Жогорку Кеңеш "ишенимден кетти" деп кызматтан түшүргөн мурдагы премьер-министр Сапар Исаков "Апрель" телеканалы аркылуу парламенттин акыркы кадамына жооп кайтарды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын адамдарга таандык экени айтылып жүргөн каналга Исаков кенен маек курду. Анда ал парламенттин ишеним көрсөтпөө демилгеси күтүүсүз болгонун айтты. Ошондой эле Исаков депутаттардын акыркы кадамын "принципсиздик" деп атап, парламентти "саясий өлүккө айланып бара жатат" деп мүнөздөдү:
- Депутаттар тарабынан кандайдыр бир принципсиздик болду. Ар адамда, саясатчыда принцип болушу керек. Эгер саясатчы же партия бир позицияны айтса, аягына чейин ошону карманышы керек. Эмне үчүн чукул эле мындай болуп кеткени мага түшүнүксүз болуп калды. Балким катуу айтып жаткандырмын, бирок сыягы биздин парламент – Жогорку Кеңеш "саясий өлүккө" айланып баратат окшойт.
Исаков премьерлик кезинде абдан көп сынга кабылган Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча моралдык жоопкерчилик тартууга даяр экенин, бирок мыйзам алдында корко тургандай күнөөсү жоктугун билдирди. Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына Болот Сүйүмбаевди дайындоону туура чечим болгон деп эсептей турганын айтты.
Ага чейин парламентте президент Жээнбеков УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошоткон Сүйүмбаевди мурдагы премьер кайра кызматка дайындашы президент менен премьердин тиреши катары сыпатталып, өкмөттүн отставкасына расмий түрдө себеп болгон кадамдардын бири катары бааланган.
Сапар Исаков эми мындан ары өлкөдөгү кырдаал үчүн толугу менен президент Сооронбай Жээнбеков жоопкер болорун эскертти.
- Конституция боюнча ишенбестик көрсөтүлгөндөн кийин президент парламенттин сунушун же колдойт, же четке кагат. Сооронбай Шарипович депутаттарды колдоду. Менимче, эми президент өлкөдөгү бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындан ары боло тургандын баарына президент жооп берет. Балким бул жакшыдыр. Убакыт көрсөтөт.
"Парламенттин намысын ким коргойт?"
Сапар Исаковдун парламентти сындаганы айрым депутаттардын ачуусуна тийди. Айрыкча мурдагы премьердин парламентти "саясий өлүккө" салыштырганы үчүн саясий баа берүүнү сунуш кылгандар чыкты. Маселен, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев спикер Дастанбек Жумабековду парламенттин беделин коргоого чакырды:
- Регламентке ылайык, төрага парламенттин беделин коргоого милдеттүү. Сиздин оюңузча, Жогорку Кеңеште чын эле 120 өлүк отурабы? Парламенттин намысын кантип коргойсуз? Сотко бересизби, саясий эркиңиз жетип, кечирим суратасызбы же билдирүү жасайсызбы? Саясий позицияңызды аныктап коюңуз. Бул биз үчүн өтө маанилүү.
Ал эми парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Исаковдун айтканы боюнча мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеште экс-премьердин бул салыштыруусу тегин жерден чыкпаганын айткандар да болду. Социал-демократ Рыскелди Момбеков парламент өкмөт менен президенттин айтканына ар дайым көнө бергени үчүн дал ушундай салыштыруулар чыгып жатканын эске салды:
- Кечээ Сапар Жумакадырович “парламентте принциби жок саясий өлүктөр отурат” деди. Биз бүгүн ошону далилдеп отурабыз. Ал сын айттыбы же чын айттыбы? Чын! "Парламенттик башкарууга баратабыз" дейбиз. Парламенттик башкаруу эмес, парламентти башкаруу эпохасында жашап жатабыз.
Бир катар эксперттер да Исаковдун парламенттин дарегине айткан ачуу сыны күтүлгөн кадам болгонун айтышат. Себеби, алардын баамында, ишеним көрсөтпөө жолу менен кызматтан кетирүүнү Сапар Исаков өтө оор жаза катары кабыл алды.
Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жураевдин пикиринде, бул кырдаалда эки тараптын тең саясий маданиятынын деңгээли көрүнүп калды:
- Сапар Исаковдун парламенттеги айткандары жаңылык деле эмес. Парламентибиз дайыма ушундай болуп келген. Бийликке керектүү добушту алып берет. Сапар Исаковду премьерликке дайындаганда деле дал ушундай абал болчу. Ал учурда да жүйөсүн, негизин көп түшүнбөй туруп, ал кездеги президенттик аппараттын башчысын дайындап койгон эле. Бирок ошол учурда ушундай абалды көрүп туруп Сапар Исаков өз баасын берген эмес.
Сапар Исаков жетектеген өкмөттү 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирген.
Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле кескин начарлаганы сөз болуп жаткан учурга туш келди. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ишеним көрсөтпөө жолу аркылуу ушуну менен экинчи өкмөт кетти.
Парламент Сапар Исаковдун өкмөтүн кызматтан кетиргендин эртеси күнү эле кезексиз жыйынга чогулуп, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттү бекитип берди.