Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Көзөмөлсүз курал-жарак, тыйылбаган уурулук


Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы жана башкы прокурорго армиядагы коррупция, мыйзамсыз иштерге каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Президенттин мындай тапшырмасы армиядагы бир катар чырлуу иштерден кийин башталды.

Коопсуздук маселелери курч турган шартта армиядагы мындай кырдаал эмнеден кабар берет? Дегеле жаңжалдуу окуялар биринин артынан бир катталышы буга чейин убада кылынган аскер реформасына көлөкө түшүрдүбү?

"Арай көз чарай" талкуусуна Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов жана коопсуздук, аскер иштери боюнча эксперт, УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков катышты.

“Азаттык”: Закир мырза, президент Алмазбек Атамбаев Башкы штабдын башчысы жана башкы прокурорго армиядагы коррупцияга көңүл буруу тапшырмасын берди. Бул аскер бөлүктөрүнөн курал-жарак сатылганы белгилүү болгондон кийин жасалды. Анда Чек ара кызматынын прапорщиги 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдап, сатканы белгилүү болгон эле. Дегеле армиядагы коррупция деген эмне?

Закир Тиленов
Закир Тиленов

Закир Тиленов: Ооба, чындыгында эле Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө ошондой кылмыш катталды. Ошол жердеги ракеталык кампадан курал жоголушу боюнча аскер кызматкери тиешеси бар деп кармалып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биз ошол окуяны билгенден кийин Башкы штабдын башчысынын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, бул комиссияга Башкы штабдын офицерлери, Чек ара кызматы, Аскер прокуратурасы, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү кирет. Учурда бул иш боюнча ар ким өзүнүн жумушун аткарып жатат.

Албетте бул Куралдуу күчтөрдүн намысына тийчү окуя болуп калды. Бирок биз азыр өз жумуштарыбызды күчөтүп жатабыз. Ушул окуя болгондон кийин президенттин буйругу менен Чек ара кызматынын орун басары жумуштан бошотулду. Чек ара кызматынын төрөгасынын буйругу менен 14 жетекчи жумуштан кетти. Буга кошумча Башкы штабдын башчысынын буйругу менен Чек ара кызматынын төрагасы анын биринчи орун басарына ишин жөндөй албаганы үчүн эскертүү берилди.

“Азаттык”: Артур мырза, Коргоо иштери боюнча комитеттин айдоочусу баш болуп курал сатууга катышканы, коопсуздук маселелери курчуп турганда мынча сандагы курал сатылганы эмнеден кабар берет? Дегеле армияда коррупция канчалык кеңири жайылган?

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Артур Медербеков: Биз Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийинки тарыхындагы армиядагы коррупцияны карап көрсөк, бир нече мисалы айтууга болот. Мисалы, 1993-жылы “Канат” деген чоң фирма ачышып, ошол аркылуу Куралдуу күчтөргө караштуу учак, тик учактарды жана башка ок-дарыларды сатканга байланыштуу чоң кылмыш иши козголуп, ошол убакта айрым жетекчилер соттолгон эле. Бирок, аягына чейин чыкпай, ошол бойдон башаламан иш болуп кеткен.

Коррупциялык иштер бүгүн эле биздин куралдуу күчтөрдө пайда болгон жок. Бул эгемендүүлүктү алгандан бери болуп келатат. Акыркы убакта коррупциялык иштер Куралдуу күчтөрүндө карап көрсөк мисал, далилдер абдан көп.

Азыр 26 автомат, 14 пистолет, 13 миңден ашык ок тергөө иштеринин бүгүнкү билдирүүсүндө прапорщик саткан жана буга тиешеси бар деп иштер козголуп жатат.

Экинчиден, Куралдуу күчтөрдүн кампасында сакталган курал-жарактар утур-утур текшерилип турат. Мына ушулар көп учурда үстүртөн карап, үстүндөгү мөөрүн карашат дагы ошол кампадагы курал-жарак, ок-дары барбы, жокпу текшербей, өз ишине шалаакалык менен мамиле кылгандар көп.

Аскердеги коррупция кантип тыйылат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:01 0:00

“Азаттык”: Закир мырза, окуядан кийин бир катар жетекчилер, офицерлер кызматтан алынганын айтып жатасыздар. Бирок эң жогорку жетекчилик, маселен Башкы штабдын жетекчилеринин жоопкерчилиги кандай болот. Сиздер кемчиликтерди сезесиздерби?

Закир Тиленов: Албетте, өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезебиз. Негизи, жетекчинин канча жолу текшериш керек экендиги боюнча укуктарда жазылган. Биз сөзсүз түрдө ар жылдын аягында бардык курал-жарактарды текшерип, акт түзүп карайбыз.

Артур Капарович айткан оюна мен да кошулам. Ошол жердеги иштеген комиссиялар өз ишин так аткарбастан, сырттан эле көрүп коюп, же болбосо кагаздарга эле кол коюп текшеришкен эмес.

Мындай курал каражатты сөзсүз жакшылап текшериш керек эле ошол үчүн ушундай учурлар пайда болуп жатат. Мисалы, куралдын номерин карап, документин текшерип, андан соң тыянак чыгаруу зарыл.

“Азаттык”: Артур мырза, айтылган чаралар жетиштүүбү? Жогорку аскер жетекчилеринин жоопкерчилиги кандай болушу керек?

Артур Медербеков: Биринчиден, армияда уставдар болот. Мына ушул буйруктардын негизинде ар бир кампага ким жооптуу болсо, ошол уставдын негизинде жооп бериши керек. Тепкич менен изилдей келгенде албетте жогорку курамдагы аскер башчыларына тийиштүү болуп калат. Кылмыш иши козголбогон күндө деле моралдык жактан жоопкерчилик тартат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG