан:

- 7 миллиард сомду биз сотту утуп экология боюнча өндүрүшүбүз керек эле. Андан сиздин өкмөт баш тартты. Бул кыянаттык. Сиздин өкмөттүн убагында биздин “Центеррадагы” үлүшүбүз 6% азайды. Муну силер эч кандай тана албайсыңар. “Центеррадагы” ал боюнча добуш берген биздин мүчөлөргө чара көрүлгөн жок, демек, ал силердин макулдук менен болгон.

Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликке келген, анын ишин жана саясатын улантат делген негизги адамдардын бири болчу. 40 жаштагы Исаков - экс-президент төрагалык кылган КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү.

Буга чейин Атамбаевдин негизги кызматтагы кадрлары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан бошотулган. 20-апрелде жаңы өкмөттүн шайланышы менен президент Сооронбай Жээнбековдун позициясы дагы бекемделди.

Азыркы жана мурдагы президент: салкындаган мамиле

Былтыр октябрь айындагы шайлоодо утуп чыккан президент Сооронбай Жээнбековду социал-демократтар партиясы сунуштаган. Шайлоо өнөктүгү учурунда анын пайдасына “президент Алмазбек Атамбаев өзү кошо үгүт жүргүздү, административдик ресурс колдонулду” деп, жарандык активисттер жана оппозиция билдирдүүлөрдү жасаган.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь, 2017-жыл

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда пикир келишпестик жаралганы жаңы жылдан бери айтылып келип, бир ай мурда ал даана ачыкка чыккан. 31-марттагы Социал-демократтар партиясынын курултайында анын төрагалыгына шайланган Алмазбек Атамбаев Жээнбековду өзү президент кезинде жасаган иштерди улантпай жатат деп сындаган.

- Президенттин аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, "Таза коомдун" негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен бул кандайча болуп кетти десем, ал "аппаратыма өтө ишенип алыпмын" деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет. Биз ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйыны тууралуу сүйлөштүк. Ал жерде да мен ага башка сөздөрдү айттырганын далилдеген фактыларды келтирдим. "Атамбаев соңку үч жылда коррупция менен күрөшкөн эмес" деген сөздөр болду. Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган. Мисалы, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй келген схема былтыр апрелде башталган, Сегизбаевге тапшырма берилген. Эми азыр аларга айып тагылды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаев: Мен айтпасам, ким айтат?

7-апрелдеги сөзүндө Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү дагы күчөтөрүн жарыялаган. Анын бул сөздөрү коомчулукта Атамбаевге жооп катары да кабыл алынган:

- Буйруса мен мунун аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби процесс - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз.

Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын кызматтан алынышын, анын ичинде өкмөт башчы Сапар Исаковдун, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин, ички иштер министри Улан Исраиловдун ордуларынан бошотулушун жарандык коом колдоп жатат.

Бул аралыкта активисттерге, массалык маалымат каражаттарына, саясатчыларга Атамбаевдин учурунда козголгон кылмыш иштеринин айрымдары жумшарып же өкүмдөрү кайра каралып жатат. Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков эл президентти колдоодон тышкары жаңы реформаларды талап кылышы керек деп эсептейт:

- Атамбаевдин кетиши элге кандайдыр бир эйфория алып келди. Бирок биз бир нерсени так билишибиз керек. Акаевден кийин Бакиевдин келиши өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Бакиев кетип Атамбаевдин президент болушу да өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Атамбаев кетип Жээнбековдун келиши да өзгөрүү алып келбеши мүмкүн. Эл муну так билиши керек. Ошондуктан коом, саясатчылар, жарандык лидерлер эйфорияга түшпөстөн, президенттен эки-үч багыттагы реформаларды талап кылышыбыз керек. Биринчиси – баарыбызды кыйнап бүткөн сот системасы, экинчиси – жалпы укук коргоо органдарынын реформасы.

Бир күндө куралган өкмөт

Жогоруда айтылгандай, 19-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтүн кызматтан кетирген Жогорку Кеңеш 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн, ал сунуштаган түзүмдү жана курамды колдоп берди. Бирок анын курамынын кеминде элүү пайызын Сапар Исаковдун өкмөтүндөгү адамдар түздү. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жаңы курамды "эски өкмөт" деп сындады:

- Балдардын өкмөтү бат эле кетти, эми чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келатыптыр. "Жаңы өкмөт" деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң "б\у өкмөт" келиптир. Аймактык тең салмактык керек эле. Эмне үчүн бир да таластык жок? Мага азыркы жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок. Талапкерлердин көбүнүн буга чейинки жумуштары анчейин алкоого арзыбайт.

Жаңы курамдын "бир түндө даяр болду" деп сындалып жаткан программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталды. Депутаттардын суроолоруна жооп берген Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы өкмөт артыкчылык бере турган багыттарга токтолду:

- Өкмөттүн алдында экономикабызды атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай жана улуттук бизнес менен чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу болгондой кылып өнүктүрүүгө байланышкан эң бир маанилүү милдет турат. Коомубуз менен бизнес фискалдык органдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен тажап бүттү. Эми бизнес жүргүзүү менен инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө көңүл бурулат. Өкмөттүн бизнес менен жигердүү жана конструктивдүү диалогу калыбына келтирилет. Мамлекетте бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү зарылдыгы жөнүндө көптөн бери эле сөз болуп келе жатат.

Жаңы команда 22 кишиден турат, анын төртөө аялдар. Биринчи вице-премьер-министр 2010-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келген Кубатбек Боронов болду. Андан кийинки үч вице-премьер-министр бири Замирбек Аскаров буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп турган. Жеңиш Разаков президенттин кеңешчиси, Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2016-2017-жылы вице-премьер-министр болуп иштеген. Дагы бир вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болчу.

Коомдук ишмер Амангелди Муралиев өкмөт курамына мындайча баасын берди:

- Бул өкмөттүн курамында ар кайсы партиялардын талапкерлери, кадрлары бар экен. Албетте, тажрыйбалары бар кишилер, мурдагы жаш өкмөткө караганда түзүгүрөөк, бирок күчтүү команда чогулду деп айта албайм. Абылгазиевди деле премьер-министрлик кызматка толук ылайыктуу деп эсептебейт элем. Ошондуктан мен бул өкмөттү жөн гана компромисттик вариант деп айта алам. Булар эми кызматтан кеткен өкмөттөн айырмаланып элге жакыныраак иш алып барышса болгону. Жаңы өкмөттүн негизги милдети - экономиканы өнүктүрүү, кайра иштетүүнү жандандыруу, жумуш орундарын түзүү маселелерин карашы керек. Экинчиден, өндүрүшкө жана айыл чарбасына түздөн-түз инвестицияларды тартууну күчөтүшү керек. Коррупцияны кыскартышы керек. Анан социалдык проблемалар, мектептерди куруу, ооруканаларды оңдоо жана башка маселелерди алар ансыз да жасоого милдеттүү.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков реформатор өкмөт түзүү керек эле дейт:

- Биз билген нерселер кайта кайталана баштады. Президент Атамбаев деле парламентти өзүнө менчиктеп алган. Парламент толугу менен президенттик администрациянын айтканын гана аткарчу. Азыр деле ошол нерсе башталды. Бул биринчи көрүнүш. Экинчиден, президент Атамбаев өкмөттү өзүм башкарам, өкмөттөгү кадрларды өзүм чечем деп, өз администрациясынын башчысын премьер-министр кылчу. Азыр да ошол көрүнүш башталып жатат. Эгер ушул көрүнүштөрдү эске ала турган болсок, анда биз күткөн үмүттөр акталган жок. Мындан тышкары, мурдагыдан да алсыз өкмөт түзүлдү. Реформа жасоого жараксыз, ал колдорунан келбей турган адамдар келди.

Равшан Жээнбеков.

Кыргызстан эгемендик алган 27 жыл ичинде баш-аягы 30 өкмөт алмашты. Исаковдун өкмөтү Кыргызстандын тарыхында ишенбестик көрсөтүү жолу менен кызматтан кеткен экинчи өкмөт болуп калды деп баа берилүүдө.

Армениядагы толкундоолор

Ереванда экс-президент Серж Саргсяндын өкмөт башчы болуп шайланышына каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары уланып жатканына он күн болду. Тынч жыйындар менен башталган акциянын жүздөгөн катышуучуларын, анын ичинде активисттерди, айрым оппозиция лидерлерин полиция кармады. Оппозиция өкмөт башчылыкка шайланган мурдагы президент бийликти узурпациялап алды деп айыптап жатат.

9-апрелде кызматына киришкен Армениянын жаңы президенти Армен Саркисян демонстранттар менен полиция кагылышып кетип, жүздөгөн киши кармалгандан кийин тараптарды сүйлөшүүгө чакырды.

Миңдеген адамдарды оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштап жүрөт. Ал 20-апрелде Еревандын Республика аянтында бийлик менен сүйлөшүү мезгили өтүп кеткенин айтып, бирок айрым маселелерди, анын ичинде Серж Саргсяндын отставкасынын мөөнөтүн жана шартын сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Пашинян өкмөттү алмаштыруунун планын да жарыялады. Анда Саргсянды премьер-министрлик кызматтан кетирүү жана убактылуу өкмөт түзүү маселеси камтылган.

Армения оппозициясы нааразылык акцияларын тынч жүрүштөр деп атап жатат. Бирок ошол эле кезде алар Серж Саргсянга, анын бийликтеги Республика партиясына каршылыгын жолдорду жаап, мамлекеттик мекемелердин эшигин тосуп, ишин үзгүлтүккө учуратуу менен билдирүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Армения: экс-президентке каршы нааразылык

Еревандын Республика аянтына чогулган 10 миңдей кишинин алдында сүйлөгөн депутат Никол Пашинян "нааразылык акцияларын улантыш керек" деп, жолдорду, мамлекеттик мекемелерди тосууга үндөдү:

- Биз акциябызды улантабыз. Бул тынч нааразылык акциясы. Биз полицияны Серж Саргсянды коргобоого чакырабыз. Анткени, полиция Серж Саргсяндыкы эмес, ал Армения элинин полициясы.

Нааразылык акцияларына карабай, Армениянын парламенти мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министрликке 17-апрелде бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги өзүнүн Республикалык партиясы сунуш кылып, добуш берүүдө 76 депутат колдоп, 17си гана каршы чыкты.

Серж Саргсян парламент жыйынына келген учур. 17-апрель, 2018-жыл

Оппозициячы Никол Пашинян “Серж Саргсян - Армениядагы коррупциянын символу” деп атады:

- Мен муну куурчак шайлоо деп эсептейм. Анткени Серж Саргсянда эч кандай элдик колдоо жок. Мен апырткым келбейт, бирок Армения эли Серж Саргсяндын режиминен кутулууну каалап турат. Биз күч колдонбогон, элдик, баркыт революциясын жарыяладык. Биз элдик комитет түзүүнү көздөп жатабыз. Мамлекеттик мекемелердин ишин Саргсяндын көрсөтмөсүн эмес, алар Элдик комитеттин айтканын аткарганга чейин үзгүлтүккө учуратабыз. Армения бийлиги эмнеси менен айырмаланат? Ал өзүнүн элин орой түрдө сыйлабастыгы менен айырмаланат. Мен жаңылып жүрүптүрмүн, булар элди эл эмес эле, коррупция үчүн бир уюмдай көрүшөт экен. Азыр эл ойгонуп, Серж Саргсяндын режиминен кутулууну каалаарын жана буга жетише ала турганын айтып жатат.

Премьер-министр Серж Саргсян өкмөт башчы катары өткөрө турган биринчи жыйынын кырдаалдан улам бир нече саатка артка жылдырууга да аргасыз болду. “Азаттыктын” армян кызматынын башчысы Гарри Тамразян нааразылык акциялары тууралуу мындай дейт:

- Нааразылык акциясынын катышуучулары өкмөт башчы болуп шайланган Серж Саргсянды кызматтан кетирүүгө жетишебиз деп чечкиндүү туруп жатышат. Экинчиден, биз көрүп жаткандай, бийликте көп ресурс бар, административдик ресурс, полиция, аскерлер бар. Полиция Никол Пашинян жана анын тарапкерлери мыйзам бузуп жатат деген көз карашын билдирип жатат. Пашиняндын депутаттык кол тийбестиги бар. Бирок Армениянын мыйзамы боюнча, полиция аны 72 саатка камап койо алат. Ушул аралыкта парламент кол тийбестиктен ажыратуу же ажыратпоо маселесин чечип бериши керек. Ушул убакка чейин студенттер, активисттер, акциянын катышуучулары кармалды.

Ереван. 21-апрель, 2018-жыл

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле. Конституция боюнча премьер-министр өлкөдөгү биринчи адамга айланган жана бир адам өкмөт башчылыкка бир канча жолу шайлана алат. Ал эми президентти мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлайт. Армениянын жаңы президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.

Глобализация жана аймактык кызматташтык аналитикалык борборунун директору Степан Григорян Армениянын борборундагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Сөзүмдүн башында эле көптөр массалык акциялары мынчалыкка өсүп жетет деп ойлошпогонун айтып кетейин. Оппозиция Серж Саргсяндын мамлекет башчылыгына шайланышына каршы туруу маселесин көптөн бери эле көтөрүп келе жатат. Бирок буга чейин митингдерге чектелген сандагы адамдар келчү. Сиздер окуялардын масштабын аңдап-түшүнүш үчүн айта кетейин, азыр кеминде он миңдеген адам чогулуп жатат. Еревандын борбору абдан кенен. Бүт шаарда кыймыл чектелип жатат, бирок шаардын борборунда толук кыймыл токтоду.

Григоряндын айтканына караганда, эл Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана буга чейинки парламенттик шайлоо ачык-айкын жана калыс өткөнүнөн күмөн санашат. Элдин жапырт көчөгө чыгуусуна бир канча жылдан бери топтолуп калган ичкүптү себеп болуп жатат дейт ал:

- Бизде президенттик шайлоолор атаандаштыкта өтүп келген салт калыптанып калган. Арменияда кандайдыр бир эркиндик, демократиялык институттар түзүлгөн. Анан эле эч кандай харизмасы жок адамдар авторитаризмге түртүп баштады.

Элди баштап жүргөн оппозиция лидери, депутат Никол Пашинян Еревандан тышкары өлкөдөгү экинчи ири шаар болгон Гюмриде, ошондой эле Ванадзор, Иждеван, Капан, Мецамор шаарларында да жүздөгөн студенттер, карапайым эл чыкканын билдирди. Саясат талдоочу Степан Григорян нааразылыктардын төркүнүн мындайча түшүндүрдү:

- Биринчи доомат - кулач жайган коррупция. Экинчиси - ушундай начар башкаруунун айынан Армениядан көбү чыгып кетишти. Үчүнчү доомат - анын туугандары өлкөнү башкарып жатышат. Ал туугандарына орден-медалдарды берип жатат. Эң негизгиси - армян эли бир кишини үчүнчү жолу өлкө башчысы катары көргүсү келбей жатат.

Элдик толкундоолорго негиз болгон Серж Саргсян 2008-жылдан 2018-жылга чейин Армениянын президенти болуп турган. Анын партиясы парламентте көпчүлүк орунду ээлейт. Саргсян Конституция жана мыйзамдар боюнча партиясы аны өкмөт башчылыкка сунуштай алаарын, мында эч кандай мыйзам бузуу жоктугун билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.