Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны 28-августка чейин камакта калтырган райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Кулматов "коррупция" жана "жараксыз паспортту пайдалануу" боюнча айыпталып жатат. Анын адвокаты камактагы саясатчынын орус жарандыгы жок экенин далилдеген Орусия элчилигинен жооп келгенин, соттор ага көңүл бурбай жатканын билдирүүдө.
Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жана экс-премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, аларды да камакта калтырды.
Камактагы экс-мэрдин бөгөт чарасы
25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырган. Адвокаттар экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган. 31-июлда Жогорку сотто саясатчынын бөгөт чарасы каралып, аны камакта калтырган райондук жана шаардык соттун чечимдери күчүндө калды.
Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев "соттор мыйзам бузуп жатат" деп, эми президентке кайрыла турганын билдирди:
- Тилекке каршы, Жогорку сот, буга чейинки райондук жана шаардык соттордун катасын оңдомок тургай, өзү мыйзам бузууга барды. Биздин жергиликтүү сотторго карата дооматтарыбызды четке какты. Мен буга чейин Жогорку соттун төрөйымына эки жолу кайрылдым, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Эми мамлекет башчысына кайрылууга туура келип жатат, анткени ал судьялар сот бийлиги катары кадыр-баркын жоготуп жатканын көрсүн.
Кулматовдун жарандык маселеси
Быйыл 18-майда Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган. Камакта отурган саясатчыга кийинчерээк экинчи кылмыш иши козголгон.
Экинчи иште Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кулматовду "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айып таккан. Буга экс-мэрдин тарапкерлери аны камакта калтыруунун аргасы катары баа беришкен болчу. Адвокат Слесаров жарандык боюнча факты мурда эле такталганын билдирип жатат:
- Орусиянын элчилиги мага "Кулматов Орусиянын жараны эмес" деп жооп берген. Такталбаган жана мыйзамсыз аракеттер Кулматовду камакта калтыруунун аракети экени көрүнүп эле жатпайбы.
Кыргызстанда жогорку кызматтагы аткаминерлердин кош жарандыгын текшерүү мүмкүн эмес. Аны атайын кызматтар гана кайсы бир саясатчы жөнүндө конкреттүү арыз түшкөн учурда карашат.
Аткаминерлердин абакта козголгон дарты
Аткаминерлердин абакта козголгон дарты
Бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызмат мыйзамынын 21-беренесинде кош жарандуулар жетекчилик кызматтарда иштей албай турганы көрсөтүлгөн. Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызмат өтөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Аттокуров буларды айтты:
- Мамлекеттик кызматта иштеш үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек. Бирок ошол эле убакта кош жарандуулар катардагы кызматта иштей берсе болот, бирок жетекчилик кызматка иштей алышпайт. Мыйзам тыюу салат.
Акыркы убакта айрым аткаминерлердин мындай кош жарандыгы коомчулукта кызуу талкууга айланды. Акыркы окуялардан кийин коомчулукта кош жарандыгын жашырган аткаминерлерди жазага тартуу демилгеси да көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мукар Чолпонбаев кош жарандуулардын жогорку кызматтарда отурушу улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт:
- Ишкерлер кош жарандуу болушун колдойм. Бирок ошолор бизнесин коргош үчүн саясатка келип жатпайбы. Ошол жагы жаман. Анткени мамлекеттик кызматка келген адам мамлекеттин купуя сырын алып жүрүүчү болуп саналат. Кийинки убакта "кош жарандыгы бар экен" деп сөз болуп, бирок "аныкталган жок" деп жатышпайбы, башка мамлекеттер биздей болуп кош жарандыкка уруксат беришпейт. Ал жактын жараны болуш үчүн мурунку жарандыктан чыгышы керек. Ошондой маселелерди караш керек.
55 жаштагы Кубанычбек Кулматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган алты жыл ичинде бир катар жогорку кызматтарды ээлеген. Алгач ал Мамлекеттик бажы кызматын, кийин Чүй облусун, Бишкек шаарын, Улуттук банкты, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун башкарган.
Исаков менен Артыкбаев да камакта болот
31-июлда түштөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун да бөгөт чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтырды.
Мурдагы өкмөт башчынын абактагы мөөнөтүн узартууну тергөө органдары өтүнгөн. Камакта дагы эки айга калган экс-премьердин адвокаты Нурбек Токтакунов беш күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыларын айтты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Буга чейин Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуу боюнча соттук коллегиясы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин өзгөрткөн.
Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейинки инстанциядагы соттор "Сапар Исаков 13-августка чейин тергөө абагында болушу зарыл" деген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы бул датаны 5-август деп аныктаган болчу.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.
Бул иштерге удаалаш эле 31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 13-октябрга чейин камакта калтырды. Анын жактоочуларынын Артыкбаевдин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчтөрүн сот канааттандырган жок. Артыкбаев да Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.