Армиядагы арааны ачылган жемкордук

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылыш үчүн бөлүнгөн казына каражаттары максатсыз колдонулуп, уурдалып жаткан фактылар ачыкка чыкты.

Муну талдоочулар өлкөнүн аскердик-коргоо тутумунун коррупцияга батканы менен байланыштырып, аскердик мекемелер жабык болгондуктан анын каражаттарын көзөмөлдөө жана текшерүү жөнгө салынбай келгенин белгилешти. Тиешелүү аскер жетекчилери "тармактагы абал көзөмөлдө" деп ишендирип келишкен.

"Майкандалган" миллиондор

Кыргызстандын аскердик прокуратурасы Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетте жана анын бөлүктөрүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү казына каражаттары кымырылган фактылардын бетин ачты.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2015-жылы бюджеттен ошол кездеги Коргоо министрлигинин эсебине аскер аэродромун оңдоого 70 миллион сом которулган. Бирок министрликтин жана "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары анын 37 миллион сомун башка курулуш объектилерине мыйзамсыз жумшаган.

Ошондой эле курулуш материалдарынын баасын ашыкча көргөзүү менен 9 миллион сом уурдалганы аныкталган. Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул кылмыш ишинин жагдайына төмөндөгүчө токтолду:

- Бул иш мындан үч жыл мурда болгон экен. Анын жагдайлары эми ачылып жатат. Биздин прокурорлор изилдеп таап, азыр тергөө иштери башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда кимдин күнөөсү болсо, ошол адамдар жоопко тартылат. Бул жерде мыйзамсыз колдонулган 37 миллион сомдун ичиндеги 9 миллион сом акчаны алар жөн эле "жеп" коюшкан. Ал эми акчанын калган бөлүгү бюджетте "бир багытка жумшалсын" деп бөлүнсө, аны башка жакка пайдаланышканы аныкталган. Мыйзам бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну талап кылат эмеспи. Ошондуктан анда дагы одоно мыйзам бузуулар бар.

Кылмыш бар, "кылмышкерлер аныктала элек"

Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-308-беренелериндеги "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу" кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бирок аскер прокуратурасы бул кылмыш иши Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кайсы кызмат адамдарына козголгонун ачык жарыялаган жок.

Марат Кенжесариев.

2015-жылдан 2016-жылга чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген, генерал-майор Марат Кенжесариев анын бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтты:

- Бул иштер Коргоо министрлигинин учурунда болгон. Ал кезде мен Башкы штабдын башчысынын орун басары элем. Бул маселелерди мен карачу эмесмин. Ошондуктан мен каражаттын кандай жумшалганын билбейм. Бул курулуш иштери 2015-жылы "Фрунзе-1" аэродромун калыбына келтирүүгө байланыштуу жүргүзүлгөнүн билем. Бирок менин ага эч кандай тиешем жок. Ал Коргоо министрлигинин тушунда, андай фактылар бизге кийин билинген эмес. Ал фактылар эми ачыкка чыгып жатпайбы. Бирок ошол учурда деле көзөмөл бар болчу.

Аскердик реформанын "жемиши"

Коргоо министрлигиндеги "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасы аткарган курулуш иштери жана ага жумшалган каражаттын маселелери боюнча буга чейин дагы бир топ маселе көтөрүлүп, аларга байланыштуу кылмыш иштери козголгон.

Бирок талдоочулар ал иштердин көпчүлүгү сотко чейин же соттон кыскарып кеткен учурлар арбын экенин белгилеп келишет.

Кубатбек Кожоналиев.

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев коргоо тармагы аскердик жабык мекеме болгондуктан сырттан көзөмөл начар болуп, эң эле коррупциялашкан тармакка айланганын айтты:

- Өткөн бийлик "биз коргоо тармагында реформа жасадык, аскерлерди башкаруу өзгөрдү" деп мактанып келбедиби. Экс-президент Атамбаев айтып жаткан армиядагы абал азыр мына ушундай. Ошол "реформанын" натыйжасында тармакты башкаруу бир топ татаалдашып, көзөмөл жагы начарлады. Анан дагы өң-тааныштык менен жетекчи кызматтарга алынып келген кадрларда чоң маселе пайда болду. Ошол иштердин жыйынтыгы азыркыга окшогон коррупциялык иштердин кеңири жайылышына түрткү болду. Ошондон улам бир иштер чыгып, ал боюнча тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартып жатса деле, алар четинен кайра бошоп кетип, кайра эле башка жагынан кызматка коюлган бир кызыктай система пайда болду.

Иштерди кароо мөөнөттөрү сотто создугуп жатат. Көпкө чейин каралбай, кечеңдеп жаткан иштер боюнча соттор жооп бериши керек.
Нуркамал Набиев

Анткен менен аскер прокурору Нуркамал Набиев бул тармак боюнча козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү сотко жетип жатканын белгиледи. Анын айтымында, аскер тармагындагы коррупциялык кылмыштарды кароо сотто создуктурулган жагдайлар көп:

- Бизде козголгон кылмыш иштеринин баары сотко жөнөтүлүп жатпайбы. Ал иштерди кароо сотто создугуп жатат. Көпкө чейин каралбай, кечеңдеп жаткан иштер боюнча соттор жооп бериши керек. Биз болсо тергөөнү болушунча сапаттуу жүргүзүп, кылмыш иштеринин баарын сотко жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Ал иштерди тергөөдөн кыскартып, жаап-жашырып койгонго эч кимдин кызыкчылыгы жок.

Буга чейинки коргоо министри Таалайбек Өмүралиев каражатты максатсыз пайдаланганы аныкталып, сот андан 5 миллион сом өндүргөн. Ошондой эле ал 2011-жылы ыйгарылган "генерал-майор" аскер чининен ажыратылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.