Кумтөр кениндеги ишти үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Давыдов мөңгүсүн бузууга жол ачкан мыйзам долбоорду өкмөт сунуштаган болчу.
Ал арада эми Кыргызстан “Центеррадан” экологиялык доосун өндүрө албай калышы ыктымал деген кооптонуу айтыла баштады.
Суу кодексин өзгөртүү боюнча мыйзамга сессияга катышкан 91 депутаттын 52си макул, 39у каршы деп добуш берди. Бул мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин комитеттеринде, сессияда биринчи окууда талкууланып жатканда кызуу талаш-тартыш менен коштолду.
Өкмөт Кумтөрдө мөңгү боюнча мурдагы бийликтердин тушунда ката кеткенин, эми бул мыйзамды кабыл алуу аргасыз чара экенине ынандырууга аракет жасады. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 25-июнда парламентте эгер мыйзам кабыл алынбаса Кумтөрдүн иши эмки айдан тарта токтойт, үч ай ичинде мөңгү жылып келип карьерди басып калат деп эскертти:
- Мөңгүгө бульдозердин тиши 1994-жылы эле тийиптир. Бул айла жок мыйзам. Эгер муну кабыл албасак, экологиялык катастрофа мындан ары да күчөйт. Анын кесепети мындан да чоң болот. Бүгүн процессти токтотконго болбой турган абалга жетип калганбыз. Мунун башы 1994-жылдан башталган. Эгерде биз мөңгүнү бузбасак, муздун баары аңга түшөт.
Бул мыйзамдын кабыл алынышына “Ата Мекен” фракциясы каршы чыкты. Фракциянын депутаты Жоомарт Сапарбаев “Центерра” кенди ачык, мыйзамсыз казгандыктан мөңгүлөр зыянга учураганын белгиледи:
- Кыргызстанда Суу кодекси жана башка мыйзамдар мөңгүнү талкалап, алтынды казып алганга уруксат бербейт. Урматтуу депутаттар, урматтуу өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстандын мыйзамын четке каккан, одоно бузган, келишимдин жоболорун аткарбаган компанияга биз эмнеге мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз?
Саясатчы Азимбек Бекназаров мыйзамдын кабыл алынышын сынга алды. Жогорку Кеңеште мыйзамды колдоп добуш берген депутаттарды “Центерра” менен тымызын саясий соодалашууга барды деп айыптады:
- Бул мыйзам кыргыз бийликтеринин кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу, адалдаштыруу, изин жашыруу максатында кабыл алынды. Анткени бардык бийлик коомчулуктун көзүн боёмолоп, канадалыктардын кызыкчылыгын коргоп келди. Мунун артында соодалашуу да турат. Күздө боло турган шайлоого “Центерра”, алтын ташып аткандардан бир топ каражат алганы жатышат.
Мөңгүлөрдү бузууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстан ири суммдагы экологиялык доосун өндүрө албай калышы ыктымал деген чочулоо күчөдү. Жашылдар партиясынын өкүлү, эколог Динара Кутманованын айтымында, кыргыз соттору ансыз деле экологиялык зыян боюнча кылмыш иштерди кароону создуктуруп, улам артка кайтарып жатат:
- Экологиялык доо дал ошол Суу кодексиндеги 62-беренени, 47-беренесинин негизинде коюлган. Эми ушундан кийин Суу мыйзамын да өзгөртө башташы мүмкүн. Анткени “Центерранын” бардык талаптары аткарылып келатпайбы.
Өкмөт өкүлдөрүнүн билдиришинче, Кумтөр казыла баштагандан бери Давыдов мөңгүсүнүн үчтөн эки бөлүгү жок болгон. Мөңгүнүн алдында сегиз тоннага жакын алтын жатат.
Кумтөр боюнча 2012-жылдагы өкмөттүк комиссиянын корутундусунда мөңгүлөр боюнча экологиялык чыгым беш миллиард сом деп бааланган. "Центерра" кыргыз өкмөтүнө экологиялык доодон баш тартуу боюнча талап коюп келет.