Бирок бир катар депутаттар бул мыйзамды киргизүү менен кыргыз өкмөтү «Центерра Голд» сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгын коргоп жатат деп сындашууда.
Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, өкмөттүн мындай сунуш менен чыгышына Кумтөр кениндеги акыркы абал себеп болду. Анткени, Кумтөр быйыл мөңгү басып турган аймагында кен казуу иштерин жүргүзүүнү мерчемдеп жатат. Ал эми Суу жөнүндө кодекстин 62-беренесинде мындай иш жүргүзүүгө тыюу салынган. “Центерра Голд” компаниясы болсо 2009-жылдагы келишимге такап, “бул маселени өкмөт чечип берүүгө тийиш” деген талап коюп жатат. Мындан улам өкмөт мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканын Валерий Диль депутаттарга шардана кылды:
- Бул маселени чукулунан көтөрүп чыгышыбызга Кумтөрдүн “2014-жылга тоо-кен планыбызды бекитип бересиңер же болбосо кендеги ишти токтотобуз” деген маселени кабыргасынан койгону себеп болду. Суу жөнүндө кодекстин 62-беренесинде мындай иштерге тыюу салынгандыктан чечим кабыл ала алган жокпуз. Буга байланыштуу кендеги ишти токтотпоо үчүн бул беренеге өзгөртүү киргизүү маселесин Жогорку Кеңешке алып чыгууну чечтик.
Буга чейин “Центерра Голд” өкмөткө тоо-кен планын эртерээк бекитүүнү талап кылып, 13-июнга чейин бекитпесе, кенде алтын өндүрүү токтотулушу мүмкүн экенин эскерткен. Өкмөт Кумтөрдөгү өндүрүштүн токтошу өлкө экономикасы үчүн абдан чоң зыян алып келет деп тоо-кен планын шашылыш бекитип берген. Эми бул планды мыйзамга ылайыкташтыруу үчүн Суу кодексине өзгөртүүнү парламентке киргизди. Бирок депутаттар өкмөттүн бул сунушун колдогон жок. Тескерисинче, эл өкүлдөрү бул өзгөртүүлөрдү сунуштоо менен кыргыз өкмөтү «Центерра Голд» сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызыкчылыгын коргоп жатат деп сындап чыкты. Алардын бири Социал-демократтар фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева. Ал өкмөт “Центерра Голддун” жетегинде калды деп эсептейт:
- Бул жерде башкы маселе мөңгүлөр тууралуу болуп жатат. Стратегиялык объекттер мөңгүнүн жанында иштесе, андагы мөңгүгө тийгизген таасирин өкмөт аныктайт деп өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышыптыр. Бул эмне дегенди билдирет? Бул өкмөттүн өз кызыкчылыгына карап, мөңгүлөрдү каалагандай талкалоого уруксат берет дегенди билдирет. Ошондуктан, ага каршы болуп, кайрадан иштеп чыксын деген чечим кабыл алдык.
Иманкожоева кошумчалагандай, “Центерра Голд” Кумтөрдөгү кенди токтотуу менен өкмөттү шантаж кылууга өттү. Мындан улам депутат канадалык компаниянын талабына көнбөй, мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн аракет көрүүгө чакырууда.
Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов бул маселедеги парламенттин позициясын туура деп эсептейт. Мамбетовдун пикиринде, Суу жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү Кумтөр боюнча чоң чырдын башталышы болушу мүмкүн:
- Бул маселеде мөңгүдө иш кылууга уруксат бербей эле, кескин эле чечип коюш керек. Себеби, мыйзамды өзгөртүп, өкмөт ыңгайына жараша колдонуп баштайт экен. Көп нерсени бузат экен. Муну биз көрбөдүкпү. Мисалы, буга чейин деле Кумтөрдүн айланасындагы ишти жөнгө салуу үчүн бир топ мүмкүнчүлүк болгон. Бирок аларды колдоно албай, баарын бузуп, азыркыдай абалга алып келди.
Ал ортодо өкмөт “Центерра Голд менен Кумтөр боюнча кошумча келишимдерди иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүү аракети абдан оор болуп жатканын айтып чыкты. Вице-премьер Валерий Дилдин билдиришинче, жаңы өкмөт келгенден бери бир да жолу “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өтө элек:
- Азыр сүйлөшүүлөрдү мен жүргүзүп жатам. Сүйлөшүү абдан оор болуп жатат, сүйлөшүүгө мүмкүн эмес десе да болот. Бирок биз бул маселелердин кесепетин ойлоп, сүйлөшүүгө мажбур болуудабыз. Алар Кумтөрдүн айланасындагы абалды түшүнүп жатышат. Алар 50/50 пайыздык үлүшкө макул болгону менен, бул келишим кабыл алынганына жарым жыл өтсө да алар менен бул келишимди аткарууну талкуулоо үчүн жолуга элекпиз. Алар ар кандай себептерди айтып, мени менен жолукпай жатат. Жакында гана сүйлөшүүгө макул болушту. Бул деген азыркы учурда иштеп жаткан келишим алардын кызыкчылыгына төп келет дегенди билдирет.
Ал эми “Кыргызалтын” ишканасынын жаңыдан дайындалган президенти Токон Мамытов Кумтөр боюнча кошумча келишимдердин кечеңдеп жатканын тастыктайт. Анын айтымында, өкмөт алдында түзүлгөн эксперттик топ бул боюнча иш жүргүзүп жатат. Бирок “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүү баштала элек:
- Эксперттик топ же катчылык 14 кошумча келишим боюнча ишти баштады. Алар Кумтөрдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми “Центерра Голддун” жетекчилери Канада болгону үчүн сүйлөшүү боло элек. Алар Кыргызстанга келсе, активдүү иштер башталат деп күтүп жатабыз.
Быйыл февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүштү 50 пайызга бөлгөн биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырып берген. Андан кийин дагы 10дон ашык кошумча келишим түзүлүүгө тийиш эле. Токон Мамытов бул келишимдерди күзгө чейин түзүп, парламентке киргизүүнү мерчемдеп жатканын кошумчалады.