Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги отурумунда апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер, интернеттин кымбатташы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо аягына чыккан жок. Мындан улам талкууну улантуу жана токтом кабыл алуу кийинки сессияга калды.
Жыйында депутаттык комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков менен "атамекенчи" депутаттар катуу кайым айтышты.
Парламенттин 12 депутатынан турган комиссия мындан жарым жыл мурун, 2016-жылы октябрь айында түзүлгөн. Жогорку Кеңеште 13-апрелде жарыяланган корутундуга комиссиянын эки мүчөсү - "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алмаз Жутановдон башкасынын баары кол койгон.
Депутаттык комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков башкы максат - талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш иштер эмнеге аягына чыкпай калган себебин иликтеп чыгуу болду деп билдирди. Бул иштерди тергөөдө тоскоолдук болгонун айтты жана тиешеси бар деп айрым бир адамдардын атын атады:
- Бул жерде түздөн түз ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Ноорузбаев кызыкчылыгы бар киши болуп чыкты. Ал ачык-айкын, мыйзамды тебелеп ошол ишти жаап койгонго аракет кылган. Ошол киши кол койгон төрт токтом бар. Бул маселе экинчи жолу көтөрүлүп чыккандан кийин кайра иш козголгон. Жаза аткаруу кызматы биринчи эле ошол төрт токтомду жокко чыгарып бериңиз деп Башкы прокуратурга кайрылган. Ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова буга макул болбой, токтомдор жокко чыккан эмес. Ошол экинчи кылмыш иш козгогон тергөө тобунун өзүнө кылмыш иш ачылган.
Анвар Артыков бул депутаттык комиссияга да ИИМден, Башкы прокуратурадан тоскоолдук болгонун кошумчалады:
- Бир топ тоскоолдуктар болду. Мисалы үчүн ошол эле мародерчулук боюнча биз ИИМден үч айга чейин материалдарга уруксат алалган жокпуз. Ал жерде Тергөө башкы башкармалыгынын Үмөталиев деген жетекчиси бар экен. Ал киши бизге бир топ тоскоолдуктарды көрсөттү. Башкы прокуратура тараптан деле тоскоолдук болгон. Баш прокурордун орун басары Усманова тоскоолдук кылды.
Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоого мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да чакырылды. Ал өзү министр болуп турганда Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Кубат Ноорузбаев тууралуу комментарий берип жатып "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова менен талашып-тартышты. Салянова Рысалиевдин бири-бирине каршы келген сөздөрүнөн күмөн санады:
- Ноорузбаев өзүнчө Тергөө комитетин түзөбүз же болбосо сен ички иштер министри болосуң, сен бул ишти жоготосуң дешкен. Ошол убакта "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, премьер-министр Жоомарт Оторбаев анын досу болгон, ошол киши ушинтип айткан. Ноорузбаев мага муну бир нече жолу айткан, - деген Рысалиевге Салянова "Ал мен министр болот элем деп сизге айтты беле?" - деп суроо берди.
- Урматтуу Аида Жеңишбековна, мага айткан эмес. Ноорузбаев мага айткан. Ноорузбаевди Текебаев чакырып алып туруп "сен ушунун баарын жокко чыгарасың, ички иштер министри болосуң же болбосо өзүнчө Тергөө комитетин түзүп жатабыз, сен ошонун төрагасы болосуң, - деген Рысалиевге Салянова төмөнкүчө жооп берди:
- Тилекке каршы, азыр Ноорузбаевдин өзү жок болуп жатат. Бирок анын сизге ушинтип айтканынан чоң күмөнүм бар. Мейли, бул ар бир адамдын өзүнүн абийиринде болсун.
Мародерчулук боюнча кылмыш иштердин тергелишине тоскоолдук кылды деп аты аталган адамдар Жогорку Кеңештин бул жыйынына чакырылбаганы маалым болду. Депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков дагы бир "атамекенчи" депутат Бахадыр Сулеймановдун суроосуна жооп берип жатып алардан көрсөтмө алынбаганын бышыктады. Аларды чакыруу тууралуу сунуш болгон эмес деген жүйө келтирди:
- Сиз аларды эмнеге бүгүн бул жакка же өзүңүзгө чакырган эмессиз? Кантип сунуш болгон эмес? Сиз депутаттарга объективдүү маалымат беришиңиз керек да. Сиз азыр алардын атын жогорку трибунада атап жатасыз. Мына Рысалиев отурат, Ноорузбаевди деле чакырсаңар болмок. Биз ага суроолорду бермекпиз да. Сиз маалымдамага материалдарды андан ары иликтөө Текебаевдин, "Ата Мекендин" кадрларынын мындай жайгашуусунун башынан баштап эле белгилүү бир себептери болгон деп жазып жатасыз. Сиз кантип ошентип жазгансыз? Мындай корутунду чыгаргыдай тергөө органысызбы же сотсузбу? Биз бул маселени саясатташтырып баштадык, - деди Бахадыр Сулейманов.
"Атамекенчилер" депутаттык комиссиянын корутундусун жаңы фактылар жок, такталбаган маалыматтар негиз кылынып алынган деп сынга алышты. Мындан улам комиссиянын төрагасы Анвар Артыков менен кайым айтышуу да чыкты.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Артыковдон "Мегаком" боюнча алдамчылыкка тиешеси бар деп айып менен соттолуп чыккан, Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген Раушан Рыкунова боюнча суроо узатты:
- Сиздин Өмүрбек Текебаев менен "жылуу" мамилеңиз бар экенин мен да билем. Сиз комиссиянын төрагасы катары мыйзам чегинде коллегаларыңызды, мамлекеттик кызматкерлерге дагы басым жасабай берилген суроолорго гана жооп берсеңиз. Кандайдыр бир логикага, имиштерге таянбастан конкреттүү мыйзамга, фактыга таянсак туура болот. Рыкунова ар кандай көрсөтмөлөрдү берип жүрөт. Анын кайсы көрсөтмөсүнө ишенсек болот?
Комиссия төрагасы Артыков Раушан Рыкунова "Мегаком" боюнча чуулуу фактыларды далилдеген документтер бар экенин айтканын, бирок алып келип бербей койгонун маалымдады:
- Рыкуновага ал кишинин демилгеси менен бир жолу жолуктум. Ал мага бир топ документтерди алып келип берем деп ошол бойдон жоголуп кетти. Корутундуда ал кишинин бир дагы ою жок. Ал мага "баягы 7,5 млн доллардын 1,5 миллиону менин эсебим аркылуу өткөн, мен квитанция алып келип берем" деген. Эгер алып келсе мен аны УКМКга берет элем.
Текебаев Атамбаевдин киреше-чыгашасын санады
"Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев чуулгандуу фактылар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоого бир дагы фракция лидери катышпаганына көңүл бурду:
- Фракция лидерлери ушундай маанилүү маселелер каралып жатканда фракциянын жана өз атынан ойлорун билдирип койсо абдан жакшы болот эле. Бирөө да жок. Карапайым депутаттар калып, жоопкерчилик биздин моюнубузда болуп жатат. Бул жоопкерчиликти туура чечсек. Лидерлер лидерлигин ушундай татаал маселелерде көрсөтсө болмок. Бул абдан туура болмок.
Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти иликтөө былтыр күзүндө жанданган. Анын алдында президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн мародерчулук боюнча айыптаган жана алар жазасыз калбайт деп эскерткен.
Жогорку Кеңеште баш прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов мародерчулук боюнча тергөө уланып жатканын маалымдады:
- Азыр буга чейинки токтомдордун баары жокко чыгарылып, иш жанданып, тергелип жатат. Айтылган жагдайлар тергөөнүн алкагында такталууга жатат.
Жогорку Кеңеш 13-апрелде депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап бүтпөй, аны улантууну жана атайын токтом кабыл алууну кийинки сессияга калтырды.
Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча биринчи депутаттык комиссия ошол кездеги парламенттеги "Республика" фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Буга мародерчулук боюнча абакта отурган Абдулла Юсуповдун "атамекенчи" төрт депутатты айыптаган көрсөтмөсү негиз болгон. Бул комиссия корутундусун 2013-жылдын башында жарыялаган жана аны комиссиянын мүчөлөрүнүн теңи колдогону менен калган жарымы каршы чыккан.
Корутундуда Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн түз тиешеси бар деп жазылган. УКМК экс-депутат Райкан Төлөгөновду өткөн айдын этегинде камакка алган. Андан бир айдай мурун Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасынын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. УКМК Текебаевге "коррупция" жана "шылуундук" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.