Шайлоого катышууга алгач 17 партия арыз берген. Катталуу мөөнөтү аяктарга аз калганда “Республика” партиясы арызын кайтарып алды. “Ар-намыс”, “Кыргыз-Ата” жана “Жашылдар” партиялары документтерин толук тапшырбай коюшкан. Натыйжада жарышта 13 партия калды.
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратовдун ырасташынча, документтерин маалында тапшыргандардын баарына жол ачылды:
- Арыздарды кабыл алуу 15-февраль кечки 24:00дө аяктады. Ушул убакытка чейин талапкерлердин кагаздарын жана башка бардык документтерди 13 партия толук тапшырды жана шайлоого катышууга укук алышты. Алар “Бир бол”, “Күч биримдикте”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Демократ”, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, Кыргызстан социал-демократтар партиясы, “Эмгек”, “Аалам” партиясыздардын партиясы. Булар берген талапкерлердин тизмелерин изилдеп чыгып, 10 күндүн ичинде биз кайра өздөрүнө бекитип беребиз. Үгүт иштери 25-февралда башталат.
Шайлоого бараткан партиялардын тизмелери ачыкталбаганы менен, алдынкы орунду кимдер ээлери коомчулукта белгилүү боло баштады. Кыргызстан социал-демократтар менен “Бир бол” партияларынын биринчи ондугун шаардын азыркы вице-мэрлери, шаардык муниципалдык кызматтардын жетекчилери, облустук мекемелердин башчылары жана ири ишкерлер түзөрү айтылууда. Аймактык аткаминерлер “Ата Мекен” жана “Республика - Ата Журт” партияларында да арбын.
"Ошол себептүү алдыдагы жарышта ушул партиялар негизги оюнчулардан болот", - дейт жергиликтүү байкоочу Сабыр Арстанов:
- Негизги күрөш эки-үч эле партиянын ортосунда жүрөт. Фаворит катары КСДП менен “Республика-Ата Журт” партиялары башкы атаандаш болушат. Менимче, “Ата Мекен” партиясынын да азыраак шансы бар. Ал эми “Бир бол”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” партиялары ошол негизги үч оюнчу партиялардан кийинки орунда болот. Калган партиялар лидерлердин жеке кызыкчылыгы үчүн же шайлоого катышып өздөрүнүн үнүн айтып коюу үчүн эле чыгып атат.
“Республика-Ата Журт” менен “Ата Журт” партиялары эки жээкте жарышка түшүп атканы булардын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтып жибериши мүмкүн дейт серепчи. Саясатчылар Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика" жана “Ата Журт” партиялары биригип, былтыркы парламенттик шайлоодо утушка жетишкен. Бирок “Ата Журт” партиясы Оштогу шайлоого өзүнчө да катышып көрүүдө.
"Улуттар биримдиги" шайлоого катышпайт
Учурда шаардык кеңеште 21 мандаты бар “Улуттар биримдиги” партиясы шайлоого катышпай жатканы да бийликчил партиялардын чырагына май тамызгандай. Экс-мэр Мелис Мырзакматов ээлик кылган бул партия жетекчилери жарышка түшпөй калганын оңдуу түшүндүрө алышкан жок. Натыйжада бул партиянын депутаттары шайлоого ар башка партиялардын тизмеси менен ат салышканы турушат. Маселен, Шайлообек Атазов “Ата Мекен” партиясынын, Сонунбек Жунусбаев “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмесинде шайлоого баратат.
- Каалайбызбы, каалабайбызбы бийликтин партиясы катары КСДП бул жарышта да административдик ресурс колдонот,- дейт Сабыр Арстанов. - Анткени партиянын кадрлары жер-жерлерде негизги кызматтарда олтурат. Анан эл деле бул партияга көп каршы чыкпайт. Себеби Ошто анча-мынча жолдор оңдолуп, көпүрө курулуп калгандан бери бул партиянын кадыры бийиктеп калды. Бул жарышта ачыктан-ачык оппозициялык партиянын жоктугу да КСДПга пайдалуу болуп турат. 2010-жылкы окуялардан кийин экс-мэр Мелис Мырзакматовдун партиясы “Улуттар биримдигинин” баркы, таасири жогору эле. Бирок акыркы шайлоо көрсөткөндөй ал күч азыр жок, ал тургай партия өзү да жарышта жок. Башка партиялар да КСДПга чоң атаандаштык жарата албайт. Менин жеке пикиримде, жарыш ушул эле ыргакта жүрсө, КСДП өзү деле шаардык кеңеште көпчүлүк орунду алып коюшу мүмкүн.
Юстиция министрлигинин сайтында жазылгандай, депутаттыкка жарышка түшкөн жаңы партиялардын лидерлери коомчулукка анча белгилүү эмес жарандар. Маселен, “Демократ” партиясы Эсенкул Момункулов аттуу жаранга тиешелүү. Момункулов өзү ишкер, буга чейин президенттик аппаратта иштеген экен. Бул партияда Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү жана “Адилеттүү Кыргызстан” партиясынын да өкүлдөрү да бар.
- Президент Атамбаевден башкасынын баары - чоңдор Ошко көчүп келип алышты окшойт. Кыргызстанга таанымал саясатчылар, партиялардын республикалык лидерлери, олигархтар, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү Ош шаарындагы мейманканаларда, “особняк” үйлөрдө жашап жатышат.Төлөгөн Келдибаев
”Мекеним Кыргызстан” партиясына болсо Медербек Орумбаев аттуу жаран лидерлик кылат. Ал да жеке ишкер, мурда ушул эле шаардык кеңешке “Республика” партиясынан ат салышкан.
Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Кадырбек Абдивалиев “Күч биримдикте” партиясын баштап барары айтылууда. Ал өзү 2010-жылы “Ата Журттун” тизмеси менен 41-тизмеде Жогорку Кеңешке аттанып, бирок өтпөй калганы жөнүндө маалымат бар.
Саясий күрөш алдыда...
Бирок бул жаңы партиялардын тизмесинде да Ош шаарынын экс-чиновниктери, аймактагы ири бизнесмендер жана күркүлдөр арбын. Ошондуктан булардын артында да ири саясий күчтөр турары көп айтылууда. Серепчи Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:
- Президент Атамбаевден башкасынын баары - чоңдор Ошко көчүп келип алышты окшойт. Кыргызстанга таанымал саясатчылар, партиялардын республикалык лидерлери, олигархтар, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү Ош шаарындагы мейманканаларда, “особняк” үйлөрдө жашап жатышат. Жашабаганы күн алыс келип кетүүдө. Алар кантип өздөрүнүн партиясын шаардык кеңешке өткөрсөм, кантип мэрлик кызматты алсам деген суроонун үстүндө баш катырып жатышат. Алар ушул Ош шаарындагы шайлоону жеңип алсак, кийинки президенттик шайлоодо да жеңишке жетебиз дегендей максаттарын ачык коюшууда. Ошондуктан бул шайлоону этият калбасак, экинчи борбор “саясий полигонго” айланып калышы мүмкүн.
Партиялар тизмесин аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруунун артында да партиялардын ички саясий атаандаштыгы жүрүп жаткандай.
- Партиялардын бири-бири менен болгон күрөшүнөн сырткары, ар бир партиянын өзүнүн ичинде да күрөш жүрүп жатат. Өзгөчө бийликчил, ири партиянын ичинде 4-5 клан бири-биринен таасир талашып, өз ара тирешип атышат. Алар тизмеге өзүнүн кишилерин киргизип, өздөрүнүн кишилери көбүрөөк депутат болушун каалап атышат. Анткени эртең мэр болгусу келгендер бар, башка шаардык муниципалдык кызматтардын жетекчилигине секиргиси келгендер бар. Ошол себептүү айрым партиялардын алдыңкы ондуктагы бир оруну 100 миң долларга чейин көтөрүлдү. Ушуну сатып алып аткан талапкерлер эми эртең шайлоонун өзүнө да миллиондогон сомдорду жумшашат. Эртең шайлоочулардын добуштарын сатып алууда жөн эле аукцион болот, көбүрөөк акча берип добуштарды сатып ала беришет, - дейт аймактагы байкоочу Төлөгөн Келдибаев.
Элдик ишенимге ээ болгон шаардык кеңеш жаңы мэрди шайлайт. Ошол себептүү айрым эксперттер бул шайлоо кызуу талаш-тартыш, карама-каршылыктар менен коштолот дешсе, кээлери бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу тынч өтөт деген баа беришүүдө.
Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 27-мартка белгиленген. Калаадагы 100 миңден ашык шайлоочу 73 шайлоо участкада добуш берет. Добуштардын 7% алган партия өттү деп саналат.