Оппозициянын күч топтоо далалаты

Иллюстрация

Кыргызстанда парламенттен сырткаркы оппозициялык күчтөр биригип, бийликке каршы аракеттенүүгө бел байлоодо.

“Бишкек форуму” эксперттик аянтчасынан тил табышкан саясатчылардын, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын оппозициялык күчтөрдүн бирдиктүү платформасына биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.

“Бишкек форуму” бириктиргенде

Кыргызстанда өткөн шайлоодо парламентке кирбей калган оппозициялык күчтөрдүн башын кошуу боюнча саясий жараян башталды. Жакында “Бишкек форуму” эксперттик аянтчасында өз ара пикир алмашкан бир катар саясатчылар парламенттен тышкаркы оппозицияны бирдиктүү саясий күчкө айландыруу жолун издешкен. Жыйынтыгында түрдүү саясий көз караштагы саясатчылар идеялык платформанын астында биригүү тууралуу макулдашкан.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров учурдагы оппозиция "балалык оорусун басып өтүп, чечкиндүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү саясий күчкө өсүп жетилгенин" мындайча белгиледи:

- Оппозициялык маанайдагы топтордун бардыгын бир чоң саясий күчкө бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Натыйжада “Бишкек форуму” аянтчасынын алкагында генерал Өмүрбек Суваналиев баштаган “Каршылык көргөзүү кыймылы” жана парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев жетектеген “Кыргызстанды сактоо үчүн” кыймылы Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн биримдигине бирикти. Мындан сырткары өлкөдө түптөлүп калган үч чоң саясий партия бул бирикмеге кошулуу ниетин билдирди. Жакынкы күндөрү бул тууралуу толук жарыялайбыз. Биз жөн эле бийлик үчүн күрөшүү эмес, Кыргызстанды учурда батып бараткан саздан кантип сактап калабыз деген бир гана саясий платформанын астында биригип жатабыз. Биз аягына чейин талкаланып бараткан кадр саясатын оңдоп, экономикалык кургуйга түшүп бараткан абалды жөнгө салуунун жолдорун бирге издейбиз.

Буга чейин башаламан абалга кептелип, саясий айдыңда алсырап калган оппозиция бийликке каршы үн катпай калган эле. Өкмөт бюджет бөксөөсүн толтуруу үчүн автоунаага жана жеке турак жайга камсыздандыруу сыяктуу төлөмдөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. Бирок ансыз да кризистин айынан жону жукарган калк аны митингдер менен каршы кабыл алды. Бул жагдай өкмөттү чечимдерин кайра артка кайтарууга аргасыз кылды.

КСДП партиясынын мүчөсү Абдыманап Кутушев бийлик коомдогу чыңалууну жайгарууга жөндөмдүү болгон учурда оппозициянын таасири начар болорун айтты:

- Соңку мезгилде элдин талабынан улам бийлик өзүнүн чечимдерин өзгөрткөн учурларын байкап жатабыз. Мурда бийлик элди угуп, анын талабын аткарган учур деги эле болгон эмес. Мындай учурда коомдо чыңалуу болбойт. Себеби өкмөт элдин талабы түз эле өкмөткө жетип, өкмөт эл менен эриш-аркак шартта өзү эле чыңалууну жөнгө салып коюп жатат. Мына ушундай шартта элдин колдоосуна ээ боло турган бирдиктүү жана жигердүү оппозиция калыптанып, демилгени колго алышы кыйын. Келечекке мындан башка жолду көргөзүүгө жөндөмдүү, таза жана жыйынтыктуу жолго баштай ала турган таза оппозициялык күчтөр болсо жакшы болмок. Бирок азыркы учурда мен андай оппозицияны көрө албай турам.

Күтүүсүз жүрүштөр

Соңку мезгилде өлкөдөгү экономикалык кризис тереңдеп, калктын карапайым катмарынын социалдык абалы оордогон шартта бийлик партиялары менен оппозициялык күчтөр жергиликтүү кеңештерге шайлоого адаттан тыш камылганы баштады.

Быйыл 27-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоодо саясий күчтөрдүн өзгөчө таймашы күтүлүүдө. Ар кайсы себеп менен чоң саясаттан четке сүрүлгөн Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар биригип, жергиликтүү кеңештерге, андан кийин президенттик шайлоодо күчтү бириктирүү максатында мунаса издеп жатканы маалым болду.

Бул саясий кыймылга бозгунда жүргөн саясатчылар Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаровдун дагы кошулушу ыктымал экени айтылууда. Бирок түрдүү саясий көз караштагы бул саясатчылардын кандай форматта жана кайсы саясий идеянын астында баш бириктириши азырынча белгисиз.

Быйыл күздөгү парламенттик шайлоодон кийин “Республика Ата-Журт” партиясы менен шайлоого барып, бирок шайлоо алдын өнөктүк учурундагы "күтүүсүз чатактан" улам партиянын шайлоо тизмесинен алып салынган Камчыбек Ташиев өлкөдөн чыгып кеткенин жарыялаган болчу. Бирок жаңы жылдан кийин өлкөдө кайра пайда болгон Камчыбек Ташиев саясий өнөктөшү Өмүрбек Бабановдун партиясы менен болгон тандемди жокко чыгарып, “Ата-Журт” партиясы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өз алдынча барарын жарыялаган болчу.

Саясатчы Камчыбек Ташиев да учурда “Ата-Журт” партиясынын айланасындагы саясий күчтөрдүн биригүү далалатын төмөндөгүчө белгилеген эле:

- Бүгүнкү күндө мамлекетибизде өтө реалдуу саясий күч топтолуп жатат. Ошол эле Акматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясынан чыккан эмес. Партиянын мүчөсү бойдон калган. Эгерде мен “Ата-Журт” партиясын мындан ары жетектеп кете турган болсом, ал ошол партияда болот. Андан сырткары башка саясий күчтөр биз менен акылдашып, макулдашып бир болууга аракеттенип жатат.

Оппозиция буга чейин бир нече жолу биригүүгө кадам таштап, бирок анын аягы жыйынтык бербей келген. Көп учурда оппозицияга кызмат тийбей, бийликке таарынган саясатчылар кошулуп калып, идеялык күрөш четте калган учурлар арбын. Мына ошол жагдай биримдикти ыдыратып, оппозициянын беделин кетирип, майдалаган учурлар Кыргызстандын соңку тарыхында бир нече ирет кездешкен.