Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин соңку алты жылда тапкан кирешеcи боюнча сандарды жарыялады.
Текебаев өткөн аптада Атамбаевдин байлыгын териштирип-иликтеп чыгарын билдирген. Президенттин аппараты аны “адал акчаны морадерлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат” деп сындаган болчу. Соңку учурда бийликчил жана бийликке ыктаган бир катар маалымат каражаттары “Ата Мекендин” лидери 2010-жылдан кийин эпсиз байыган деген мазмундагы материалдарды берип жатат.
Кезектеги маалымат жыйыны
Өмүрбек Текебаев 6-февралдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынан расмий алынды делген Алмазбек Атамбаев жана анын аялынын 2010-2015-жылдардагы декларациясы менен тааныштырды. Ага ылайык, үйдө негизги кирешени анын аялы табаарын, каражат негизинен мурда банкка коюлган акчадан үстөк пайыз катары түшүп турарын билдирди.
Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү
Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү
Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин үй салынып жаткан жеринин айланасындагы Өмүрбек Текебаевдин айткандарын президенттин тапшырмасы менен текшерген.
Бирок Атамбаевдердин кирешесинен дагы чыгашасы көп экенин айтып, мындан улам ал короткон акчалардын булагына кызыкты:
- Алты жылда Атамбаев айлык акы алып алты миллион сомдой акча тааптыр. Алты жылдын ичинде Атамбаев бир эле жолу чыгым жасап, Албек Ибраимовдон 34 миллион сомго жер тилкесин сатып алат. Албетте эми анын алты миллиону жетмек эмес, аялы жардамга келген. Аялы экөөнүн кирешесин кошкондо 38 миллион сом алты жылда иштеп тапкан болот. Алты жылда тапканын негизинен бир жер тилкесин сатып алууга жумшашыптыр. Көз карандысыз эксперттердин айтымында, Атамбаев курдуртуп жаткан хансарай алты миллион доллар турат. Атамбаев жана анын маалымат кызматы ал үй жеке каражатка курулду деп айтып жүрөт. Ал акчаларды кайдан алды? Бул биринчи суроо. Ал жерге асфальт жол курулган. Суунун ары жагында алты гектар жери бар. Ошого чейин асфальт жол бар. Эки тилкени бириктирип, темирден көпүрө салынган. Мунун баары кайсы акчага салынды деген суроого жооп ар бир кыргызстандык үчүн керек.
Өмүрбек Текебаев аны Алмазбек Атамбаев 2010-жылдан кийин эпсиз байып кетти деп айыптап жатканына токтолду.
- Атамбаев мени “аялым багып жүргөн деген адам 2010-жылдан кийин мультимиллионер болуп калды, морадер, баарын басып алды” деп жатат. Эгер ошону айтып коюп эле тим болсо Атамбаевдин мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө шылтап көңүл деле бурбай коет элек. Бирок ошону жетекчиликке алып КТРК баштаган бийликке ыктаган ММКлар жарым жылдан бери “Текебаев 2010-жылдан бери байып кетти” деп сайрап келе жатат. Менин кызматтык квартирамды дагы айтып жүрүштү. Мен ал жерде 1995-жылдан бери жашайм. Мен анын бир балконун иш бөлмөгө айлантып алгам, экинчи балконунда аялым элден буйрутма алып кийим да тигип жүрчү. Ал батирди мага убагында Курманбек Бакиев берген. Канчалык мени жек көрсө дагы 20 жылдык эмгегимди эске алган. Эми ошол үйдү Атамбаев мени 2013-жылы басып алды деген мазмундагы сөздөрдү КТРК аркылуу айттырып жатат.
Артыкбаев: Атамбаев бизнестен ирденген
Алмазбек Атамбаев жана анын аппараты Текебаевдин соңку билидирүүсү боюнча үн ката элек. Анын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов буга чейин “Ата Мекендин” лидерин “адал акчаны морадерлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат” деп сындаган болчу. Президент 80-жылдардын этеги, 90-жылдардын башында миллиондогон нускадагы китептерди чыгарганын, аны вагон-вагон кылып Орусия жана башка КМШ өлкөлөрүнө жөнөткөнүн, бул кирешелүү бизнес болгонун, алгачкы миллиондорун ушул жылдары тапканын белгилеген. Бирок китеп сатуудан миллиондогон каражат табуудан күмөн санагандар да болгон.
Ишкерлик чөйрөдө 90-жылдардан бери жүргөн, парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев эгемендиктин алгачкы жылдарында китеп кирешелүү бизнес болгонун, ошол убакта ишкерликтин эбин тапкандар байлык топтоп алганына токтолду:
- Ошол убактарда Орусияда китеп алуу үчүн күнү-түнү кезекте турган учурлар да болгон. Китептерди ал жакка ташып барып саткан учурлар да болгон. Китеп базары чоң эле базар. Ошол убакта эбин тапкандар колунан келген бизнесин жасаган. Мисалы күйүүчү май жок кезде күйүүчү май ташышкан, темир-тезек сатылган. Ал убакта базар деген эми-эми гана негизделип жаткан. Бизнестин, товар ташуунун тартиби дагы кыртыш ала элек болчу. Ар ким мүмкүн болгон товардын баарын саткан. Мен мисалы 90-жылдары Бишкектен Казакстандын Кызыл-Ордо деген облусуна вагон-вагон ун жөнөтүп саткан учурларым болгон. Азыр эми Кыргызстандан Казакстанга ун сатылат деген ойго келбеген, элестете да албаган нерсе да. Мен Атамбаевдин ошол учурларда Орусияга жана башка жактарга китеп сатканын уккам жана ошол бизнестен ирденгенине көзүм толук жетет. Бирок азыр байлыкка байланышкан талаш-тартыштар саясий максатта көтөрүлүп жатат да.
Эл утпаган эрегиш
Кыргызстанда өткөн жылы күзүндө башталган саясий компроматтар кармашы токтой элек, тескерисинче өөрчүп-өнүгүп да жатат. Талдоочу Турат Акимов Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин кармашын сынга алды жана коомчулуктун мындан пайда табарынан күмөн санады:
- Убагында ал экөө үзөнгүлөш болуп чогуу иштеп жүргөн. Анан бирөө кызматтан кетерине жакын калганда экинчиси былык иштерин аныктайм, адилеттикти издейм деп жатат. Мен Текебаевди 17 жылдан бери тааныйм, дасыккан саясатчы. Бирок азыр анын баштап жаткан иштери кеч башталды. Муну эми саясий оппонеттердин бири-биринен өч алуусу деп эле бааласа болот. Эртең экөө кайра табышып деле алышы мүмкүн. Бизде саясатчылар жоопкерчиликти алган эмес, эч нерсеге жооп берген эмес. Ошондуктан бир фракциядан экинчи фракцияга, бир коалициядан экинчи коалицияга, бир топтон экинчи топко өтүп жүрүшөт да. Саясатчылардын ушул мууну Акаев, Бакиевдин тажрыйбасын алган. Азыр эми кармашып жаткан тараптардын жеңилгенинен дагы, жеңгенинен дагы коомго пайда жок. Эл чынында кайдыгер, ой-максаты башка. Эки жакка тең кошулбайт, ээрчибейт, бири-бирин жеп бүтсүн деп карап турат. Коомчулук жаңы ой, жаңы принцип, жаңы тилек-максат, идеяларды күтүп жатат.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов дагы ушундай пикирди колдойт. Анын оюнча, кыргыз саясатчылары компроматтарды өзүнө ыңгайлуу учурда колдоно калууну өнөкөткө айлантты:
- Негизи бардык маселелер ачык-айкын болушу керек. Эгер күнөөлөп жаткан тараптын фактылары болсо, аны туура эле кабыл алып, иликтениши керек. Эгер курулай эле доомат айтылып, анын артында саясат жатса ага да баа берилиши керек. Бизде азыр улуу муундагы саясатчылар айрыкча шайлоо жакындаганда бири-бирин колдоп келген саясатчылар кайра бири-бирин чукулап башташат. Бул туура эмес көрүнүш. Компроматтарды өздөрүнө пайда табуу үчүн гана колдонгон учурлар өнөкөткө айланды. Мындай нерселерди ар дайым айтып, акыйкаттыкты талап кылып, туура системаны колдосо жакшы болот эле. Азыр жалаң эле бийлик талаш болуп калды.
Коомчулукта президент өзүнүн байлыгы жана анын таржымалы тууралуу ачык маалымат береринен күмөн санагандар көп. Жапонияда окуган саясат таануучу Даниел Кадырбеков эгер президент ошол кадамга барса, анда саясаттын деңгээлин көтөрмөк деп эсептейт:
- Эгер президент өзүнүн байлыгы тууралуу ачык айтып берсе, анда өз маңдай тери менен топтогон турбайбы деп ага ишеним жогоруламак. Андан сырткары жөнөкөй жарандарга дагы үлгү болот. Көмүскө экономиканы дагы сыртка чыгарганга жардам берет. Эгер президент байлыгын ачык көрсөтсө, анда бул чоң саясий маданияттын үлгүсү болмок. Эгер маалымат бербей койсо бүдөмүк ойлор көбөйө баштайт. Бирок мен алты жыл иштедим, мынча акчам бар болчу, азыр мынча болду деп айтса, бул акчаны мен бул жерден таптым деп түшүндүрүп бериши керек. Себеби эртең жаңы бийлик келсе аларда деле ушундай суроо туулат. Азыр эми Текебаев 2010-жылдан кийин эле байып кетти деп айтып жатпайбы, эми ошону такташы керек же төгүнгө чыгарышы керек. Бирок менин жеке оюмча Атамбаев ага барбайт го. Биринчиден, өчөшүп деле барбайт, экинчиден, мен анын байлыгынын таржымалы тууралуу шек санагым келбейт, бирок 90-жылдары бизде легалдуу акча табуу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан акчаны чындап каяктан тапканын, "Мерседестерди" кайсы акчага алганын ачык айтышы керек болот да.
Алмазбек Атамбаев байлыгы жетиштүү экенин ыңгайы келген учурда такай айтып жүрөт. Былтыр күзүндө бир катар өлкөлөрдүн элчилерин кабыл алганда президенттердикинен да кымбат унаа айдаган учурлары болгонун, ошондон куугунтукка кабылып, саясатка да кокусунан аралашып калганын кеп кылган жайы бар.